Биз социалдык тармакта

ФИЛЬТРУМ – ТАНОО МЕНЕН ҮСТҮНКҮ ЭРИНДИН ОРТОСУНДАГЫ ОЮКЧА 

Мурундун 2 таноосунун ортосунан ылдый түшүп, үстүнкү эринге чейин жеткен оюкча (тери бүктөмү) бар. Бул медицинада “фильтрум” деп аталарын билет белеңиз? Муну кытайлык кыргыздаар “уруй” деп айтышат. Мына ушул фильтрум эмне үчүн керек деп ойлонуп көрдүңүз беле? Муну окумуштуулар мындайча түшүндүрүшөт.

Фильтрум – адамдарда жана сүт эмүүчү жаныбарларда кездешет. Дал ошол жерде кош бойлуулуктун 2-3-аптасында түйүлдүктүн өсүп жаткан бет бөлүктөрү биригип, бүтүн бет пайда болот. Аталган процесс бузулганда нышандык келип чыгат. Хирург, пластикалык хирург, косметологдорго кайсы бир максат үчүн операция жасоодо беттин тең ортосун аныктоо үчүн керек. Беттен жаракат алганда да ассиметрия жокпу деп фильтрумга карап салыштырышат. УЗИде түйүлдүктүн бет түзүлүшүндө кемчилик бар же жогун да ушундан аныкташат.

Мындан тышкары айрым изилдөөчүлөр теринин ал бүктөмү сүйлөгөндө, күлгөндө ооздун кыймылдуу болушуна жардам берет дешет.

Сүт эмүүчү жаныбарлардын көбүндө, мисалы, итте оозунан чыккан буу, илеп фильтрум аркылуу мурунга барып, анын учун нымдап турат. Нымдуу мурун итке жыттын кайдан чыгып жатканын жакшы аныктоо үчүн зарыл.

Балдардын тубаса феталдык алкоголдук синдром оорусу бар. Кош бойлуу эне алкоголдук ичимдикти көп ичкенде түйүлдүк бардык тараптан өспөй калат. Мындай диагноз  менен туулган ымыркайларда фильтрум жок, орду жалпак, жылмакай болот. Эгер ушул белги менен туулса педиатр, невролог аталган оору жокпу деп текшеришет. Ген кууган Прадера-Вилли синдромунда да баланын баш мээси өспөгөн абалда туулат. Бул диагноз менен жарыкка келген балдарда да фильтрумдун орду жылмакай же өтө начар билинген абалда болот. Бул да аталган синдромго шек туудуруп, текшерүүнү талап кылат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1235, 21-27-август, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан