Биз социалдык тармакта

КҮНДӨН КОРГООЧУ КӨЗ АЙНЕКТИ ЭСКИМОСТОР ОЙЛОП ТАПКАН

Алыскы Түндүк элдери

Күндөн коргоочу көз айнектердин прототиби байыркы заманда эле пайда болгон. Тагыраагы, Алыскы Түндүк элдеринде (эскимостордо) колдонулган. Алар сөөк, тери, тактайды болушунча жукартып, эки көздүн тушу гана ачык болгудай ичке сызык кылып тешишкен. Эки тарабынан жип өткөзүп бет кап сыяктуу тагынып алышкан. Алар жашаган аймактын аба ырайы катаал болуп, дайыма калың кар жаап, карга тийген күндүн нуру көзгө чагылышып эч нерсе көрүнбөй, көз ооручу.

Байыркы Кытай

XII кылымда көз айнек сыяктуу буюмдар байыркы Кытайда колдонула баштаган. Кварц пластинасынан жасалган көз айнекти соттор гана тагынышчу. Күндөн коргонуу үчүн эмес, кылмышкерлердин ишин иликтеп жатканда жүзүндөгү эмоцияларды жашыруу үчүн көз айнек колдонулган.

Илимий көз айнектер

18-кылымда көз айнекке окумуштуулар илимий жактан кызыгуу жарата башташкан. 1752-жылы англиялык окумуштуу Жеймс Эскью биринчи жолу түстүү (көк, жашыл) линзалары менен көз айнектерди иштеп чыккан. Дал ушул жыл тарыхта расмий түрдө көз айнектин чыгарылган убактысы катары белгиленип калган.

Дүйнөгө тарашы

Француз армиясынын Египетке болгон чабуулу учурунда Наполеон Бонапарт ачуу тийген күндөн жана шамалда бетке чачыраган кумдан аскерлерин коргоо максатында айнектери караңгылатылган көз айнектердин ири партиясына буюртма берген.

20-кылым

1929-жылы америкалык Сэм Фостер аттуу айым арзан баадагы күндөн коргоочу көз айнектерди чыгарып, Foster Grant компаниясы аркылуу коомчулукка сунуштаган. Жылдан жылга көз айнектерге болгон суроо-талап жогорулап отуруп, түрдүү формадагы, түркүн түстөгү көз айнектерди азыр биз дагы колдонуп келебиз.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1236, 28-август-3-сентябрь,2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан