(Башы өткөн сандарда)
– Ошол замат мен аны кучактап алгам. Фрунзенин көчөлөрүндө адамдар бизди карап жылмайып өтүп жатышкан. Кимдир бирөө кол чаап койгон. Бир кемпир "бактылуу болгула, балдарым" деп батасын берген.
Илим акырын көз жашын сүрттү.
– Көрдүңбү, Тинатин? Ошол күнү менин үстүмдөгү кийимдердин бирөөсү дагы меники эмес болчу. Бирок жүрөгүм толугу менен Бүбүштүкү эле. Ошол жамгыр... Ошол “ооба” деген сөз... Мен үчүн дүйнөдөгү эң кымбат эскерүү бойдон калды.
Илим күлүп койду.
– Мен сага дагы бир жиндилигимди айтып берейинби? Тинатин жылмайып башын ийкеди.
– Айтыңызчы.
– Бүбүш биринчи жолу чоң сахнага чыга турган күн болчу. Опера театры элге жык толгон. Ал күнү бүт Фрунзе ошол спектакль жөнүндө сүйлөп жаткан. Мен болсо таң эрте ойгонуп кеткем. Бир көйгөй бар эле. Гүл сатып бергенге акчам жок. Ошол кезде студенттин стипендиясы эки күндө эле түгөнчү. Чөнтөгүмдү аңтардым. Эки тыйын. Ага бир роза дагы келбейт. “Бүбүш сахнага биринчи жолу чыгат. Мен болсо куру кол барамбы?” деп өзүмдү жеп жаттым. Ошентип борбордук аянт аркылуу өтүп бара жатсам түркүн түстөгү гүлдөр көзүмө урунду. Аппак розалар, кызыл жоогазындар, сирень... Баары шамалга акырын термелип турушат. Мен көпкө чейин карап турдум. Анан ичимден “кечирип койгула... Бул гүлдөр сүйүү үчүн керек...” деп шыбырап, эң кооз гүлдөрдөн кичинекей гүлдесте жасадым да, аны көтөрүп алып качып жөнөдүм. Артымдан “Эй, токто!” деген үн чыкты. Карасам... Милиционер! Менин колумда гүл. Артымда милиционер. Алдыда театр. Мен өмүрүмдө андай чуркаган эмесмин. Фрунзенин көчөлөрү менен демим кыстыгып чуркап бараттым. Жолдон өткөндөр күлүп жатышты. Бир абышка:
– Балам, сүйүүң күчтүү экен!- деп кыйкырып калды. Акыры театрга жеттим. Эшиктен киргенде коңгуроо жаңырып, спектакль башталганы калган экен. Залга акырын кирдим. Эң акыркы катардан орун таптым. Жүрөгүм болсо дагы эле катуу согуп жаткан. Көшөгө ачылды. Музыка жаңырды. Бир маалда... Бүбүш сахнага чыкты. Ак көйнөк. Аппак балет бут кийими. Узун моюну. Назик кыймылдары. Ал бийлеп баштаганда зал тынчып калды. Эч ким жөтөлгөн жок. Эч ким сүйлөгөн жок. Мен болсо... көзүмдөн жаш агып жатканын дагы байкабапмын. Жанымдагы бир аял акырын:
– Бул кыз сенин тууганыңбы?- деп сурады. Мен башымды чайкадым.
– Жок...
– Анда эмнеге ыйлап жатасың?
Мен акырын жооп бердим.
– Анткени... Жүрөгүм азыр сахнада бийлеп жатат.
Спектакль бүткөндө зал дүркүрөп кол чаап турду. Адамдар ордунан туруп узакка чейин кол чаап беришти. Мен болсо сахнанын артына чуркап өттүм. Колумдагы гүлдөрдүн жарымы чуркап жүрүп түшүп калган экен. Бүбүш мени көргөндө таң калды.
– Илим, сен келдиңби?
Мен гүлдү сунуп:
– Куттуктайм! Бул бүгүнкү эң сулуу бий үчүн,- дедим. Ал гүлдөрдү карап туруп күлдү. Күлкүсүнүн артында баарын түшүнгөн көз караш бар эле.
– Бул гүлдөрдү сатып алган жоксуң, ээ?
Мен унчукпай калдым. Ал акырын күлүп:
– Кайдан алдың?
– Гүлзардан...- дедим.
Ал каткырып күлүп жиберди.
– Демек... Борбордогу гүлзар бүгүн сенден жабыркадыбы? Мен уялганымдан башымды жерге салдым.
– Акчам жок эле.
Бүбүш гүлдөрдү көкүрөгүнө кысты. Көздөрүнө жаш толду.
– Билесиңби, Илим... Мага дүйнөдөгү эң кымбат гүлдөр ушулар болду. Анткени аларды бай адам эмес, мени чындап сүйгөн адам алып келиптир.
Илим акырын үнүн басаңдатты.
– Көп жылдан кийин байып кеттим. Миллиондогон гүл сатып алууга мүмкүнчүлүгүм болду. Бирок... Ошол күнү гүлзардан уурдап алып келген жөнөкөй гүлдөрдөй баалуусун эч качан тапкан жокмун. Анткени жаштыктын сүйүүсү дүкөндө сатылбайт экен.
Илимдин жүзүндөгү жылмаюу акырындык менен өчө баштады. Бир нече мүнөт мурун эле күлүп жаткан адамдын жүзүн кайра сагыныч уялады. Ал терең дем алды.
