Биз социалдык тармакта

Асел Турдалиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “САХНАДА ЖӨН ТУРУП ЫРДАЙ АЛБАЙМ, АНТКЕНИ...”

Белгилүү ырчы, устат Асел Турдалиева “чыгармачылыгымды кайрадан биринчи планга чыгарууга умтулам, өзүмө жаңы талаптарды коюп жатам” деди маектешүүдө. Ал кандай талаптар? Шакирттери жөнүндө кандай пикирде? “Хан” деген ырын небересине арнап чыгарганбы? Ушул жана башка суроолорго төмөндөгү маектен жооп таба аласыз. 

 

– Асел айым, небереңизге арнап “Хан” деген ыр жазыптырсыз. Бул ырдын жаралышы таенелик мээримдин таасириби?                

– Ооба, небереме арнап “Хан” аттуу ыр жаздым. Неберем бизди ар бир кылыгы менен сүйүнтүп турган учуру. Кызым төрөгөндө үйгө алып келген жокмун, кудагыйым өзү карады. Мен тез-тез барып, неберемди карашып турдум. Ошол учурда ыр өзүнөн-өзү жаралып калды. Кызым “апа, сиз ыр жазып жатасызбы?” деп сурап калды. “Ооба, ошондой го” дедим. Андан соң белгилүү акын Бактыгүл Сейитбекова эжеме кайрылдым. “Биринчи куплетте чоң ата, чоң эне, таята, таене, экинчи куплетте атасы менен апасы, үчүнчү куплетте кыргызымдын чыгаан жигити жөнүндө саптар болсун” дедим. Бактыгүл эжем ырды эки күндө жазып берди.       

– Жашооңузда кандайдыр бир өзгөрүүлөр болуп жаткандай?                                        

– Туура. Азыр трансформация болуп жатам. Көп нерсени өзгөртүү, алмаштыруу этабында турам. Өзүмө жаңы талаптарды коюп жатам десем болот. “Эмнеге жеттим, эмне кылдым?” деп өзүмө суроо берип жаткан учурум. Көп энергиямды университетке берип койгонумду билдим. Чыгармачылыгым экинчи планга жылып, концерттерге катышпай, мамлекеттик жумушка баш-отум менен кирип кеткен экенмин. 2016-жылы университетте куурчак адистигин ачтык, бул чоң эмгек. Спектакль коюу, башка иштер менен алек болуп жүрүп он жылдай убакыт өтүп кетиптир. Баалаган киши жок. “Мени баалагыла” деп деле айтпайм. Бирок чыгармачылыгым экинчи орунда калып кеткенин түшүндүм. Айрыкча кызым турмушка чыгып кеткенде үйдө жалгыз калып, көп нерсени ойлондум. Тааныштарым да “көрүнбөй кеттиңиз, эмне ырдабай калдыңыз?” деп көп айта башташты. Мурда жылына үч-төрт концерт берсем, кийин жылына бир концертке да жетишпей, беш жылда бир концерт берип калган учурлар болду. Азыркы максатым – чыгармачылык менен көбүрөөк алектенүү.           

– Сахнада шайыр, энергиялуу, шамдагайсыз. Бул ырчы катары сиздин образбы же сиздин табияттын өзүбү?                                          

– Сахнада ырдап жатканда бир орунда тура албайм. Анткени мен ошол ыр менен жашайм. Жанымда ырдап жаткан Бек Борбиев мени сахнадан таппай калып, “эй, акырын, каяктасың? Кичине акырыныраак болсоңчу” деп күлүп калчу. Бирок анте албайм. Бул менин эмоциям, бул менин табиятым. Кайгылуу ырды ырдасам да, аны сезип ырдайм. Ар бир адамдын реакциясын көргүм келет. Угармандар менен байланыш түзүүгө умтулам.                                            

– Азыр чыгармачылыкта кайсы багытка көбүрөөк басым жасап жатасыз?                     

– Азыр лирикалык ырларга басым жасап жатам. Студент кезимде өзбек элинин “Унутпа мени” деген ырын аябай жактырчумун. Жакында ошол ырды кыргыз тилинде жаздырдым, угармандарга тартуулоо алдында турам. Студент кезимден эле лирикалык ырларды жактырам. Кийин гана патриоттук, тамашалуу ырларды ырдап калдым. Негизи жан дүйнөмдө романтик окшойм, лирикага жакынмын.              

