Жашылча-жемиштер арты-артынан бышып, арзан болуп турган маалда кышка туздап алууга ашыгабыз. Туздалган жашылчаны жактыргандарга же үй-бүлөсүн кышында да кубанткысы келген кожойкелерге туздоонун сырлары менен кошо төмөнкү рецепттерди сунуштайбыз.
КЫРТЫЛДАК БАДЫРАҢ
Керектелүүчү азыктар (3 литрлик банка үчүн):
Бадыраң – 2 килограмм
Сарымсак – 6-7 тишче
Жарым ачуу болгар калемпири – 1 даана
Таттуу болгар калемпири – 1 даана
Лавр жалбырагы – 4-5 даана
Тоголок кара мурч – 1 аш кашык
Укроп сабагы – 2-3 даана
Хрен тамыры – 5 грамм
Кумшекер – 1 аш кашык
Йоддолбогон туз – 2 аш кашык
Уксус (70%) – 1 аш кашык
Даярдоо ыкмасы:
1. Бадыраңдын эки башын кесип, муздак сууга чылайбыз. 2 сааттан 8 саатка чейин чыласа болот.
• Бул убакта бадыраңдагы кыйгыл даам кетип, жашылча сууга каныгып, чыңалат, кири чыгат да, атып кетпешине шарт түзөт.
2. Укроп, хрен, сарымсак, лавр жалбырагын жана болгар калемпирин жууп-тазалайбыз.
• Хрен тамыры же жалбырагы жашылчанын кыртылдак болушуна жана даамынын өзгөчө болушуна таасир этет. Ошондой эле курамында табигый антисептик болгондуктан туздалган жашылчаларга көк түшүрүүдөн, капкагынын көөп кетишинен сактайт.
3. Банканы жана капкагын стерилизациялайбыз. Бууланган банкага алгач татымал чөптөрдү – укроп, хрен, лавр жалбырагы жана кара мурчту салабыз. Үстүнө бадыраңдарды тигинен тизип жайгаштырабыз. Узатасынан 4-5ке бөлүнгөн болгар калемпирлерин аралата тизип кетүү керек.
4. Банкага кайнап жаткан сууну куюп, капкагын жаап, 25 мүнөт коёбуз. Андан соң сууну төгүп салып, башка шарактап кайнап жаткан сууну куюп, үстүнө кумшекер, туз, уксусту куюп, капкагын бекитебиз.
• Сөзсүз йоддолбогон туз колдонуңуз, йоддолгон туз бадыраңды жумшартып жиберет. Уксустун өлчөмүн да азайтып жиберүүгө болбойт, болбосо атып кетиши мүмкүн.
5. Банканы көмкөрүп, муздаганча үстүн жылуу жабабыз.
ТУЗДАЛГАН ЖАШЫЛЧА ТОПТОМУ
Керектелүүчү азыктар (3 литрлик банка үчүн):
Кызыл, сары помидор – 600 грамм
Бадыраң – 300 грамм
Түстүү капуста – 300 грамм
Түстүү болгар калемпири – 3 даана
Сарымсак – 1 баш
Укроп гүлү – 3-4 даана
Карагат жалбырагы – 5-6 даана
Кара тоголок мурч – 1 чай кашык
Кумшекер – 1 аш кашык
Йоддолбогон туз – 2 аш кашык
Уксус (70%) – 1 аш кашык
Даярдоо ыкмасы:
1. Жашылча, татымал чөптөрдү жакшылап таза жууйбуз. Бадыраңдын эки башын кесип, сууга 2 саат чылайбыз.
• Помидордун эттүү, кабыгы калың келген катуу мөмөлөрүн тандап алуу керек. Жуулган соң тиш чукугуч менен 3-4 жерине сайып коюу кажет. Мындай учурда помидор жарылып, кабыгы сыйрылып кетпейт, суусуна тегиз шире чыгат.
2. Түстүү капустаны тутамынан ажыратып, сарымсак, болгар калемпирин тазалайбыз, чоң кесимдерге бөлөбүз.
3. Бууланган банкага укроп, петрушка, кара тоголок мурчту салып, жашылчаларды аралаштыра салабыз.
• Банкаларды ысык сууга сода кошуп жууган жакшы. Таза суу менен чайкаган соң 10-15 мүнөт кактап бууда кармап стерилизациялайбыз.
4. Шарактап кайнап жаткан сууну үстүнө жаба куюп, 20 мүнөткө коёбуз. Суусун мискейге куюп, уксустан башка татымалдарды кошуп катуу кайнатабыз. Туз, кумшекерин татып, керектүү өлчөмдө дагы кошуп алсаңыз болот.
• Маринадды кайнатууда алюминий идишти колдонууга болбойт. Анткени туз жана жашылчалардан чыккан кычкыл зат алюминий идиште реакция жүргүзүп, сууну карартып жиберет, зыяндуу заттар бөлүнүп чыгып, жашылча туздоону эле эмес, ден соолукка да зыянын тийгизет.
• Сыр же нержавейка идиштерди колдонуу оң.
5. Кайнатма маринадды банкага куюп, уксусту кошуп, капкагын жылчыгы жок бекитебиз. Көмкөрүп, жылуу ороп, муздаганча тийбейбиз.
СОУСТАГЫ КАБАКЧА
Керектелүүчү азыктар (1 литрлик банка үчүн):
Кабакча – 500 грамм
Сабиз – 100 грамм
Сарымсак – 4-5 тишче
Томат пастасы – 2 аш кашык
Тоголок кара мурч – 1 чай кашык
Кумшекер – 1 аш кашык
Йоддолбогон туз – 1 аш кашык
Уксус (70%) – 1 чай кашык
Даярдоо ыкмасы:
1. Кабакчаны таза жууп, 1,5-2 сантиметрлик тегерекчелерге бөлөбүз.
• Кабакчанын жаңы бышканын тандап алабыз. Кыртылдак болушу үчүн муну да муздак сууга 1,5-2 саат чылап коюу керек.
2. Сарымсакты тазалап, майда туурайбыз. Ал эми сабизди сүргүчтөн өткөрөбүз.
3. Бууланган банкага тоголок мурчту салып, үстүнө кабакча, сабиз аралаштырып толтурабыз. Кайнап жаткан сууну жаба куюп, 20 мүнөт күтөбүз. Андан соң суусун сыр мискейге куюп алып, томат пастасын, туз, кумшекер кошуп, үстүнө бир стакан кайнаган суу кошуп кайнатабыз. 10-15 мүнөт кайнаган соң уксусту кошуп, банкадагы жашылчага куябыз. Капкагын жаап бекитип, көмөрөбүз. Жылуу ороп коёбуз.
Асел Ишенбай кызы