Биз социалдык тармакта

ЖУМШАК ОЮНЧУКТУН БАЛА ҮЧҮН 3 ПАЙДАСЫ

Ар бир балада көтөрүп жүрүп ойноп, кучактап уктап, атүгүл конокко кошо алып барган сүйүктүү оюнчугу бар болушу мүмкүн. Жумшак оюнчук – жөн гана оюнчук эмес, ал баланын өнүгүүсүнө чоң таасир этүүчү буюм. Кандайча экенин айтып беребиз. 

 

Достукка тарбиялайт

Ал оюнчук менен бала сүйлөшөт, сырларын айтат, корккондо ошону караан тутат. Ал “досу” балага ар кандай кырдаалдарда жардам берет. Мисалы, алгачкы жолу бала бакчага барганда сүйүктүү оюнчугун кошо берсеңиз стресске көп кабылбайт, бакчага тез көнөт. Эгерде бир бөлмөдө жалгыз жатса, уктай албай коркушу мүмкүн. Мындай учурда да жумшак оюнчукту кучактап жатса тез уктайт. Жолго чыкканда, тамактанууда, мультфильм көрүүдө да баланын досунун милдетин аткарат. Бирок сыртта балдар менен ойнобой, оюнчугу менен гана алек боло берген бала өзүнө ишенимсиз болуп калат. 

Боорукерликке үйрөтөт

Жумшак оюнчугуна досу катары кам көрөт. Колунан түшүп кетсе “бир жериң ооруган жокпу?” деп сурайт. Ошентип оюнчук баланы мээримдүүлүккө, башкаларга кам көрө билүү сыяктуу сапаттарга тарбиялайт. Оюнчугуна дайыма кам көрүп чоңойгон кыздан кийин мыкты эне чыгат. 

Ой жүгүртүүсүн өнүктүрөт

Жумшак оюнчуктар сюжеттүү ролдорго абдан ыңгайлуу. Алар актёрдун ролун аткарышат. Ал эми мындай оюндар баланын өнүгүүсүнө чоң таасир этет. Айрыкча 2,5-3 жашта мындай оюндарды көп ойногон баланын элестетүүсү жана ой жүгүртүүсү мыкты өнүгөт. 

Убагында жууңуз

Жумшак оюнчуктар чаңды өзүнө тез тартат. Ал оюнчук балаңыздын колунан түшпөсө, аны менен кошо жыгылышы мүмкүн. Демек, кир болот. Андыктан тазалап, бир айда бир жууп туруңуз. Алардын көпчүлүгүн кир жуучу машинага жууганга болот. 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1236, 28-август-3-сентябрь,2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан