Биз социалдык тармакта

“МЕКТЕПКЕ БАРБАЙМ, КОРКОМ”. Баланы 1-класска психологиялык жактан даярдоо

Быйыл мектеп босогосун алгач ирет аттаганга даярданып жаткан балдар-кыздар да, алардын ата-энелери да толкунданып турган мезгил. Жашоонун жаңы этабы, белгисиздикке кадам таштоо өзгөчө жаш балдар үчүн психологиялык жактан оор. Кээ бирлери “мен мектепке барбайм, корком” деп ачык айтышы мүмкүн, айрымдары уялганынан коркууларын ичке катышат, кээ бирлери “мектепке барам, окуйм” деп сүйүнүп турушат. Мектепке бара баштагандан кийин “баргым келбей жатат” деген сөздөр көбөйүп башташы мүмкүн. Баланы психологиялык жактан кантип даярдоо керек, макалага көз чаптырыңыз.

Мектепке чейинки даярдык

Балалуу ата-энелер уул-кыздарын мектепке чейин эле бир нече этаптык даярдыктан өткөрүүсү зарыл.

Социалдык даярдык – үйдө бала караган киши болгон күндө да аны бала бакчага бергенге аракет кылыңыз. Ал жактан башка балдар, тарбиячылар менен таанышып, көпчүлүктөн үркпөй, аралашып кетүүсүнө мектепке караганда “жумшак” шарттар түзүлгөн. Ошол эле жерден тарбиячылардын айтканы менен болууга, аз да болсо тапшырма аткарууга көнө баштайт.

Физикалык даярдык – бала чыдамкай болуусу үчүн физикалык жактан ден соолугу чың болуусу зарыл. Андыктан анын туура тамактануусуна, активдүүлүгүнө көз салыңыз. Тынч отурсун, караганга убакыт жок деп бир бөлмөгө киргизип, колуна телефон берип коюу жарабайт. Жаш бала таза абада, күн алдында маал-маалы менен чыгып, чуркап ойноосу керек, буту-колунун сөөктөрү бекемделет, булчуңдары чыңалат.

Психологиялык даярдык – бала эс тарткандан тарта ата-эне аны менен сүйлөшүүгө, анын кыймыл-аракетине көңүл бурууга, айланада болуп жаткан нерселерди жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берүүгө өтүүсү зарыл. Ошол эле мектепте эмне болорун, билим алуунун маанилүүлүгүн жеңил тил менен түшүндүрүңүз, коркутпаңыз, өтө олуттуу болбоңуз. Кичинеңизде мектепте окуганда кандай кызыктуу окуяларга туш болгонуңузду айтып, позитивдүү маанай жаратып туруңуз. Бала ата-энесинен үлгү аларын унутпаңыз. Анан да кандай учур болбосун бала аны түшүнө турган, жардам бере турган үй-бүлөсү бар экенин сезиши зарыл.

Бала эмнеге мектепке баргысы келбейт?

1. Баланын мектепке баргысы келбеген каалоосу анын эркелиги же мүнөзүнүн жамандыгы эмес. Буга психологиялык жактан даярдыктын жоктугу себеп болушу мүмкүн. Буга чейин ал бир нерсеге көп убакыт көңүл бурууга, бир жерде отурууга, тааныш эмес бирөөнүн тапшырмаларын аткарууга, тыюуларга көнгөн эмес.

2. Адаптациянын жоктугу. Жаңы режим, жаңы класс, чоочун балдар жамааты, жаңы мугалим – мунун баары балага чоочун. Андыктан чоочун чөйрөгө түшкөндө балада стресс жаралат.

3. Физиологиялык өзгөрүү. Балага физиологиялык жактан да күч келет, кечке бир орунда отурушу керек, тапшырмаларды аткарышы керек, мындан бала чарчайт.

4. Мотивациянын жоктугу. Мектепке барууда “күтүү менен реалдуулук” бетме-бет келет. Жакшы кийим кийип барып, ал жакта кечке ойнойм деген баланын ою ишке ашпай, кечке окуганга, үйгө келгенде да тапшырмаларды аткарганга туура келет.