– Кызыңыздын музыкалык билим албай калганы өкүнтөбү?                                           

– Ооба, бир өкүнүчүм ушул. Кызыма колдон келишинче бардык нерсени кылдым. Бир гана музыкалык билим бере албай калдым. Кызым кичинекей кезинде “музыкалык билим алсам, чыгармачылык менен алектенсем” дечү. Бирок мен макул болбой койгом. Атасы да чыгармачылыктан алыс эмес инсан. Кызым да бизге окшоп чыгармачылыкка баш-оту менен кирип кетет деп корктум окшойт. “Музыкадан алыс эле бол” деп өзүм чечип коюптурмун. Жогорку окуу жайдын мугалими катары ар бир студенттин талантын, кыялын угуп, колдоп жүрөм. Бирок өз кызыма келгенде эгоисттик кылып, анын каалоосун укпай койгонумду түшүндүм. Кызым азыр өз күчү менен вокалга барып, билим алып, аракет кылып жүрөт. Үнү бар, таланты бар. Эгер чыгармачылык жолду тандайм десе, эми каршы болбойм, колдойм.      

– Ырчы катары жолуңуз ийгиликтүү башталган. Ал эми мугалимдикке жолуңуз кайсы жерден бурулду?                                 

– Башында мугалимдик кесип колуман келеби деп бир аз кооптонгом. Университет мугалими катары жаңыдан иштеп баштаган күндөрүм эсимде. Сахна кеби, сахнадагы кыймыл-аракет боюнча сабак өтүп, туура дем алуудан баштап баарын үйрөтчүмүн. Кийин сырттан окуу бөлүмүнүн студенттерин окутуп калдым. Мен сырттан окуу бөлүмүнүн студенттерин деле жаштар болуш керек деп ойлогом. Көрсө, баары мен теңдүү, менден улуу ага-эжелер экен. Биринчи сабакка киргенде аябай сүрдөдүм. “Менин атым Асел” деп өзүмдү тааныштырып, сабакты жакшы эле баштадым. Дем алуу боюнча түшүндүрүп, туура дем алууну көрсөтөйүн деп бир студент байкенин көкүрөк тушуна колумду коюп алып, бирок андан сүрдөп, калчылдап, тердеп кеттим. Ал дагы титиреп алган (күлүп). Ошондо жетекчиме барып: “Мага жашыраак эле студенттерден бербейсиңерби? Мындай чоң кишилерге кантип сабак өтөм?” десем, ал күлүп “үйрөнүп кетесиң” деп койгон. Кийин акырындап көнүп кеттим.                           

– Шакирттериңиздин арасынан белгилүүлөрү кимдер?                                                

– Мугалим катары көп студенттер менен иштештим. Шакирттеримдин арасында Жийдеш Идирисова, Неля, Бегимай Бекбоева бар. Жийдеш кичинекей кезинде “Сейтек” улуттук борборуна бир иш-чарада биринчи жолу көрүп, ырдап берчи десем, тартынбай ырдаган. Орусча сүйлөгөн, абдан шайыр, тартынбаган кыз экен. Апасы менен сүйлөшүп, Жийдешти гастролдорго алып чыгып туралы деп макулдаштык. Ошентип мени менен гастролдорго чыга баштады. Жийдештин бир кызыктуу мүнөзү бар эле. Бир нерсени тапшырсаң, “макул” деп угуп алып эле чуркап жөнөйт. Анан бир аздан кийин кайра келет “Асел эже, эмне дедиңиз эле?” деп. Ошол кылыктарын азыр да эстеп күлүп калам. Ошол кезде эле Жийдештен талант, сахнага болгон кызыгуу, чыгармачылыкка болгон жөндөм көрүнүп турчу.

Неля токтоо, созолонгон кыз болчу. Ата-энеси абдан жакшы инсандар эле. Башында гастролдорго алып чыгып жүрдүм. Кийин ар кимиси өз жолу менен кетишти. Сыймыктанам шакирттерим менен. Алардын ийгилиги –  менин кубанычым, сыймыгым.                            

– Сиздин мүнөзүңүздө башкаларга окшобогон кандай өзгөчөлүк бар деп ойлойсуз?                           

– Эч кимге теңелбеген, өзүмө гана тиешелүү мүнөзүм бар деп ойлойм. Мисалы, бирөөгө айта турган сөзүм болсо, түз эле барып айтам. Артынан сөз кылбайм. “Тигини айтыптыр, муну айтыптыр” деп бирөөнүн артынан сөз ташып, ага убактымды да, нервимди да короткум келбейт. Эгер бир нерсе айтсам, түз эле бетине айтам. Балким, ошондуктан чыгармачылык чөйрөдө жүрүп да интригадан, ар кандай ушак-айыңдан алыс болууга аракет кылып келдим.          

– Чарчаганыңызда эс алуунун кандай түрүн тандайсыз?                                            

– “Чарчадым” деп айтканды жаман көрөм. Кээде чарчаганда үйдө болом. Үй жыйнап, уюлдук телефонду өчүрүп, телевизор көрүп, китеп окуйм. Бирок көпкө жатып албайм. Мага эки-үч күн эле жетет.

 

Мээрим Дербишалыева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1236, 28-август-3-сентябрь,2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан