Баланын боюнун өспөй калышы өнөкөт оорулардан жана гормоналдык бузулуулардан, начар тамактануудан улам организмде витамин, микроэлементтердин жетишсиздигинен келип чыгат. Аталган себептерден улам баланын ички органдары, мээси да калыптагыдай жетилбей калышы мүмкүн. Жыйынтыгы: бала боюнун кыскалыгынан тартынып, уялат. Андыктан ата-энелер балдарынын саламаттыгына туура кам көрүшү зарыл.
Баланын бою канча өсүшү керек?
Балдардын боюнун өсүшү боюнча шкала бар. Ал боюнча жаңы туулган ымыркайдын бою 49-51 сантиметр аралыгында болот. 1 жашында бою 74-77 сантиметрди түзөт. Башкача айтканда, 25 сантиметрдей өсөт. Андан ары 2 жашында 8-12, 3 жашында 7-8 жана андан кийинки жылдары жыл сайын 4-6 сантиметрге өсүп туруусу талапка ылайык. Боюнун өсүүсүн жыл сайын бир убакытта ченеп, жазып туруу керек. Эгер бала 4 жашка көрсөтүлгөн өлчөмгө 4 сантиметр жетпей жаткан болсо, анда педиатр, эндокринолог адисине кайрылышыңыз зарыл. Бойдун өсүшү 17-25 жашта токтойт. Айта кетчү нерсе, бала ата-энесин тартып узун, орточо же кыска болушу ыктымал. Бул – тукум куучулук фактор.
Баланын бою канча болорун алдын ала билсе болобу?
Ата-энесинин боюна карап баланын боюнун узундугу канча болорун эсептеп чыгаруу ыкмасы бар. Ата-энесинин бойлорунун санын кошуп, чыккан сумманы кайра экиге бөлүп, андан 6,5 сантиметрди кошуп жана кемитүү керек. Кыздардан 6,5 сантиметр кемитилет, балдарга 6,5 сантиметр кошулат.
Кыздар: Атасынын бою 175, апасыныкы 160 сантиметр. 175+160=335. 335:2=167.
167-6,5=161. Кыздын бою 161 сантиметр болушу мүмкүн.
Балдар: Атасынын бою 175, апасыныкы 160 сантиметр. 175+160=335. 335:2=167. 167+6,5=173,5. Баланын бою 173 сантиметр болушу мүмкүн.
Врачка качан кайрылуу зарыл?
• Балага кийимди чанда алып берүү. Анткени 2-3 жылда анын бою өскөн эмес же аз өскөн, ошого кийимдери дагы деле чак келет же бир аз гана кыска келип калган болот.
• Бою теңтуштарынан кичине болуп, бала бакчада, мектептеги кезинде 1 жылда бою 4-6 сантиметрден кем өсүп жатса.
• Өспүрүм кезде жыныстык жактан теңтуштарына караганда кеч жетилип жатканы байкалса.
Бойдун өсүшүн токтотчу факторлор
• Тубаса патология. Бала курсакта кезинде эндокриндик жабыркоодон улам боюнун өсүүсү патологияга учурайт.
• Тукум куучулук, гендик мутация.
• Социалдык фактор. Баланын жашоо шарты, тамактануусу начар болсо бойдун өсүшүнө таасир этүүчү витамин, микроэлементтер жетпей калат. Мисалы, белокту жетишерлик өлчөмдө кабыл албаган баланын боюнун өсүүсү жайлайт. Балдар “А” витамини бар тамактарды көп жегени жакшы. Бул витамин боордо, сүттө, жумуртканын сарысында, ошондой эле сабиз, кызылча, ашкабак жана башкаларда болот.