5. Социалдык кыйынчылыктар. Жаңы жамаатка көнбөө, классташтары менен конфликттер, мугалими менен тил табышпоо сыяктуу маселелер да жаралышы ыктымал. Окуучу өз оюн айта албаган уялчаак болгонунан унчукпайт, эч кимге аралаша албайт, окуудан да артта калып баштайт. Мунун баары аны чүнчүтүп жиберет.

Балага оор болуп жатканынын белгилери

Ата-энелердин кулагына күмүш сырга! 1-класска барган баланын жүрүм-турумунда төмөндөгүдөй өзгөрүүлөр байкалса, жардам колун сунуу керек.

 Эртең менен күндө ыйлап турат.

 Үйдө “каприздери” көбөйүп, конфликтке көп барат.

 Уйкусу начарлайт.

 Тамакка табити жоголот.

 Окууга такыр каалоосу жок, китеп бетин ачкысы келбейт.

 Тынчсыздануу, кыжырдануу, коркуу көбөйүп, бала түнт тартып баштайт.

Ата-эне эмне кылышы зарыл?

Эгер уул-кызыңыз мектепке баргысы келбей жатса, төмөндөгү иш-аракеттерди кылуу сунушталат.

1. Баладан эмнеге баргысы келбей жатканын сураңыз, урушпаңыз, кабак түйбөңүз, басым жасабаңыз. Балада сизге ишеним жаралып, ачылуусу керек.

2. Мугалими менен сүйлөшүңүз. Балаңызда кандай кыйынчылыктар болуп жатканын анын мугалими жакшы билет. Мугалим менен биргеликте маселени жоюу жолдорун сүйлөшүп, биргелишип иштешүү зарыл.

3. Режим. Бала толук кандуу 10 саат уктагандай шарт түзүңүз. Өзүңүз кеч жатсаңыз, балдардын сиз менен кошо жүрө берүүсү жарабайт. Уйкусу канбаган баланын концентрациясы жок болуп, бат чарчайт.

4. Мотивация берүү. Жаш баланы бир нерсе кылдырууга көндүрүүдө мотивация мыкты жардамчы. Окууга кызыгуу жаратуу үчүн оюн ойноо ыкмасын колдонуңуз. Муну үй тапшырмаларды аткарууда колдонсоңуз болот. Биргеликте иштеңиз, тапшырмаларды стикер, наклейка жана башка кызыктуу предметтерди кошуп аткарсаңыз жакшы. 

5. Көңүл бөлүү. Үйдө ата-энесинин көңүл бөлүүсүнө, мээримине тойбогон бала да окугусу келбейт. Андыктан сөзсүз ага убакыт бөлүңүз. Мектептен келгенде бетинен өөп, аны сагынганыңызды, азамат болуп мектепке барып келгенин айтыңыз. Мектепте эмне болгонун, кайсы сабакта эмне үйрөнгөнүн сураңыз, китеп, дептерлерин карап кызыгыңыз, мотивация бериңиз, түшүнбөгөн жери болсо түшүндүрүңүз.

6. Эгер балада 1-класска киргенден кийин 6 ай өткөн соң да мектепке баруу каалоосу такыр ойгонбосо, балдар, мугалимдер менен конфликтке көп барса, депрессиянын элементтери байкалса, көп башы ооруса, такыр эле сүйлөшкүсү келбей түнт тартып, жабылып калса, анда сөзсүз балдардын психолог, психотерапевтине кайрылуу зарыл. Алар балага профессионалдык жардам көрсөтүшөт.

Ата-эне эмне кылбашы зарыл?

1. Коркутуу. Окубай койсо ким болорун (бомж болосуң деген сыяктуу) айтуу.

2. Башкалар менен салыштыруу.

3. Жаман баа алганы үчүн жазалоо, уруп-согуу.

4. Баланы игнор кылуу, эмне болсоң ошо бол деп таштап коюу.

5. Андан көптү үмүт этүү. Сен сөзсүз жакшы окушуң керек, баланча жерде иштешиң керек деген сыяктуу эмоционалдык басым жасабаңыз.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1236, 28-август-3-сентябрь,2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан