(Башы өткөн сандарда)
Эшик ачылды. Каршымда Бүбүштүн атасы турду. Келбеттүү, сүрдүү киши эле. Мени баштан аяк карап чыкты.
– Кимсиң, балам?
Мен терең дем алдым.
– Атым Илим. Ат-Башыдан келгем. Студентмин.
Андан кийин ичкери кирип, анда айткан сөздөрүмдү өмүр бою унутпайм.
– Мен сизге калп айтпайм. Мен кызыңызды сүйөм. Өтө катуу сүйөм.
Ошол учурда Замир дагы чыгып келди. Мени көрөрү менен кабагын түйдү.
– Сен дагы келдиңби?..
Мен аны карап:
– Сабасаң дагы макулмун. Куусаң дагы каршы эмесмин. Бирок бүгүн айтчу сөзүмдү айтып кетем.
Анан кайра атасына кайрылдым:
– Мен азыр бай эмесмин. Менин чоң үйүм жок. Машинем жок. Байлыгым жок. Бирок... Мен кызыңызды өмүр бою урматтайм. Аны эч качан ыйлатпоого аракет кылам. Эгер керек болсо... Өмүр бою эмгектенем. Бирок Бүбүштүн башка бирөөнүн жары болуп кеткенин көрө албайм. Ага сөз берем. Бир күнү татыктуу адам болом.
Бөлмөдө оор жымжырттык өкүм сүрдү. Замир болсо ачуусун араң кармап турган. Мен ошол учурда дагы бир сөз айттым.
– Сабасаң саба. Бирок баары бир мен Бүбүшкө үйлөнөм. Илим ушуну айтып көзүн жумду. Жылмайып койду.
– Азыркы күнгө чейин ошол күндүн датасы эсимде. Жыйырма алтынчы март. Жаз мезгили болчу. Дарактардын бүчүрү жаңы ачылып жаткан. Бирок ошол күнү менин жүрөгүмдө кыш болуп турган. Анткени ошол эле күнү кечинде... Гапардын үй-бүлөсү Бүбүшкө сөйкө салганы келмек. Үйдүн ичинде даярдык жүрүп жаткан. Коноктордун алды келе башташты. Самоор кайнап жаткан. Аялдар дасторкон даярдап жүрүшкөн. Мен болсо ошол босогодо туруп өз тагдырым үчүн акыркы жолу күрөшүп жаткан элем. Ошол күнү эмне болгонун, куда түшкөн тарапка эмне деп жооп беришкенин өмүр бою эч качан унуткан жокмун. Анткени ошол жооп менин гана эмес, Бүбүайымдын да бүт өмүрүн өзгөрткөн жооп болгон... Үйдүн ичин каптаган жымжырттыкты Бүбүайымдын атасынын катуу үнү бузду. Ал жай басып терезенин жанына барды. Көчөдө эски костюм кийген, бирок көзүндө коркунучтан да күчтүү сүйүүсү турган Илимди карап турду. Бир нече секунд үн каткан жок. Анан капысынан артына бурулуп, аялына катуу үн менен кайрылды.
– Карабайсыңбы кызыңды?! Мына ушуга сен жеткирдиң!
Үйдүн ичиндегилер селт эте түштү. Апасы унчукпай калды.
– Сен “кызым үйдөн мектепке, мектептен үйгө эле барат” деп жүрдүң! Көрдүңбү эми? Жүрөгүн башка бирөө ээлеп алыптыр!
Үнү улам катуулап бара жатты.
– Качантан бери ушинтип жүрүшөт? Эмнеге мага эч ким айткан эмес?!
Бүбүайымдын апасы көзүнө жаш алып:
– Мен... Мен билген эмесмин,- деп араң сүйлөдү.
– Билген эмессиңби?! Энеси болуп туруп кызыңдын эмне кылганын байкабай калдыңбы?!
Ошол учурда Бүбүайым көз жашын токтото албай:
– Ата, күнөөлүү эч ким эмес, мен сүйүп калдым,- деди.
Бирок бул сөз атасынын ачуусун ого бетер күчөттү.
– Унчукпа! Сага ким уруксат берди?! Сен биздин кызыбызсың! Сенин тагдырың – бүт үй-бүлөнүн намысы!
Ошол учурда Замир дагы үн катты:
– Ата... Ачууланбаңыз. Мен бул жигитти тааныйм. Ал жаман бала эмес...
Атасы уулуна да каарданды.
– Сен дагы унчукпа! Агасы болуп туруп карындашыңды караган жоксуң! Мен баарыңарга ишенип жүрсөм...
Ал столду муштап жиберди. Идиштер калдырап кетти. Үйдүн ичин кайрадан жымжырттык каптады. Сыртта болсо жаздын шамалы акырын дарактарды терметип турган. Ошол күнү, 26-мартта бир үйдө эки башка чечим бетме-бет турган эле. Бир жагында – ата-эненин аманаты. Экинчи жагында – эки жаш жүрөктүн сүйүүсү. Экөөнүн ортосунда болсо, көз жаш эле.
Илим акырын каткырып күлүп алды. Тинатин таң калып карады.
– Эмнеге күлдүңүз?