• Стресс, депрессия. Организмди борбордук нерв системи башкаргандыктан өсүп-өнүгүү стадияларында, өзгөчө 2-3, 6-7, 12-14 жашында баланын психикалык абалын көзөмөлдөө туура. Айрыкча кыздарда 11-12 жаш, балдарда 13-14 жаш курагында гормондордун таасири астында акырындык менен жыныстык жактан өөрчүүнүн белгилери пайда боло баштайт. Кыздарда сүт бездери өөрчүп (эмчек), балдарда денесине түктөр чыгып, үнү жооноюп дегендей. Мындай жетилүү убагында сөзсүз нерв системинде өзгөрүүлөр (стресс, депрессия, эмоцияга алдыруу) байкалат. Үйүндө уруш-талаш көп, анан дагы ур-токмокко кабылган балдарда да боюнун өсүшүндө мандем байкалат.
• Газдалган суусундуктар. Таттуу, газдалган суусундуктар организмдеги кальцийди жууп кетип, сөөктү борпоң кылат. Бул бойдун өсүүсүнө зыянын тийгизет.
• Жаш курагына туура келбеген жумуштар. Баланын организмине күч келтирип, ашыкча кара жумуш жасатуу бойдун өсүүсүн кечеңдетет. Себеби омурткаларга доо кетет. Баланын организмине күч келтирген спорттук машыгуулар дагы анын боюнун өсүүсүнө зыянын тийгизет. Андыктан бойдун өсүү мезгилинде сууда сүзүү, волейбол, баскетбол, секирүү сыяктуу спорттун жеңил түрлөрү менен алектентүү туура.
• Оорулар. Гипотиреоз. Калкан сымал без тироксин жана трийодтиронин гормондорун бөлүп чыгарат. Булар сөөктүн жана мээнин өсүшүн, зат алмашууну башкарат. Эгер без гипотиреоз дартына чалдыкса, баланын боюнун өсүшү артта калып баштайт.
• Мээдеги гипофиз безинин начар иштеши. Бул без бойдун өсүүсүнө жооп берүүчү соматотропин гормонун иштеп чыгарып турат. Гормондун көп бөлүгү уктап жаткан убакытта иштелип чыгат. Эгер баланын уйкусу толук канбаса, анда аталган гормон аз иштелип чыгат да, боюнун өсүүсү жайлайт. Андыктан 1 жаштагы бала 15 саат, 10 жаштагы балдар 10 саат, 11-15 жаштагы балдар 9-11, 16-25 жаштагылар 7-9 саат тынч укташы керек.
• Анемия. Кандын курамындагы темирдин жетишсиздиги, гемоглобиндин аздыгы да организмдин, анын ичинде бойдун өсүшүнө терс таасир тийгизет.
•Ичеги оорулары. Тамактагы керектүү азык-заттар ичегиге жакшы сиңбей, бойдун өсүшү жайлайт.
• Башка оорулар. Целиакия (ун азыктарындагы глютен сиңбеген оору), нерв системинин айрым оорулары, баштан алган жаракаттар, дисплазия да бойдун өсүшүнө канчалык бир даражада тоскоолдук кылат.
Кантип өстүрүүгө болот?
Баланын боюнун эмне себептен өспөй жатышын аныктап, дарылоодо бою, салмагы текшерилет. Анализдери, анын ичинде гормоналдык анализдер тапшыртылат. Ички органдары, калкан сымал бези УЗИден өткөрүлөт. Башы компьютердик томографиядан текшерилиши мүмкүн. Педиатрдан тышкары, ооруларына жараша невролог, генетик жана башкалардын да жардамы керек болот. Мисалы, айрым бою өспөй калган балдардын акыл-эсинин өсүшү да артта калган болот. Бул жатта невролог текшерет жана дарылайт. Кайсы бир комплекстерден арылтууда психолог иштейт. Боюнун өспөй калышы эндокриндик маселеден улам чыкса, анда анын жүрөк, бөйрөк, боорунун да иштөөсү начарлаган. Демек, эндокринолог дарылашы керек.
Дарылоо
Комплекстүү дарылоодо витаминдер, микроэлементтер, анемия бар болсо андан арылтуучу каражаттар сунушталат. Хирургиялык жол. Бул жаатта ортопеддерге кайрылып, кеңеш алып, анан изилдөөлөрдүн жыйынтыгына карап чечим кабыл алуу шарт.
Канымжан Усупбекова