Сахнада микрофон кармап элди күлдүрүү оңой көрүнгөнү менен, анын артында тайманбастык жана курч акыл жатат. Кыргыз стендап дүйнөсүндө өзүнүн өзгөчө юмору менен таанылып келе жаткан Султан Бейбарс – коомдогу кызыктуу көрүнүштөрдү, аaдамдардын мүнөзүн, күнүмдүк жашоонун ачуу-таттуу чындыгын айтып келет. Аны менен маектешип, юморунун артындагы Султанды элге таанытканга аракет кылдык.
– Султан, саламатсыз, атыңыз тууралуу чечмелеп берсеңиз, кадимки мамлүктардын Султаны Бейбарска таасирленгенсизби? Анан балалыгыңыз тууралуу айтып берсеңиз…
– Саламатсыздар, мен Талас облусунун Боо-Терек деген айылында төрөлгөм. Ал жакта балалыгым өттү, балалыгым да жакшы өттү десем болот. Ата-энемдин экөөнүн тең кесиптери мугалим, үч бир тууганмын. Менден улуу эки эжем бар. Ал эми стендаптагы атыма келсек, күтүүсүз эле ушул ысымга ээ болуп калгам. Өзүмдүн аты-жөнүм – Нурбеков Султан. Атым жөн эле Султан, ал эми Бейбарс деген каймана атты 2014-жылы инстаграмга жаңы катталып жатканда бир байке тамашалап “Султан Бейбарс” кылып ачып берген. Султан Бейбарс таасирлене турган тарыхый инсан, а бирок меники ушундай эле жөнөкөй жол менен аталып калган.
- Чыгармачылыкка кайсы жолдор алып келди, билимиңиз, кантип сахна адамына айландыңыз?
– Мен Кыргыз улуттук университетин аяктагам. Кесибимдин такыр эле чыгармачылыкка тиешеси жок. Финансистмин. Ал эми юмор чөйрөсүнө университетте жүргөндө кызыгып калгам. Ал кезде "Тамашоу" эмес беле, КВНде ойноп калдым. Ошол боюнча юморго, сахнага кызыгып кеттим. Бирок 2017-жылга чейин жакшы ойнодук, кийин долбоор бүттү. Бүткөнү менен, менде сахнага кызыгуу ошол боюнча калды. Кийин “Кыргыз стендап” ачылды, ошол жакка өтүп кеттим. Ал жакта аздыр-көптүр өнөрүбүздү элге тартуулап, сахнада жүрөбүз. Жыйынтыктап айтканда, юморго болгон кызыгуу болгон үчүн сахна адамына айландым окшойт. Бул нерсе өзүнчө бир кумар, алдыга жылган сайын дагы умтула бересиң.
- Өзүңүздүн юморду үч сөз менен сүрөттөсөңүз?
– "Юморум кичине "наглый" деп өзүмдү сүрөттөйт элем (күлүп).Үч сөздөн турду, ээ?
- Сахнада уят болгон окуяңыз болгонбу?
– Эми ал сахнага чыккан ар бир адамда эле болсо керек. Анткени сахнанын сүрү оңой эмес да, канча адамдын көзү сени тиктеп турат. Бир жолу мындай окуя болгон, чыгып туруп башында үч тамаша айттым. Анан кашайып эле калган тамашам эсиме келбей койсо болобу? Элестетиңиз, баарын унутуп калгам.Ошондо уят болгом.
- Тамаша жазууда көбүнчө эмнеден эргүү аласыз?
– Менин тамашаларым көп учурда дароо жазылбайт, алгач жашоодогу курч, тамашалуу жагдайларды байкап жүрө берем. Байкап жүрүп анан бир эргүү келген убак болот, ошону учурунда жазып калыш керек. Мындайча айтканда, моментти илип кетиш керек, ошондо жакшы тамашалар пайда болот.
- Өзүңүздүн башыңыздан өткөн окуяларды көбүрөөк тамаша кыласызбы?
– Элүү пайызы менин башымдан өткөн нерселер.
- Кайсы темада тамаша кылууга өзүңүзгө тыюу саласыз?
– Мен дин жана саясат тууралуу тамаша кылууну өзүмө тыюу салам. Анткени коомдогу өтө кылдат темалар, мен үчүн бул нерселерди тамашалоо мүмкүн эместей сезилет. Калган бардык темаларга ачыкмын.
- Учурдагы кыргыз көрүүчүсү курч тамашаны түшүнгөнгө даярбы? Сиздин оюңуз…
– Албетте, даяр. Илгери деле элдин көңүлүн куйкум сөздөр менен ачкан куудулдар болгон да. Юмор түшүнүү үчүн курч акыл керек, ал эми биздин эл акылдуу. Элибиздин юмору аябай күчтүү, ал эми ошо курч тамашаларды биз даярдап, элге тартуу кылышыбыз керек.
- Стендапта цензура болушу керекпи?
– Цензура бар, биз дайыма редактурадан өткөрүп, анан чыгабыз.
- Кээде элди күлдүрүш үчүн чектен чыгып кеткен учур болобу?
– Жок, андай учур боло элек, болбой эле койсун.
- Сизди сынга алган комментарийлер таасир этеби?
–Мурун хейтерлер тууралуу ойлончумун, азыр ойлонбойм. Эми алар ойлонсоң деле, ойлонбосоң деле болушат да. Ошондуктан ойлонуп кереги жок деп ойлойм.
- Кыргыз юморунда эмнени өзгөртүү керек деп ойлойсуз?
– Менин оюмча, эч нерсени өзгөртүүнүн кереги жок. Болгону фантазиябызбы кенен кылып, көп тематиканы тандап чыгара билсек, баары жакшы болот. Стендапта ар бирибиздин өз күйөрманыбыз бар, бири-бирибизге атаандаштык кылбайбыз. Кайра колдоп, ич ара жардам беребиз.
- Сахнадагы Султан менен күнүмдүк жашоодогу Султандын айырмасы эмнеде?
– Сахнадагы Султан позитивдүү, энергиялуу. Ал эми кадимки жашоо “скучный”. Кызыктуу эмес, кыргызчасы… Көп ойлонот.
- Эл билбеген кандай өнөрүңүз бар?
– Орусча ыр жазам, менимче, эл ушуну билбейт болуш керек.
- Маегиңизге рахмат!
АЛБЫ ЖЕ БУЛБУ?
– Күлкүбү же акчабы?
– Күлкү.
– Сахнабы же камерабы?
– Сахна.
– Импровизациябы же даяр текстпи?
– Албетте, даяр текст.
– Күлдүрүүбү же таң калтыруубу?
– Күлдүрүү.
Нуржамал Жийдебаева