Бүгүнкү конокторубуз "Баластан" берүүсүнүн алып баруучусу, "Сүйүү керемети", "Мекен", "Кредитке келин" тасмаларына тартылган актёр Ырысбай Жумаев менен келинчеги Майрамбек кызы Мээрим болду. Экөө 2 жаш 8 айлык ширин Бекботонун ата-энеси. Түгөйлөр жашоолору тууралуу кызыктуу кеп салып беришти.
– Саламатсыңарбы? Ырысбай, алгач келинчегиң Мээрим менен жакындан таанышып алсак.
– Мээримдин кесиби – режиссёр. Окуп жүргөндө эле эле өз кесиби жаатында иштеп баштаган. Көп тасмаларда тартуучу топтун администратору, гримёр, картина директору, 2-режиссёр катары иштеген. 8 жылдык эмгек стажы бар. Таластын кызы.
– Ырысбай, ортодогу сүйүү баяны башталган учурга бир кайрылсак?
– 2021-жыл болчу. Мен “Кредитке келин” тасмасына тартылганы баргам. Мээрим съёмканын администратору экен. Ошондо тааныштык. Иш үстүндө болгондуктан сүйлөшкөнгө убакыт болгон жок. 3 күндөн кийин кайра тасма талаасынан жолуктук. Дагы 3 күндөн кийин мени ошол тасмага, бирок бул жолкусунда хореограф катары чакырып калышты. Бизге жакыныраак таанышканга бир аз убакыт болду. Бир көргөндө эле аны жактырып калгам да, ошого жанына барып сүрөткө түштүм. Ичимден “ушул кызды түбөлүк жар кылам” деп ойлоп койдум. Анан телефон аркылуу жазышып, сүйлөшүп баштадык.
Мээрим: – Таанышканыбыздан 1 айдан кийин “жолугалы” деп биринчи ирет жазган.
– Ырысбай, жүрөгүңдү келинчегиң кандай мүнөзү, сапаттары менен багынтып алган?
– Мээримди алгач жолу көргөндө эле тың экенин байкагам. Съёмка учурундагы көйгөйлөрдү бат чечип, өз сунуштарын айтып жаткан. Акылдуу, зээндүү, сулуу экен деп баалап койгом. Ошондо эле тамашалап “брондоп коёюнбу?” дегем. Ал “кандайча брондоп?” деди эле, мен “кыз-жигит болбойлубу?” деп салдым. Мээрим болсо “анда биротоло үйлөнүп албайлыбы?!” дебеспи.
Мээрим: – Ырысбайдын сөзүнө таң калып “кыз-жигит бололу деп мынча эрте айтасың, анчалык болду үйлөнүп албайлыбы?” дегем. Антсем “макул” деп коёт. Менин тамаша кылып айтканым ага жага бербей калыптыр.
– Мээрим, Ырысбай сени кантип сүйдүрүп алды?
– Биринчи ирет көргөндө таланттуу, энергиясы күчтүү экен деп калгам. Анткени роль аткарып, бийлеп да жатты. Эркин жүргөн, ачык-айрым, кругозору кең шаардык бала экендиги да байкалды. Бара-бара жакындан тааный баштаганда ак көңүл, калп айтпаган, иштерман экенин билип жактырдым.
– Таанышкандан кийин мамилеңер кандай уланды?
Ырысбай: – Жарым жылдай убакытта барып бири-бирибизге көндүк окшойт.
Мээрим: – Бизди тааныштар ошол кезде “инь-янь” деп айтышчу. Анткени Ырысбай шаардык, мен айылдык. Жашоого көз караштарыбыз эки бөлөк. Көз караштарыбызды ортодон бириктиргиче түшүнбөстүктөр болду. Бириктиргенден кийин азыр тамак, кийим тандоо жаатына чейин табитибиз окшош болуп калды.
– Ырысбай, жубайыңдын колун кантип сурадың?
– Мээримге сюрприз кылайын деп эч нерсе айткан жокмун. Болгону сейилдөөгө чакырып, "жакшы кийим кийип кел" дедим. Колун суроо процессин тартканда видеого жакшы чыкса дегем.
Мээрим: – Жолугушууга жакшы кийинип кел десе, "мен эмне, буга чейин жаман кийинип жүрүпмүнбү, бул эмне менден уялабы?" деп таң калып, башкача түшүнгөм. Сейил бакка эч нерсе билбей эле баргам. Бул баарын уюштуруп коюптур. Колумду сураарда "Мээримай" деп ырдап чыгып, 101 розасын берип, шакегин сунду. Мен абдан толкунданып кеттим. Шакекти алып туруп, колума дароо салып алып жатпаймынбы.
Ырысбай: – Элдин алдында ошондо биринчи ирет ырдадым. “Бегимай” деген ырды “Мээримай” деп өзгөртүп ырдагам.
– Кыз-жигит кездеги кызыктуу окуяларды эстебейлиби?
Мээрим: – Экөөбүздүн жолугушуп баштаганыбызга 2-3 айдай болуп калган. Ырысбай оюн, пикирин айткандан, өз жүрүм-турумунан уялбайт. Мен болсо андай нерселерге көнгөн эмесмин. Бир жолу светофордон өтүп баратканбыз экөөбүз. Эл толтура. Бир кезде Ырысбай мени карап туруп бийлеп кирсе болобу? Мен аябай уялгам. Муну тааныбайм дегендей түр көрсөтүп нары басып кетип, кызыктай болгом.
– Бири-бириңерге өзгөчө эмне белек бергенсиңер?
Ырысбай: – Эстей албай жатам. Гүлдөр, тиги-бу...
Мээрим: – Айфондун акыркы үлгүсүндөгүлөрдөн 2 жолу тартуу кылган. Алматы, Ташкентке алып барып саякаттатып келген. Балабыз туулганда мага белек болсун деп Түркияга алып барды. Ушулардын баары мен үчүн өзгөчө белектер. Анткени ага чейин андай белектерди мага эч ким берген эмес болчу.
– Баш кошкондон кийин бири-бириңер билбеген эмне адат, мүнөзүңөр ачыкка чыккан?
Ырысбай: – Биз 1 жыл сүйлөштүк. Ошого үйлөнгөнгө чейин эле бири-бирибизди билип калганбыз.
Мээрим: –Ырысбай сыртынан шайыр көрүнөт, ошого тааныштар "кокус экөөңөр ажырашып кетсеңер, сен күнөөлүү болосуң" дешет мага. Бирок ошол эле учурда Ырысбайдын ачуусун көп учурда мен басып турам. Ачуусу бат келет. Көп нерсеге “капризный”. Жакшы жагы – тамак тандабайт. Үй-бүлөгө карамдуу.
– Ырысбай, сага Мээримдин кандай адат, сапаттары жакпайт?
– Баары эле жагат. Эми кээде бир нерсени кайра-кайра кайталап көпкө айта берет. Ушунусу жага бербейт.
– Мээрим, сени Ырысбайдын кандай сөзү, кылык-жоругу жиндентет?
– Мен буга бир нерсени 2 жолу айтсам да кылбайт, анан 3-жолкусунда гана кыймылдап баштайт. Ошону үчүн көбүрөөк кайталап калам. А эгерде бир айтканымда эле кылса, көп сүйлөбөйт болчумун да (каткырып). Азыр көз караштарыбыз өзгөрдү, ата-эне болдук. Ошого бири-бирибизге талаптарыбыз көбүрөөк. Мен бир идеяны айтсам “ии” деп эле сүйлөшкүсү келбей коёт, ушунусу да мени кичине жиндентет (каткырып). А мен бир нерсени баштаарда аны талдап сүйлөшкөндү жакшы көрөм да, бул болсо андай нерсени жактырбайт.
Ырысбай: – Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып аябай даттанып алдың го, ээ (күлүп).
– Пикир келишпей калган учурлар болгонбу?
– Бизде көп эле болду. Кээ бир үй-бүлөлөр урушуп, 2-3 күн сүйлөшпөй калышат го, бизде андай жок. Биз урушуп алып, кайра жарым саатка жетпей эч нерсе болбогондой сүйлөшүп кетебиз. Бизде уруш чыкчу чоң маселе деле жок, уруш майда-чүйдөдөн эле чыгат.
– Бири-бириңерди эмне деп эркелетесиңер?
Ырысбай: – Аты Мээрим болсо деле башка аттарды коюп алып эркелетем. “Мөөркан”, “Мөпү” деп. Мээрим дегендерди көбү Меку, Мээр дешет го, мен антким келбейт, өзгөчө айткым келет.
Мээрим: – Мен “жаным” , “жалгызым”, “мужёнок” деп эркелетем.
– Жашоодо силерге сабак болгон окуя кайсы болду?
Ырысбай: – Жакында чакан иш баштаганбыз, ошол ишти баштаардан мурун толук анализдебей коюппуз. Бирөөнүн сөзүнө ишенип баштап алыппыз. Ошондон күйдүк. Бирок бул бизге сабак болду.
– Үй-бүлөнү ким алга сүйрөйт?
Мээрим: – Экөөбүз тең сүйрөйбүз.
– Мээрим, жолдошуңа кандай жеңилдик берүүгө аракет кыласың? Тажатып чала бербейсиңби?
– Ырысбайды көп нерседен кыспайм. Эркиндик берем. Бир жактарга кеткенде чалып тажатпайм. Экөөбүздүн бир эрежебиз бар, ким достору менен кетсе, ошол үйдөгү калган адамга жазып турат.
– Сүйүүнү муздатпай, өчүрбөй кантип сакташ керек?
Ырысбай: – Өмүрлүк жарыңа жакшы сюрприздерди жасап, сүйүнтүп туруш керек.
Мээрим: – Биз маселе чыкса акылдашып чечебиз. Бири-бирибизди угабыз, сыйлайбыз, коргоп, колдоп турабыз. Эл астында бири-бирибиздин кадырыбызды түшүрүп, жерге тепселебейбиз. Бул да сүйүүнү сактоого кирет.
– Үйдө кандай жазылбаган мыйзамдар бар?
Мээрим: – Биздин үйдө муну аял эле жасашы керек деген нерсе жок. Мен чарчап турсам же жетишпей жатсам, Ырысбай өзү идиш жууп, тамак жасап коё берет. Эл эмне дейт дегенден алыспыз.
Ырысбай: – Бош убакта көбүнчө шишкебек жасайм. Ботко түрлөрүн жасоо жагынан устамын деп айта алам.
– Үй-бүлөдө ким сарамжалдуу?
Мээрим: – Үйдө акчаны Ырысбай кармайт. Ал керектүүлөргө туура бөлүштүрөт, үнөмдүү кармайт.
– Маегиңерге рахмат, бактылуу өмүр сүргүлө!
Канымжан Усупбекова