Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда Кытай Коммунисттик партиясынын комитетинин катчысы Чэнь Сяоцзян менен жолукту. Жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу кызматташуусунун ыргагы ийгиликтүү жүрүп жатканы белгиленген.
– Мени менен бирге Кыргызстандын мунай продуктылары менен иш жүргүзгөн ишкерлери келишти. Алардын айрымдары кытайлык компаниялар менен кызматташууну буга чейин эле башташкан. Биздин бир катар компанияларыбыз авиакеросин жана дизелдик отунду жеткирүү боюнча келишимдерге кол коюшту. Күйүүчү майдын алгачкы партиялары Кытайдан Кыргызстанга ийгиликтүү жеткирилди. Буга байланыштуу, бул маселеде көрсөтүлгөн колдоо жана жардам үчүн Кытай өкмөтүнө ыраазычылык билдиргим келет,- деген Акунбеков.
Жолугушуунун жыйынтыгында нефть рыногундагы эл аралык кырдаалды жана Кыргызстанды мунай продуктылары менен туруктуу камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдарды ташып келүү процессин жеңилдетүү жана тездетүү макулдашылды.