Адамзатты, дегеле планетаны коркунучта кармаган эң күчтүү курал бул – бомба. Ядролук куралдарга ээ өлкөлөрдүн саны 2004-жылы 8ге жеткен. Мына ушул 8 өлкөдөгү бомбалардын 5 пайызы менен эле планетаны жок кылып жиберүүгө болот. Ушундай күчкө ээ бомба кандайча пайда болгон? Келгиле, тарыхка сереп салалы.
БОМБАНЫН ТӨРӨЛҮШҮ
Экинчи дүйнөлүк согуш кезиндеги химия жана физика жаатындагы ачылыштар атом бомбасын жашыруун түзө баштоого алып келген. АКШ бул маселе менен 1941-жылы алпурушууга өтөт. Атайын долбоор түзүлүп, ал “Манхэттен долбоору” деп аталат. Администрациялык жетекчилик генерал Лесли Ричард Гровско, ал эми илимий жактан жетектөө Калифорния университетинин профессору Роберт Оппенгеймерге тиет.
1942-жылы Лос-Аламосто дүйнөдөгү эң ири изилдөө лабораториясы негизделет. Долбоордун башкы максаты – атом бомбасын жасоого боло турган материалды алуу жана бир нече бомбаны жасоо эле. Бомбанын заряды болуп уран-325тен тышкары плутоний-239 да кызмат кыла алмак. Башкача айтканда, бомба урандан же плутонийден болмок. Андыктан Гровс менен Оппенгеймер бир эле маалда 2 багытта иш алпарууну чечишет. Алгач башкы маселе уранды өндүрүү болчу. Бирок согушка чейин бул металл колдонулбагандыктан, аны өндүрүү ыкмалары жок болуп чыгат. Бул ишти “Вестингауз” компаниясы мойнуна алып, бат эле ийгиликке жетишет. Уран чайырын (жаратылышта кездешет) тазалаган соң аны кычкылдандырып, анан тетрафторидге (жашыл кристаллга) айландырышат. Андан соң электролиз жолу менен уран металлына ээ болушат. 1941-жылы окумуштуулардын колунда бир нече гана грамм уран металлы болсо, 1942-жылы ай сайын заводдо 6000 фунт (2722 килограмм) уран өндүрүлө баштайт. Бул менен катар эле ядролук реакторду түзүү иши жүрүп жаткан.
Ошентип, изденүү, эксперименттер коштолгон иш алга жүрүп отуруп, 1943-жылы Теннеси дарыясынын боюнда уран байытуучу завод курулат. Ушул эле жылы плутонийди өндүрүүчү реактор ишке кирет.
2 миллиард доллар каражат короткон АКШ акыры 1944-жылы уран байытуучу жана плутоний өндүрүүчү уникалдуу технологияга ээ болот. Бул учурда Лос-Аламос лабораториясында бомбаны түзүүнүн үстүндө иштеп жатышкан. Тарыхта “Тринита” атка конгон биринчи атом бомбасы 1945-жылы жайында жасалат. Ушул эле жылдын 16-июнунда Аламогордо чөлүндөгү курал сыноочу жайда аны жардырып сынашат. Жардыруудан улам бир жарым чакырым айланадагы жер өрттөнүп, эч бир жандуу калбай калган.
ЯПОНИЯГА СЮРПРИЗ
Эмки кадам бомбаны Японияга каршы колдонуу болуп калат. Фашисттик Германия капитуляция болгондон соң АКШ жана союздаштары менен согушту уланткан бир гана Япония эле. Бомбаны алып жүрүүчү ракеталар ал кезде жок болгондуктан, бомбалоону учак аркылуу жүргүзүү чечилет.
Япония үчүн 2 бомба даярдалат. “Балакай” аттуу 1-бомбанын узундугу 3 метр, диаметри 62 сантиметр, салмагы 4 тонна 100 килограмм болгон. Бомба байытылган 235-ураны менен заряддалган эле.
“Семиз” аттуу 2-бомба плутоний-239 менен заряддалып, жумуртка сындуу формада болгон. Узундугу 3 метр 20 сантиметрди, диаметри 1 метр 50 сантиметрди, салмагы 4 тонна 500 килограммды түзгөн. 1945-жылы 6-августта бомбалоочу учак “Балакайды” Япониянын эң ири шаары Хиросимага таштайт. Бомба парашют менен ылдый түшүрүлүп, жер бетинен 580 метр бийиктикте жардырылат. Ысыктын күчүнөн канча бир аралыкка чейинки үйдүн чатырындагы черепицалар эрип, адамдар тирүүлөй күйөт. Учуп бараткан канаттуулар көз ирмемде шишкебекке айланат. Жардыруудан улам келип чыккан жер титирөөдөн 19 чакырым алыстыкка чейинки үйлөрдүн айнектери сынат. Шаардагы 76 миң имараттын 55 миңи кыйрап, өрттөнөт. Бир нече мүнөттөн соң өтө катуу шамал болуп, шаар үстүнөн радиоактивдүү кара жамгыр жаай баштайт. Шамалдан дарактар тамыры менен жулунат...
Болжол менен бомба 90 миңден 160 миңге чейинки адам өмүрүн жалмайт. Жардыруудан 3-4 апта өткөн кезде нурдануунун залалынан өлгөн адамдар боо түшүп калган.
1945-жылдын 9-августунда “Семиз” бомбасы Нагасаки шаарына ташталат. Жардыруунун залдары жогорудагыдай эле болуп, 60-80 миң адам мерт болгон.
Ошентип, шокко түшкөн Япония 1945-жылы 15-августта өзүнүн капитуляция болгонун жарыялайт.
Бомба ташталгандан 5 жыл аралыгында Японияда нурдануудан улам рактан жана башка оорулардан өлгөн адамдардын саны 200 000ден ашты деген маалымат бар.
АКШ Японияны чөгөлөтөт, бирок бомбаны ойлоп тапкан жагынан адамзаттын жек көрүмчүсү болуп калат.
Атом жана башка бомба түрлөрүн жасоо вирусу акырындап көптөгөн өлкөлөргө жугат.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg