Биз социалдык тармакта

Александр Петров: “БИРӨӨ КИНОГО ТАРТЫЛБА ДЕСЕ ЭЛЕ УГУП КАЛЫШЫМ КЕРЕКПИ?”

Бул ысымды угуп, жүзүн теледен көп эле көрсөңүз керек. Орус киносунун көрүнүктүү өкүлү, актёрлуктан кинорежиссёр, сценарист, продюсерликке өсүп жетилген инсан – Александр Петров. “Текст”, “Полицейский с Рублёвки” жана башка көптөгөн тасма-сериалдардын жылдызы. Кыргызда “бардык тасмаларга Аскат Сулайманов тартыла берет” деген тамашалуу сөз болсо, оруста “кинонун баарында эле Александр Петров” деген кеп айтылат. Буга карата Александр мырзанын оюн, жашоосундагы урунттуу учурлар менен макаладан таанышыңыз.

 

Театр

 

Мектепти аяктагандан кийинки тандаган кесиби – экономист болчу. Бирок студенттик күндөрүндө чыгармачылыкка тартылып, 2-курсунда ГИТИС окуу жайынын актёрдук чеберчилик бөлүмүнө которулуп кеткен. Карьерасы 2012-2013-жылдары театр сахнасында башталган. 24 жашында Гамлеттин ролун ойногон, бул жаш актёрлор умтула турган өтө бийик жетишкендик эле. 2018-жылы болсо театр сахнасында анын режиссёрдук дебюту «#Зановородиться» аттуу моноспектакль менен ачылган. 2022-жылы «Планета Максимус» аттуу экинчи спектаклдин режиссёру болду.

 

Кино

Александр мырзанын кино куржунунда учурда 70тен ашык кино роль бар. Театрга караганда кинодогу жолу эрте башталган, 2010-жылы эпизоддук роль менен. Бирок алгач театрда таанылып, анан гана кинодогу жылдызы жанды. 2015-2017-жылы «Закон каменных джунглей» тасмасындагы башкы ролу менен көпчүлүккө тааныла алган. Андан кийин теледен 2016-2023-жылдар аралыгында көрсөтүлгөн “Полицейский с Рублёвки” сериалы аны орус киносунун “крашы” кылды. Көп өтпөй Netflix платформасына алгачкылардан болуп чыккан орус сериалдарынын бири “Фарцага” тартылды. Мына ушинтип өз ордун бекемдеп жүрүп отурду актёр. Анын катышуусундагы «Гоголь. Начало» (2017), «Гоголь. Вий» (2018), «Гоголь» (2019), «Лёд», «Текст», “Дворец”, “Фишер” жана башка тасма-сериалдарды сиз да көрсөңүз керек.

2019-жылы Петров эл аралык аренага чыкты, болгондо да Люк Бессондун тасмасы менен. Голливуддун мен-мен деген актёрлору Киллиан Мерфи жана Люк Эванс менен биргеликте “Анна” тасмасына тартылган.

 

Эс алышы керекпи?

Көп иштейт деп ушул актёрду айтыш керек, анткени ал жылына 10-11 тасмага тартылган учуру болуптур. Тасмага көп тартылганынан улам интернет желесинде “кинонун баарына эле Александр Петров тартыла береби?” деген сындуу кептер көп айтылат. Айрым кесиптештери, режиссёрлор, кино сынчылар да “мынча көп иштесе адам “өчүп” калат, Александр эс алышы керек” деген таризде ой бөлүшүшкөн. Мындай сөздөрдөн тажаганбы, айтор, актёр агынан жарыла жооп айткан:

“Мен болгону көп иштейм. Белгилүү бир кино сынчы менин эс алышым керектигин айтса эле аны угуп калышым керекпи? Эмнеге мен кимдир бирөөнү угушум керек? Жакпайбы – көрбөй койгула, бул силердин укугуңар. Мен иштешүүнү кыялданган режиссёр роль сунуштаса, эл жаман көрөт деп басып кете албайм. Азыр ушундай темпте, режимде иштегенге алым-күчүм жетиштүү. Өзүмө ыңгайлуу, жагат. Качан ыңгайсыздык жаралса, эч кимден сурабай эле токтотом”,- деген.

 

СССРдин баласы

Александр СССРдин баласы, тагыраагы, 1989-жылы Переславль-Залесский шаарында жарык дүйнөгө келген. Көп эмгек кылуу каалоосу дейбизби же муктаждыкпы, бул нерсе анын бала чагынан түптөлгөн. Атасы жөнөкөй электрик, апасы медайым болуп эмгектенишчү, экөөнүн Александрдан сырткары Екатерина аттуу кызы бар. Тапкандары үй-бүлөнү бакканга өп-чап жетчү, жетпей калган күндөрү да бар. Андыктан Саша 10 жашынан баштап иштегенге өткөн.

“Базарга чыгып майда-чүйдөлөрдү сатчумун, дүкөндө сатуучунун жардамчысы болдум. Бетон чыгарган заводдо иштейм деп ден соолугум жабыркаган, ал жакта жумуш оор эле. Ошондой күндөрдүн биринде башыма кирпич салынган оор жүк кулап, оор жаракаттар менен ооруканага түшкөм” дейт балалыгына кайрылган актёр. Ал мезгилде спортчу болуу кыялы бар эле. Алган жаракаттарынын кийин дарыгер “жашап кетет, бирок футбол ойной албайт” деген чечим чыгарып, баланын футболчу болуу кыялы таш капкан.

 

Бош эмес

Канча жыл шоу-бизнестин “краш”, “красавчиги” болуп келген актёр эми бош эмес. Анын үйлөнгөнүнө ишенбегендер, ишенгенден кийин “бат эле ажырашат, дагы деле токтоло элек” дегендер көп болчу. Бирок актёр алардын оюн тескерисинен далилдеп келет. 2023-жылы Виктория Антонова аттуу сулууга үйлөнгөн, эки жылдан кийин түгөйлөр уулдуу болуп, атын Фёдор деп коюшту.

 

Дагы да Петров тууралуу

• Орустардын “Оскары” болгон “Золотой орёл” сыйлыгынын ээси. Бул сыйлыкты аларда ал өзү менен өзү атаандаш болгон. Тагыраагы, ал тартылган бир нече тасма сыйлыкка ат салышкан экен. Жыйынтыгында “Текст” тасмасындагы ролу үчүн “Мыкты актёр” башкы наамынын жеңүүчүсү аталган.

• Актёрлук талант апасынан өткөн. Ал жаш кезинде театралдык студияда актриса болуп эмгектенчү.

• Актёрлук карьерасы түптөлүп, жакшы акча тапканга чейин досу менен чакан бизнес башкарчу. Футболкаларга принттерди бастырып чыгарып сатуу боюнча.

• Орусиядагы суроо-талапка ээ ТОП-5 актёрдун тизмесинде.

• Авто сүйүүчү. Анын автопаркында жалаң немис өндүрүшчүлөрүнөн чыккан эксклюзивдүү спорттук унаалар турат.

• Өзүнүн туулуп-өскөн шаарында карындашы менен биргеликте Petrov Avenue аталышындагы конок үйүн иштетет.

• Куудулдук өнөрү да бар. Студент кезинде университеттер аралык КВНдердин катышуучусу болчу. Бирөөнүн келбетин, үнүн, баскан-турганын туурап жакындарын күлкүгө көп бөлөйт.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1235, 21-27-август, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан