Дүйнөдө эркектердин 50 пайыздан ашыгы чачы түшүп, таз болууга кабылат экен. Ал эми аялдарда таз болуп жүргөнү көп байкалбайт. Аялдардын да чачы түшүп, таз болот, бирок өтө аз санда. Эмне үчүн?
Эстроген коргойт
Аялдардын чачын аялдарга тиешелүү эстроген гормону коргоп турат. Эстроген чачтын түбүн коргоп, күчтүү жана коюу кылып, анын өсүү фазасын узартууга көмөк көрсөтөт. Ал эми эркектерде тестостерон гормону жогору, бул гормон убакыттын өтүшү менен чачтын түптөрүн алсыздандырып, түшүүгө алып келет. Андан сырткары эркектердеги дигидротестостерон гормону да чачтын түптөрүн кысып, жабыркатат. Эркектердеги бул гормондор аялдарда деле бар, бирок аз санда. Кошумча аялдардагы ароматаз деп аталган фермент “эркек” гормондорду “аял” гормонго айлантып жиберүүчү жөндөмгө ээ.
Түшүү фазалары
Эркектердин чачы эки чыкыйдан жогору жана маңдай, төбө тарабынан түшүп, кашка баш же толугу менен таз болуп калат. Ал эми аялдарда түшүү тартиби башкача. Алгач чач жукарат, анан жач жасалгадагы бөлүнгөн жердин (пробор) айланасы түшө баштайт. Кийин төбө, уюл тараптагы чачтар түшөт. Ошондо да толугу менен жылтырап баары түшүп калбай, бирин-серин суюк чач калат.
Аялдардын чачы кайсы убакта түшөт?
Гормоналдык дисбаланс учурунда;
Менопауза учурунда. Бул мезгилде организмде эстроген гормонунун өлчөмү азайып кетет;
Калкан безинин ооруларында;
Айрым оору түрлөрүндө;
Дары-дармек көп колдонгондо;
Катуу стресске кабылганда;
Төрөттөн кийин;
Организмде витаминдер жетишсиздиги болгондо.