Тибет байыркы эки маданияттын борбору Индия менен Кытайдын ортосунда жайгашкан. Бирок географиялык жайгашуусу жагынан алардан бөлүнүп турат. Түштүгү асман тиреген Гималай, түндүгү Кара-Корум, батышынан Кунлун тоо кыркалары менен курчалган бул аймак ичине далай сырды катып жатат.
Тибет – Кытайдын курамындагы автономдуу район
Тибетче аталышы – Бё, кытайча – Сицзан
Аянты – 1,2 миллион чарчы чакырым
Административдик борбору – Лхаса шаары
Дини – Буддизм
9 жылга созулган күрөш
Кытайда коммунисттик партия бийликке келген соң 1951-жылы Тибетке кытай аскерлери кайрадан бастырып кирген. Тибеттиктер көз карандысыздык үчүн 9 жыл бою күрөшүшкөн. Башында Далай-Лама XIV турган партизандык күчтөр 1959-жылга барып жок кылынган. Баш-аягы 90 миңдей тибет өлтүрүлүп, Далай-Лама Индияга качып кетүүгө аргасыз болгон. Ошентип, 1965-жылы Кытайдын курамында Тибет автономдуу району түзүлгөн. Бул район тарыхый Тибеттин аймагынын жарымын гана түзөт. Мындан тышкары Цинхай, Юньнань провинцияларында жана Ганьсу, Сычуань уезддеринде Тибет автономдуу аймактары бар. Өткөн кылымдын 50-жылдарынан тартып бүгүнкү күнгө чейин тибеттер көз карандысыздыкка жетпей келишет.
Байыртадан адамдар мекендеген
Аталган өлкөнү байыртадан эле адамдар мекендеп келишкени айтылат. Мисалы, Тибет тоо кыркаларынын түндүк-чыгышындагы Байшия үңкүрүнөн 1980-жылы табылган байыркы адамдын жарым жаак сөөгүн окумуштуулар изилдеп көрүшкөн. Ал адам болжол менен мындан 160 миң жыл мурун жашаганы болжолдонгон. Аталган үңкүр учурда тибет кечилдеринин сыйынуучу жана сүкүт тартуучу (медитация) жайы. Үңкүрдүн узундугу 1 чакырым.
Тибет аймагынан тээ байыркы таштан жасалган куралдар, анын ичинде таш балталар табылган. Таш куралдар мында адамдар 120-90 миң жыл мурун жашап, аларды колдонгонунан кабар берет.
13-кылымда монголдордун кол астында калган
VI кылымдын аягы VII кылымдын башында Тибет хандарынын Ярлунг династиясы коңшу урууларды өзүнө каратып, Тубо хандыгын түзгөн. Тибеттин башкаруучулары менен Кытайдын Тан империясы кыз алышып-беришип, саясий, айыл чарба, маданий байланыштар болуп турган. Бирок кийин ортодо чатак, согуштар чыгып турган. 7-кылымда Тибет өлкөсү түзүлгөн. Монголдордун жортуулунан соң 13-14-кылымдарда көчмөндөрдүн кол алдында калган. 17-кылымда буддизм дининдеги “гелугпа” деп аталган сектанын башчысы Далай-Лама руханий жана жалпы иштер боюнча Тибеттин жол башчысы болуп калган. Анан бул өлкөгө монголдор менен кытайлар кызыгып, өз аймагына кошуп алуу аракеттери башталат. Тирешүүлөрдүн жыйынтыгында кытайлар утуп, Лхасага Цин династиясынын аскердик бөлүгү жайгаштырылат. Өлкөнүн ички маселелери боюнча Далай-Ламанын бийлиги Кытайдан көз карандысыз болгон. Цин династиясы ураганда Тибет өзүн көз карандысыз өлкө катары жарыялаган.
Эли мал чарбасы менен жан багат
Тибетти тибет эли байырлайт. Саны 5,4 миллион адам. Буддизм динин тутушат. Негизинен айыл жана мал чарбасы менен күн көрүп, жан багышат. Ушул эле аймакта жашаган кытайлар соода, мамлекеттик башкаруу жана тейлөө кызматтарында иштешет. Тоолуу аймактарда отурукташкандар тибеттиктердин элинин жарымын түзөт. Алар таруу, буудай, айрым жерлерде күрүч эгишет.
Жарым көчмөн дыйкандар дыйканчылык менен кошо топоз, кой, эчки, жылкы багышат.
Кол өнөрчүлөр арасында карапа идиштерди жасоо, кийим, таар токуу, жез, колодон буюм жасоо, жыгачтарга оюм түшүрүп кооздоо кеңири жайылган.
Улуттук кийими “чуба” деп аталат. Бул тик жакалуу, жеңи узун кийим. Жайкыга деп аны жука матадан, кышкыга деп койдун терисинен жасашат. Бут кийими тумшугу ичке тери өтүк.
Негизги тамагы болуп “цампа” эсептелет. Даярдалышына келсек, арпанын куурулган талканына туздуу чайды, топоздун майын кошуп ичишет. “Момо” деп аталуучу чүчпара тамагы бар. Арпадан сыра жасашат, ал “чанг” делинет.
Кайлас – ыйык тоо
Кайлас аталган ыйык тоо бар, ал атактуу Хеопс пирамидасынан бийик.
Тибет жана Непал ламаларынын ишеними боюнча, бул аймакта Кудайлардын шаары орун алган. Андыктан энергетикасы өтө күчтүү. Атактуу Өлүм өрөөнү да ушул Кайлас тоосунун түндүк бөлүгүнөн орун алган. Бул жерге йогдор өмүр менен коштошуу үчүн келишет.
Буддалар “Кайлас тоосун саат багыты менен айланып чыксаң, бардык күнөөлөрүңдөн арыласың, ал эми 108 ирет айлансаң, ыйыктардын катарына кошуласың” деп ишенишет.
Байыркы тибет жазууларында Кайлас жана аны курчап турган тоолор беш элементтин (аба, суу, жер, шамал, от) күчүнүн жардамы менен курулган деп айтылат.
Кайласка зыярат кылганы барган туристтердин саны абдан көп. Тур боюнча 52 чакырым жол басып, тоого 5600 метр өйдө көтөрүлүү керек. Кайласка Кытай же Непал аркылуу баруу керек жана тур үчүн 2700-4500 доллар төлөө кажет. Чокусуна чыгууга диний ишенимдер боюнча тыюу салынган.
Шамбала – дүйнөнү башкаруучулар жашаган аймакпы?
Шамбала тууралуу көптөгөн уламыштар бар. Алардын маанисин чогултуп берсек мындай. Ал адамдардын көзүнө көрүнө бербеген ыйык аймак Гималайдын кайсы бир жеринде жайгашкан. Анда биздин планетадагы байыркы баалуу цивилизацияны алып жүргөндөрдүн тукумдары жашашат. Алар медицина жагынан да, илим жагынан да, атүгүл технология жагынан да дүйнө жүзүндө алдыңкы орунда. Тибет медицинасы, медитация, левитация, антигравитация, биз менен параллель жашаган башка дүйнө менен байланыш, белгисиз учуучу объектилер менен байланыш да ушул аймактан башталат.
Атактуу айрым окумуштуулардын айткандары уламыштарды ого бетер күчөтөт. Алсак, Тибет боюнча иликтөө жүргүзгөн Елена жана Николай Рерихтердин, Александра Давид-Ноэльдин, Елена Блаватскаянын айткандары. Алар адам баласы кыйынчылык менен жетчү аймактарда (Шамбала жана Агартада) “бардык нерселерди билген” сырдуу адамдар жашаарын, ошол жерден дүйнөнү башкарышары тууралуу жазышкан. Анда жашагандар дүйнөнү болочокто сактап калчулар катары да саналат.
Канымжан Усупбекова