– Бирок ар бир сүйүүнүн өзүнүн бороону болот экен. Биздики да башталды. Бир күнү Бүбүш жолугушууга келген жок. Эртеси да жок. Үчүнчү күнү дагы жок... Мен театрга барам. Мектебинин алдына барам. Күтөм. Бирок ал көрүнбөйт. Акыры анын курбусу келип:
– Илим, сага бир нерсе айтышым керек,-деди. Ошол сүйлөмдү азыркыга чейин унутпайм. Ал минтти:
– Бүбүайымды атасы досунун уулуна бергени жатат...
Дүйнө бир заматта алай-дүлөй болуп кетти.
– Кимге?
– Гапарга. Байдын баласы. Үй-бүлөлөрү эбак эле сүйлөшүп коюшуптур.
Илим акырын көзүн жумду.
– Ошол күнү биринчи жолу... Жүрөк чынында ооруй турганын сездим. Көкүрөгүмдү бирөө мыкчып тургандай эле.
xxx
Түн болду. Жатаканага келдим. Бөлмөдөгү балдар уктап калышты. Мен болсо терезени карап таң атырдым. “Бүттү, баары бүттү...” деген ой мээмди жеп жатты. Эртеси сабакка бара алган жокмун. Тамакка да табитим болбоду. Китеп ачсам, андагы ар бир саптан Бүбүштүн жүзүн көрчүмүн. Анын элеси бассам-турсам көз алдымдан кетпей туруп алды. Фрунзенин көчөлөрү дагы башкача болуп калгандай сезилди, суз, капалуудай. Кечээ эле бизге кубаныч тартуулаган шаар, эми мага бош көрүнө баштады. Досторум мени сыртка чыгарышты, жолугуп сүйлөшүп отурдук.
– Илим, өзүңдү жоготпо,- деди бири.
Бири тамашалады, дагы бири өткөн окуяларды эстетип көңүлүмдү көтөрүүгө аракет кылды. Күндөр өтүп жатты.
xxx
Бир күнү адаттагыдай достор жолукканда бири үстөлгө бөтөлкө коюп калды.
– Бир аз ичсең, балким, жеңилдеп каласың,- деди. Мен бөтөлкөнү көпкө чейин карап отурдум. Колума алдым. Ошол учурда ичимде эки үн күрөшүп жатты. “Ич, баары бүттү” деди бири. Экинчи үн болсо акырын шыбырады “Бүбүш сени мындай абалда көргүсү келбейт”.
Илим акырын жылмайып койду.
– Ошол күнү... Мен биринчи жолу турмуштун азабын таткам. Чынын айтсам, өзүмдү колго албасам, аракка берилип кетмекмин. Жашоо бүтүп калгандай сезилген. Он сегиз жаштагы жигит үчүн биринчи сүйүү... Акыркы сүйүүдөн да оор көрүнөт экен.
xxx
Гапар... Ал жаман бала эмес болчу. Бай үй-бүлөнүн уулу. Кымбат кийимдерди кийчү. Жаңы, кымбат машинелерди айдачу. Ата-энеси таасирдүү адамдар эле. А менчи? Айылдан келген студент. Жатаканада жашайм. Чөнтөгүмдө эки тыйын. Ошондо биринчи жолу өзүмдөн сурагам:
– Сүйүү үчүн бай болуш керекпи? Же таза жүрөк жетиштүүбү? Убакыт өтүп жатты. А менден уйку качты. Көзүмдүн алды көгөрүп кетти. Күзгүдөн карап, өзүмдү тааныбай калдым. Ошол күндөрү жашоо бүтүп калгандай сезилген, мен үчүн баары туңгуюк эле. Эч нерсени каалабай, түбү жок ойлордун туткунунан бошоно албай далай күндөр өтүп жатты. Эртеңки жашоонун мага кызыгы жоктой эле кайдыгер болуп калдым. Бирок ушул жашка келип түшүндүм, адам эң караңгы түн ушул, жашоонун кызыгы бүттү деп ойлогон учурда тагдыр ага жаңы, керемет таңды даярдап жаткан болот экен. Ал кезде мен муну билген эмесмин. Алдыда мени өмүрүмдөгү эң оор күрөш күтүп турганын дагы билген эмесмин.
Илим терең үшкүрдү. Көздөрү алыстарга, Фрунзенин жазгы көчөлөрүнө кетти. Үнү акырын титиреди.
– Бирок убакыт дарылайт деген чын окшойт. Бир күнү күзгүнүн алдына туруп өзүмдү көпкө тиктедим. “Эгер бүгүн унчукпай калсам, анда өмүр бою өкүнөм”. Ошол күнү чымырканып өзүмдү колго алдым. Жатаканадагы эски ак көйнөгүмдү үтүктөдүм. Бир досумдун күрмөсүн кийдим. Бут кийимимди жаркыратып тазаладым. Жүрөгүм болсо көкүрөгүмдү жарып чыкчудай дүкүлдөп согуп жатты. Ошентип Бүбүштүн үйүнө жөнөдүм. Дарбазанын алдында көпкө чейин тура бердим. Колум эшиктин коңгуроосуна барбай жатты. Эгер кууп чыксачы? Эгер шылдың кылышсачы? Замир дагы бир жолу урса кандай абалда калам? Бирок ошол замат кайра кубаттандым. Ичимден “сүйгөн адам коркпош керек” дедим да, коңгуроону бастым...
(Уландысы кийинки санда)