Биз социалдык тармакта

КҮЙҮҮЧҮ МАЙ КЫМБАТТАБАЙТ

Кыргызстанда жакынкы арада күйүүчү май кымбаттабайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.

– Күйүүчү май кандай баада сатып алынбасын, тиешелүү компенсациясын төлөп беребиз. Чечим атайын комиссиянын ишинин жыйынтыгында кабыл алынат. Алар ассоциация көрсөткөн бааларды да текшерет: күйүүчү май кайдан кандай келишим менен сатып алынганын карашат. Спекуляцияга жана ашыкча пайда табууга жол бербөө үчүн ар бир келишим текшерилет. Комиссия ар бир арызды 3 күндүн ичинде карайт. Андан кийин компенсация компанияларга дароо төлөнөт. Буга чейин бир да кечигүү болгон жок. Азыр маанилүү маселе – күйүүчү майдын тартыштыгына жол бербөө. Ошол эле учурда бааны кармап турууга мүмкүнчүлүк бар,- деди Амангелдиев.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1235, 21-27-август, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан