Белгилүү актёр Талыпжан Боронбаев учурда Ысык-Көл драма театрында иштеп, искусство ааламынын ысык-суук коштогон жолун талыкпай басып келүүдө. Бир театрдан жылбай иштеп жатканына быйыл 33 жыл болуптур. Ар бир ролу — анын чыгармачылыктагы жолунун маанилүү бир үзүмүнө айланат. Маекте актёрдун сахна артындагы жашоосу, жеңиштери, үй-бүлөсү жана өнөргө болгон бийик сүйүүсү тууралуу кеп козгодук.
– Саламатсызбы, агай, айтсаңыз, актёрдук кесипти тандаганыңызга балалыктагы эңсөө, кыял түрткү болдубу же башка жагдайларбы?
– Саламатчылык, балалык кезим Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Кашкалак айылында өткөн. Билбейм, көптөр “мектепте ар кандай ийримдерге катышып жүрүп актёрлукка кызыккам” дешет. Менде андай болгон эмес, жаш кезимде мен милиция кызматкери болгум келчү. Мектепти бүтүп, аскерге кеттим. Келгенден кийин Ош улуттук драма театрынын сахна жасалгалоо бөлүмүндө иштеп калдым. “Массовкага” да катышып жүрдүм. Ал кезде Ош улуттук театрында театрдын, кинонун жылдыздары иштечү. Ошол кишилердин сахнада ойногондорун, кантип образ жараткандарын көрүп менин театрга кызыгуум башталды. Иштеп жүрүп, Москвага Щепкин атындагы окуу жайга кабыл алуу болот деген жарыяны угуп калдым. Театрдын артисттери “сенин өң-келбетиң бар, боюң да узун, даярдайбыз” деп мени окууга даярдай башташты. Монолог, этюддарды даярдаганга жардам беришти. Кудайдын көзү түз экен, жакшы даярдыктын натыйжасында Москва шаарында окууга өтүп кеттим. Ал жактан окуу жайды бүтүп келгенден кийин Каракол шаарындагы Касымалы Жантөшев атындагы театрда иштеп калдым. 1993-жылдан бери ошол театрда эмгектенип келем.
– Сизди актёр катары калыптандырган, такшалткан устат ким болду? Же андай адам болгон жокпу?
– Албетте, устаттарым деп Москва шаарында окуткан агай-эжейлеримди айтам. Андан тышкары таланттуу режиссёр Искендер Рыскулов устатым болду. Негизи көп кишилер мага искусство, театр, эл үчүн кызмат кылганды үйрөтүштү. Мен СССРдин Эл артисти Муратбек Рыскуловдун сахнада кантип образ жаратканын көп жолу көрүп калдым. Дал ошол кишидей элдин сүймөнчүгү болгум келген.
– Көп жылдык чыгармачылык жолуңузда сизди өзгөчө таасирленткен кандайдыр бир роль болдубу?
– Менин актёрлук чеберчилигимди өнүктүрүүгө салым кошкон театрыбыздын режиссёрлоруна рахмат айтам. Анткени алтынды тээ терең жер астынан казып чыккандай, режиссёрлор да актёрдун талантын ачууга жардам беришет. 2023-жылы биздин театрда жаш, таланттуу режиссёр Уланмырза Карыпбаев иштеп калды. Ал эки чоң спектаклди койду. Бири Султан Раевдин “Күн кармаган бала”, экинчиси Чыңгыз Айтматовдун “Ак кемеси”. Экөөндө тең башкы каармандарды ойнодум. Ушул эки каарманды ойноо – менин театр сахнасындагы бакытым десем болот. Менин актёрлук дараметимди ачкан ушул Уланмырза деген жигит болду. Мени өзгөрткөн ролдорум ушул спектаклдеги эки каарман: Басыт Атакулович жана Момун чал болду.
– Сиз ойногон каармандардын кимиси кадимки сизге көбүрөөк окшош?
– Мен ойногон каармандар ар түрдүү, ошентсе да мага окшошу жок деп ойлойм. Бирок бардык жараткан образдарымды ички дүйнөм менен, түнү-күнү уктабай даярданып чыгаргандан кийин жүрөгүмө жакын деп ойлойм. Бирок жашоодо каармандарымдан башкача адаммын.
– Кайсы ролуңуз сизден көп мээнетти талап кылып, психикалык жактан оор болду деп айтат элеңиз?
– Менден көп нерсени талап кылган, психикалык жактан оор болгон ролдорум: “Манастын уулу Семетейдеги” Сарытаздын ролу, “Ак кемедеги” Момун чал, “Күн кармаган баладагы” Басыттын ролу болду. Бул каармандардын образдарын жаратуу мен үчүн ийне менен кудук казгандай болду деп айтсам жарашат.
– Сизди чыйралткан, күчтүү кылган чыгармачылык сыноо же сокку болду беле?
– Ооба, болгон. Ал окуя чын эле мени кайра чыйралтып, күчтүү, кайраттуу кылды. Ошол соккудан кийин кайра сахнага болгон кызыгуум күчөдү. Сокку дегеним – бир жыл бою сахна бетин көргөн жокмун, образ жараткан жокмун. Ошондо мага бут тоскон кишилерге чоң рахматымды айтам. Алар өздөрү да билбей менин сахнага болгон көз карашымды өзгөртүштү. Бул арада экинчи кызыгуум пайда болду, ал – мугалимдик, жаш таланттарга таалим-тарбия берүү болду. Ошол жылдан бери жаш таланттарды тарбиялап, ушул күнгө чейин эмгектенип келе жатам. Устат катары үйрөтүп да, үйрөнүп да келе жатам.
– Актёр үчүн эң оор нерсе – сахнадан кетүүбү же иштеп туруп суроо-талапка ээ болбой калуубу?
– Актёр үчүн эң оор нерсе – роль жаратпай калуу.
– Актёр жумушуна байланыштуу көп учурда башкалардын тагдырын жашайт эмеспи. Миң түркүн образ, эмоциялар... Өз жашоосунда мунун таасири тиеби?
– Кесибин чындап сүйгөн актёр өзүнүн тагдырын көп ойлобой калат, сиз байкагандай, аны ойлонууга убактысы болбой калат. Жалаң “жакшы роль чыгарсам” дегендин үстүндө жашап калат. Өзүнүн жеке жашоосун унутуп да калышы мүмкүн. Жогоруда айтып кеткенимдей, бир жыл сахнага чыгып роль ойнобой калуу мен үчүн жашоодо эң чоң сабак болгон. Ошондо менин тагдырым сахнага биротоло байланып калганын сезгем.
– Азыркы жаш актёрлорго, алардын дараметине көз салып турсаңыз керек, сизди тынчсыздандырган нерсе эмне?
– Жаш актёрлор жаатында мени тынчсыздандырган бир эле нерсе бар: алар бир ролду абдан жакшы деңгээлде ойноп койсом жетет деп ойлошот. Сынчылар жана башкалар мактап коюшса, өздөрүн көтөрүп жылдыз болуп кетишет. Жылдыз бир “жарк” дейт да кайра өчөт, ошол сыңары “жарк” деп кайра өчүп калышпаса экен деп турам. Актёр абдан таланттуу болбосо да адамгерчиликтүү, кичи пейил, жөнөкөй болгону жакшы.
– Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз, канча балаңыз бар?
– Эки эркек, эки кызым бар. Кудайга шүгүр, беш неберелүү болдук. Келинчегим Света Абдыкадырова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти. Биздин драма театрдын көркөм жетекчиси. Эркек балдарымдан биздин кесипти аркалаганы жок, ал эми улуу кызым Арсен Өмүралиев атындагы жаштар театрында актриса болуп иштейт. Кичүү кызым апасынын экинчи кесибин аркалап, бий тармагында окуучуларды тарбиялап келет.
– Маектешүүгө убакыт бөлгөнүңүз үчүн рахмат. Сизден дагы да мыкты ролдорду күтөбүз!
Нуржамал Жийдебаева