Тогуз-Торо районундагы Казарман айылынын 90 жылдыгына карата
Келипсиң токсон жашка толуп мына,
Өзгөрүп, түзөңдөрүң сонун тура.
Жүз буруп түрлүү-түркүн ачылыштар,
Бериптир эл-журтума жакшы убак.
Бир кездерде "Кара-Гөөнү" ашчу элек,
Он саат жүрүп, татаал жолду басчу элек.
Эми минтип жаңы жолдо тез каттап,
Эл-журтума тартуу болду чоң белек.
Куттуу болсун токсон жашың кубанам,
Айылымдан жаштар чыксын ырдаган.
Чыксын доктор, окумуштуу, илимпоз,
Айылыма кут агылсын тынбаган.
Кереметтүү менин айылым ойлонсом,
Өзүң менен бирге өсүп-чоңойгом.
Касиеттүүм, мынча неге сулуусуң,
Сени ойлосом түн уйкумдан ойгоном.
Жерим сонун баары өсүп жарашкан,
Алма, өрүгү, алмуруту бүт бышкан.
Мөлтүрөгөн суулар агып сай-сайдан,
Тоолоруң көп ак кар, көк муз жамынган.
Ак мөңгүлүү тоолор турат тирелип,
Алтын чыккан “Макмалың” бар билемин.
Беш-Көлүндө туздар турат жаркырап,
Көмүр-Тоосу турат көптү имерип.
Саймаланган Саймалуу-Таш керилген,
Ташта жазуу, сүрөттөр бар чегилген.
Айтып турат ата-баба тарыхын,
Көп кылымдык баалуу белек Теңирден.
Кан-Ачууну айтып келет ар бир жан,
Чер токою киши киргис чытырман.
Байырлаган түркүн-түрлүү жаныбар,
Эч ким толук изилдейлек сырың бар.
Беш-Көл деген жайлоосу бар жайкалган,
Ал аймакта беш көлү бар чайпалган.
Эл оозунда жүрөт дале айтылып,
Ал бешөөн тең өз-өзүнчө түс чалган.
Чотке деген аты аталып ыраактан,
Бак түбүнөн оргуп чыккан булак бар.
“Чынар бак” бар көлөкөсү үшүткөн,
Шуудураса баригинен ыр аккан.
Ажайыпсың айылым тоого бөлөнгөн,
Кут төгүлгөн жерим сенсиң көгөргөн.
Кереметтүү мынча неге көрктүүсүң,
Көз тийбесин көркөмүңө төгүлгөн.
Кооз жерлериң санак жетпейт санасаң,
Көздүн жоосун алып турат карасаң.
Кут төгүлгөн сендей жерди ар дайым,
Көз тийгизбей сактап жүрсүн Жараткан!
Автор:
Сыдыкова Гүлина Азиретовна