– Анткени өмүрүмдөгү эң чоң “жиндилик” кылган күнүм дал ошол күн болгон.
xxx
Жаз... Отузунчу март. Фрунзе гүлгө оронуп турган мезгил. Бирок менин жүрөгүмдө кыш эле. Ошол күнү Бүбүайымдын тою болмок. Той шаардын эң кооз ресторандарынын бири – “Бакыт өргөөсүндө” өтмөк. Коноктор келе башташты. Музыканттар аспаптарын күүлөп жатышкан. Баары күлүп-жайнап жүрүштү. Бир гана менин дүйнөм урап жаткан. Жатаканада түнү менен уктаган жокпуз. Жанымда эки жакын досум бар эле. Экөө тең:
– Илим, акыркы мүнөткө чейин күрөш,- деп мени жалгыз калтырган жок. Анан дагы бир акылсыз ой келди. Жатакананын күзөтчүсү Кеша байкенин эски кызыл Жигулиси короодо турчу. Досум акырын күлүп:
– Кечиресиз, Кеша байке. Бүгүн бизге машинеңиз керек болуп турат,- деди. Ошентип ачкычты алып, машинени айдап чыгып кеттик. Мен болсо бир досумдун кара костюмун кийип алгам, ак көйнөк, галстук. Чачымды тарап... Күзгүнүн алдына туруп көпкө чейин өзүмдү карадым. Чөнтөгүмдө бүктөлгөн бир барак кагаз бар эле. Эгер баары бүтсө... Жаштарга бакыт каалап тост айтып берем деп түнү менен даярдап чыккан сөзүм. Ресторанга киргенде буттарым калчылдап жатты. Анан... Эшик ачылды. Бүбүайым келин көйнөгүн кийип кирди. Аппак көйнөк. Узун фата. Көздөрүндө жашырылган кайгы. Ошол көз ирмемде көкүрөгүм бирөө мыжыгандан бетер ооруду. “Кечигип калдым...” деп ойлодум. Нике аземи башталды. Залда чымындын үнү угулар тынчтык орноду. ЗАГС кызматкери акырын сүйлөдү:
– Бүбүайым, бул никеге өз эркиңиз менен макулсузбу? Залда жымжырттык орноду. Бүбүайым башын акырын көтөрдү. Маңдайында турган мени көрдү. Экөөбүздүн көздөрүбүз тиктешип калды. Ошол бир нече секундда жылдар өтүп кеткендей болду. Фрунзенин көчөлөрү, жамгыр алдындагы биринчи жолугушуу... Биринчи вальс... Биринчи гүл... Баары көз алдыбыздан өттү. Ал терең дем алды. Көз жашын сүрттү.
– Жок,- деди. Үнү акырын чыкты. Бирок бүт зал уккандай болду. Бир заматта ызы-чуу башталды. Коноктор ордуларынан ыргып турушту. Гапар эмне болуп кеткенин түшүнбөй калды. Ата-энеси эмне дээрин билбей калды. Бүбүайым болсо артка бурулуп, түз эле мени көздөй басып келди. Мен дагы бир кадам алдыга бастым. Ал колумду бекем кармады.
– Жүр, кеч болуп кете электе...
Экөөбүз чуркап сыртка чыктык. Эшиктин алдында кызыл Жигули даяр турган. Бир досум эшикти ачып кыйкырды:
– Тез!
Экинчиси моторду өчүрбөй күтүп турган. Биз арткы орундукка отурарыбыз менен машина чаң чыгара ордунан козголду. Артыбыздан кыйкырыктар угулду. Бирок ошол учурда биз үчүн эң маанилүү нерсе – экөөбүздүн колубуз бири-биринен ажырабаганы эле. Шаар акырындап артта калып жатты. Фрунзенин жарыктары алыстап баратты. Бүбүайым терезеден сыртты карап туруп акырын ыйлап жиберди. Мен анын колун бекем кыстым.
– Коркпо. Эми сен жалгыз эмессиң.
Ошол түнү биз борбордон алыска, тоолорду көздөй, Ат-Башыга сапар тартканбыз. Жашообуз кандай болорун билчү эмеспиз. Бирок бир нерсени так билчүбүз. Бул жолу тагдырыбызды өзүбүз тандаган элек.
Илим бир топко чейин сүйлөй албай калды. Тинатин анын жүзүн карады. Мына азыркы көз жаш – өткөндү эстеген адамдын көз жашы эле.
– Той күнү... Бизде дүйнөдөгү эң кымбат нерсе бар болчу. Бири-бирибиз. Байлык жок. Үй жок. Бир бөлмөлүү эски батирде жашачубуз. Кышында терезеден шамал кирчү. Жайында бөлмө ысып кетчү. Бирок кечинде экөөбүз бир чыны чай ичип отурганда өзүбүздү дүйнөнүн эң бактылуу адамындай сезчүбүз. Бүбүш ар дайым күлүп:
– Бир күнү ушул үйдүн ичинде кичинекей бөбөктүн күлкүсү жаңырат,- дечү. Мен дагы ишенип:
– Үчөө болот. Экөө кыз. Бирөө уул,- деп кыялданчумун. Бир күнү дарыгер кубанычтуу кабар айтты.
– Куттуктайм... Наристелүү болосуңар.
Ошол күнү экөөбүздүн кубанычыбызды сөз менен айтып берүү мүмкүн эмес эле. Үйгө чейин жөө басып келатып экөөбүз тең ыйлаганбыз. Бактылуу болгонубуздан... Бүбүш кичинекей байпактарды токуй баштады. Мен болсо базардан жыгач бешик сатып келдим. Ар күнү кечинде курсагына кулагымды коюп:
– Атаң бул жерде... Угуп жатасыңбы?- деп сүйлөшчүмүн.
(Уландысы кийинки санда)