Биз социалдык тармакта

“КЫРГЫЗФАРМАЦИЯГА" 12 УНАА АЛЫНДЫ

19-августта Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасына 12 атайын кызаттык унаа тапшырылды. Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов катышты.

Маматканов ата мекендик фармацевтика өнөр жайынын өнүгүүсүндөгү оң динамиканы дагы белгиледи. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө фармацевтикалык продукциянын өндүрүш көлөмү 1,7 эсеге өстү.

"12 атайын унаанын 6сы мамлекет башчысы тарабынан берилди. Өзүнүн автопаркы түзүлгөнгө чейин ташуулардын олуттуу бөлүгү жеке транспорт уюмдарынын жардамы менен ишке ашырылып келген",- деп белгиленди маалыматта.

Ошондой эле Маматканов алдыдагы мезгилде саламаттык сактоо тутумунун өзгөчө жоопкерчилигин белгиледи. Анткени 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмунда төрагалыгынын алкагында жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чаралар өтөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1235, 21-27-август, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан