Биз социалдык тармакта

ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 31-августтан 6-сентябрга чейин

КОЙ
(21.03–20.04)

Бул аптада таң каларлык түрдө активдүү жана демилгечи болуп чыга келесиз. Экинчи планда калган жакпай, алдыга умтуласыз. Мындай умтулуу романтикалык жаатта ийгиликтерге жеткирет, түгөйүңүздү жагымдуу таң калтырасыз. Жумушта баары ойдогудай, туруктуу уланмакчы. Документ иштерин узакка созбоңуз, маселе жаралышы мүмкүн. Жеке жашоого тиешелүү бир ишти бүтүрүүгө чоң жардам берген киши чыгат. Дем алышта үйүңүзгө баш баккан коноктордун убарасы менен алек болосуз.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Кайрадан түгөйүңүздүн ишенимине кирип, мамилени жандандырууга мүмкүнчүлүк жаралат. Кечирим сурап, сыр чечише сүйлөшсөңүз эле баары ордуна келет. Бир нерсе сатып алууну шаршемби күнгө пландаңыз, алганыңыз сапаттуу болуп, сизге көпкө кызмат кылмакчы. Сапарга чыгуу планын артка жылдырбоо керек. Жаңы иш баштайм дегендерди ийгилик коштойт. Бойдоктор кызыктуу окуяга учурап, жыйынтыгында жаңы таанышуулар орун алышы күтүлөт.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Көптөн бери издеп жүргөн ийгиликке ушул аптанын башында жолугасыз дешет жылдыздар. Андыктан аптанын башы ызы-чууга толгону менен, жемиштүү жана пайдалуу болмокчу. Финансылык жагдайыңызды жакшырта аласыз. Үйдө жетишпей жаткан жумуштарды бүтүрүүгө жардам бергендер чыгат. Үйүңүздөгүлөрдүн бири же өзүңүз сыркоолоп калышыңыз мүмкүн, суукка урунуудан абайлаңыз. Апта соңуна олуттуу эч нерсе пландабай, эс алганга аракет кылыңыз. 

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Өзүңүзгө болгон ишеним жогорулап, айрым иштерди тобокелге салып баштап жибересиз. Коркпоңуз, баары жайында болот. Аптанын ортосунда жумушка байланыштуу иш-чарага катышууңуз мүмкүн. Үйдөгү дайыма “чарт-чурт” болуп кете турчу адам менен тил табышып, канча бир убакытка болсо да “элдешүү” убакыты орун алат. Ден соолуктагы маселелерди жоюу максатында шаардагы ооруканага сапар алууңуз мүмкүн. Дем алыш күндөрү тынч өтмөкчү.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Жашооңузда баары бир калыпка түшкөндөй өзүңүздү тынч сезесиз. Бул абалыңыз айланаңыздагыларга да таасир берип, бул апта гармонияда өтөт. Майда-чүйдө маселелерди позитивдүү маанайда, оңой эле чечип коёсуз. Жумушка жаңы кирген адамга көз сала жүрүңүз, сиз ойлогондой адам болбой калышы мүмкүн. Достор менен шеринеге барышыңыз күтүлөт. Кошуналардын бирине жардамыңыз керек болушу ыктымал, колдон келсе баш тартпаңыз.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Достордун биринен же кесиптештерден уккан маалымат “шок” кылып, ойго салышы мүмкүн. Жашооңузду өзгөртөм десеңиз, эксперимент жасоодон коркпоңуз. Бойдоктор жаккан адамын күтүп отурбай, өздөрү биринчи жолугушууга чакырса жакшы жыйынтык чыгышы мүмкүн. Финансы жаатында оорчулук жаралышы мүмкүн. Ошентсе да насыя, карыз алуудан качыңыз, мурун кетирген каталарды кайталабаңыз. Дем алышты үй-бүлөңүз менен активдүү эс алууга арноо керек.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Көңүлү түз эмес адамдар сизди тең салмактан чыгарганга аракет кылышы мүмкүн. Өткөн чакта кетирген каталарды оңдоого мүмкүнчүлүк жаралат. Арсар болбой колдон келген аракетти жасаңыз. Көргөн түшүңүзгө маани бериңиз, аян түш көрүүңүз мүмкүн. Башка жумуш издеп жүргөндөрдүн тилеги ишке ашат. Үйдөгү оңдоп-түздөө иштери бүтүп, жаңырган үйгө кирип кубанасыз. Апта аягында каржылык жактан жакшы пайда алып келе турган ишке аралашасыз.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Жетекчилик сизге жакпаган жумуштарды тапшырышы мүмкүн, кесиптештерден колдоо күтүп кереги жок. Анын ордуна жылмайып туруп алдыдагы тапшырманы сапаттуу бүтүрүп салыңыз, жеңиш сиздики болмокчу. Достор менен сапарга чыгууга сонун мезгил, уюшуп эс алып келгенге аракет кылыңыз, эстен чыккыс көз ирмемдерди чогултасыз. Жылуу кийим алуу үчүн дүкөнгө же базарга барууңуз мүмкүн. Врачтын көрсөтмөсү жок дары-дармек ичпеңиз, боорго күч келиши мүмкүн.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Көпчүлүктүн ишенимине ээ болгонсуз, андыктан сиз менен иштешкиси, достошкусу келген адамдар көп болот. Бирок айланаңыздагылардын баарын эле дос деп ички дүйнөңүздү ача бербеңиз. Апта жагымдуу да, жагымсыз да окуялары менен коштолот. Үйүңүзгө сиз күтпөгөн адамдар баш багышы мүмкүн. Мени менен ким барат деп күтпөй, өзүңүз жалгыз деле кинотеатр, кафе же башка эс алуучу жайларга барып көрүңүз. Ишемби күнү базарга барып, керектүүңүздү ала аласыз.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Үйүңүздө сүйүүгө, мээримге, колдоого ээ болсоңуз, тескерисинче, жумушта көрө албастыкка, тымызын бут тосууларга туш болушуңуз мүмкүн. Өз багытыңыздан баш тартпай, алдыга кадам таштай бериңиз. Балдарыңыздын ийгилигине күбө болуп, кубанасыз. Пландалбаган иштерге, балким, конокко кошумча берүүгө акча сарпталышы мүмкүн. Жалгыз бой текечерлерде жаңы сүйүү романы башталышы күтүлөт. Дем алыш күндөрү өзүңүз пландагандай жагымдуу өтөт.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Түгөйлөрдүн мамилеси гармонияда, туруктуу стадияда уланат. Бойдоктордун ылайыктуу адам менен таанышуусу бул аптада орун алышы күтүлбөйт. Үйдөгү жаш балдардын ызы-чуусунан качып, тынч жайда эс алгыңыз келет. Жумушта ыкчам, оперативдүү иштесеңиз, жакшы көрсөткүчтөргө жете аласыз. Капчыгыңыз да калыңдашы күтүлөт. Жолугушууга белгиленген убакыттан көпкө кечигип келген адамга карата оюңуз өзгөрүп, жинденишиңиз мүмкүн.

БАЛЫК
(20.02–20.03)

Өзүңүзгө болгон ишеним төмөндөгөндөй сезилет, бул абал стресске жеткириши мүмкүн. Негативдүү маанай менен жумушка байланыштуу жана жеке жашоого өзгөртүү киргизүүчү чечимдерди кабыл албай турган оң. Телефон шылуундарынын тузагына түшүп калуудан абайлаңыз, эч кимге акча которбоо керек. Бойдоктор романтикалык мамилеге баш багуусу мүмкүн. Бирөөгө карыз берүүдөн жана кымбат баалуу буюм-тайым сатып алуудан алыс болуңуз.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1236, 28-август-3-сентябрь,2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан