Биз социалдык тармакта

"КОРРУПЦИЯДАН 4 МИЛЛИАРД ТҮШКӨН ЖОК"

Президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин коррупцияга каршы күрөштөн казынага 4 миллиард доллар түшкөн деген маалыматын четке какты. Билдирүү коомдо талкуу жаратып, коррупцияга каршы күрөштө өндүрүлгөн каражат боюнча суроолорду пайда кылды.

 "Коррупциядан 4 миллиард түшкөн жок, чынын айтыш керек. Башында эле "мына, 10 миллиард төктүрдүк, быйыл 50 миллиард төктүрдүк" деп Камчыбек Кыдыршаевич досум айтып жатканда "ай, досум, сандар менен ойнобо. Эртең ошончо чыкпай калса "жеп алды" деп айтат эл. Реалдуу түрдө айт" деп айткам. 300 миллиард болуп кеткени, мисалы, базар баасы 100 миң долларлык батирин алса, 300 миңге баалап туруп эле ала берген. Аны кимге сатасың, эгер 100 миң доллар болсо базардагы баасы?"- деген Садыр Жапаров.

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштөн соңку беш жылда мамлекеттин кирешесине 352 миллиард сом кайтарылганын быйыл 29-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) коллегиялык жыйынында айтылган. Коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев ошол эле күнү телеканалдардын бирине:

"Азыр мамлекеттик мекемелерде коррупцияга баруудан жок дегенде айбыгып, мыйзамдан коркуп, токтоп калышты. Эми ушул процессти биз мындан ары өнүктүрө бере турган болсок, анда коом көнөт",- деген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1235, 21-27-август, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан