Биз социалдык тармакта

Жанадил Салымбеков, вайнер: “ВАЙНДЫ АКЧА ҮЧҮН ЭЛЕ ТАРТПАЙМ”

Турмуштагы өзгөчө көрүнүштөрдү байкап, аны юмор аркылуу элге жеткирүүнү колго алган вайнер Жанадил Салымбеков менен маек курдук. Анын тамашаларында бүгүнкү коомдун бир көрүнүшү, жашоонун чындыгы бар. Элди күлкү аркылуу ойлонткусу келген жигит менен анын жашоосу тууралуу сүйлөштүк.

 

– Кандайсыз, Жанадил? Вайн тартуу, блогерлик сизде кантип башталды?

– Жакшы, рахмат! Мен “эртең сөзсүз блогер болом” деп эле блогер болуп кеткен жокмун. Бул дагы Кудайдын буйругу окшойт... 2023-жылы болчу. Жөн эле элди күлдүргүм келди да, күлкүлүү видео тартып интернетке киргизип койдум. Эмнегедир көрүү топтоп, элге жагып кетти. Андан кийин уландысын тартып коёюн дедим. Ошентип эле башталып кетти. Негизи вайнер болом деген ой жок болчу, болгум келчү, бирок кантип болорун билчү эмесмин. Бара-бара эл мени блогер дей башташты, “аа, ошондой турбаймынбы” деп мотивация алып андан ары кирип кеттим.

– Сизде актёрдук чеберчилик бар, мимика, эмоциялар өзгөчө, бул жаатта атайын окугансызбы?                              

– Жок, актёрдук билимим жок. Бул сөзүңүз мен үчүн аябай чоң комплимент болду. Бирок мурдатан эле кино көрүп жатканда анализ кыла берчүмүн, “ушул жерин минтип ойноп койсо сонун болмок, мен болсом минтип ойномокмун” деген сыяктуу ойлор болчу. Кесибим боюнча менеджермин, Ата-Түрк “Ала-Тоо” университетинин бизнести башкаруу бөлүмүн бүтүргөм. 5 жыл кесибим боюнча иштеп, кийин курулуш тармагына өтүп кеткем. Албетте, ал жакта деле мык кагып үй салбайм, сатуу, ортомчулук кылуу жагын башкарам. Кесип дегенде мага ар түрдүү ойлор келчү болду. Азыр блогерлик жагына көп ыктап, медиа тармагында жүрүп калдым. Актёр, вайнер, блогер, жарнама тартуучумун, кыскасы, көп тармактуу болуп кеттим окшойт (күлүп). Күтпөгөн жерден эле жолдор ачылып, жашоонун сюрприздери чыга калып жатат.

– Блогерликтин аркасы менен тасмага тартылууга да жетиштиңиз. Кандай болду, жактыбы ал тармак?

– Анткени булар бир казанда кайнай турган окшош кесиптер экен да. Ырчысы, чоорчусу, актёру баары бир кайыкта. Вайн тартып жатсам, эл кабыл алса эмнеге актёр болбошум керек деген ой келди. Бирок бул ой биринчи мага келген жок, режиссёрлордон көп сунуштар түшүп жатты. Башында көнбөй жаттым, анткени драмадан, мелодрамадан өзүмдү көрө албадым. Мага күлкүлүү образ керек эле. Бир продюсер келип “эл сенден актёрлук күтүп жаткандай” деп калды. Кинодо деле вайндардагы образым боло турган болду. Эрмек Таалайбеков деген режиссёр тартты. Бир жылдай даярданып отуруп быйыл тарттык, буюрса, элге жарыялаганы турабыз. Үй-бүлөлүк комедия, сапаттуу кино болду деп ишенем.

– Аскат Сулайманов сыяктуу кесипкөй актёрлор менен тең ата ойной алдыңызбы?

– Аскат Сулайманов, Калипа Таштанова сыяктуу мыкты актёр, актрисалар менен бир аянтчада ойноо мага сыймык болду. Менин биринчи ролум, бирок ошондой кишилер менен баштаганыма ыраазымын. Ооба, сүрү дагы болот экен, бирок тажрыйба да укмуш болду. Мисалы, күлүп сүйлөп жатып эле “камера, мотор” дегенде ыйлап салган учурлар болду. Режиссёр да мыкты болгон үчүн мага жеңил болду, сыягы. Баары колдоп, күч-кубат берип турушту.

– Вайндарыңыз көбүнчө атаңыз тууралуу. Айтсаңыз, атаңыз чын эле сизди ошончолук катуу кармаганбы?

– Атам – менин жашоомдо абдан маанилүү орунду ээлеген адам. Менин кумирим. Вайнда тарткандай эле, эжем келип атамдан акча сураса анын сураганынан да көп берип, а мен сурасам аз эле берип койчу. Бирок бул дагы тарбиянын бир түрү болгон экен. Анткени тентек бала элем, мени катуураак кармабаса, азыр кайсы жерлерде жүрөт элем, ким билет... Кыз эркелеп, “аталап” чайын куюп, айтканын аткарып турса ага өзгөчө мамиле жасайт да. Атам мени көчөгө көп чыгарчу эмес, көп урушчу. Көрсө, атам мага жакшылык каалаган экен. Азыр шүгүр кылам. Вайндагы окуялардын көбү атам экөөбүздүн башыбыздан өткөн. Ата-энем мугалим эле, 90-жылдардан кийин соода тарапка өтүп кетишкен.

– Балалыгыңыз кайсы жерде өттү?

– Менин түбүм Таластан, тайларым Ысык-Көлдөн болушат. Ата-энем борбордо жашашты. Каникулдарда көбүнчө таякелерим жакта болчумун. Таятам мага көп нерсени үйрөттү. 6-класста түрк лицейинин сынагынан өтүп кетип Нарында окудум. Лицейден кийин Бишкекке келип, кийин Түркияда окуп, иштеп жүрдүм. Вайн тартууну да Түркияда жүргөндө баштагам. Бир жерде тынч тура албаган жайым бар, атам айткандай (күлүп). Бир ишти чала кылып, башкасына кете бермей деле жайым жок, бирок көп тармакты байкап көргөндү жакшы көрөм. Көп нерсеге кызыга берем. 2025-жылы Түркиядан көчүп келдим, биротоло келдим десем болот. Үй-бүлөмдү алып келип, азыр ата-энебиз менен чогуу турабыз. Келинчегим мугалим. Бир кызыбыз бар, 8 жашта. 1-классты Түркиядан окуп, эми кыргызча үйрөнүп жатабыз.

– Блогерлик акча табуунун жолубу же чыныгы чыгармачылыкпы, сиздин оюңузча?               

– Чыгармачылык көп бөлүгүн ээлейт. Анткени акча үчүн эле вайн тартып, бирок жумушунан кайф албаса, адам чарчап кетет. Анан адамдар деле азыр акылдуу, 5 видеодон кийин эле кимдин ким экенин билип коюшат. 100 миңдик блогер болсоң деле, жалаң акча дей берсең бир күнү чарчап, эч нерсе кылгың келбей калат. Ошондуктан өзүңдөй эле болушуң керек, кылып жаткан нерсеңди ырахат менен кылып, элдин ыраазычылыгын  көздөсөң, сага баары келе берет экен. Жарнамалар, популярдуулук, кайдан-жайдан эле укмуш сунуштар келип, алдыга кете берет экенсиң. Мен тажрыйбамда акча табууну көздөгөн эмесмин, чыгармачылык көбүрөөк болгон деп айта алам.

– Канча жашка чейин вайн тартам деп ойлойсуз? 

– Көп жылдар бою эле тартсам керек. Болгону 45 жашта башка тематикада тартышым мүмкүн. Анткени адамдын дүйнө таанымы өзгөрө берет тура. Аял-күйөө, ата-бала мамилеси башка бир көз караш менен тартылса керек. Токтобой эле канча жаш берсе ошончо тарта берейинчи (күлүп).

– Камера өчкөндө деле ушул Жанадилсизби?

– Албетте, чыныгы мүнөзүм образымдагыдай эле. Тамашалап, күлүп, жайдары жүрүүнү жактырам. Эми бир аз башкача болушум мүмкүн, анткени кээде олуттуу болууга туура келип калат. 24 саат бою күлүп жүрө албайсың да. Жалпы жонунан вайндарымда кандай болсом, жашоодо деле ошондой элемин.

– Ийгиликтериңизге өз күчүм менен жеттим деп эсептейсизби?

– Жок, Кудай сактасын, антип ойлобойм. Кудай-таалам өзгөчө бир жөндөм берип, мени ушул жолго салды. Эң башынан эле кыргызча контент кылам, элге жаксам экен деп ниет кылгам. Бир аз аракет кылсам Кудай мага андан да чоңураагын берди. Жакындарым, досторум камера алып тарта коюшат. Алтургай азыр атам идея айтып, видео тартып жиберет, келинчегим да ойлорун айтып турат. Апам да сын көз менен бир карап ийип, оңдоп коёт. Кыскасы, айланамда ким болсо, ошолордун баарынын жардамы менен ийгиликке жетип, миллиондогон көрүүлөр болуп жатат. Ошон үчүн мен жалгыз кылып жатам, ийгиликке жалгыз жеттим деп төш кага албайм. Биринчиден, Кудай колдоп, экинчиден, жанымдагы жакын адамдардын колдоосу менен болууда.

– Маегиңиз үчүн рахмат!

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1236, 28-август-3-сентябрь,2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан