Бүгүн бизде конокто – кыргыз искусствосун Европада даңазалап жүргөн Эшимбековдун труппасы. Труппанын жетекчиси, КРнын Эл артисти Манат Эшимбеков акыркы жаңылыктары менен гана бөлүшпөстөн, артист катары жүрөгүн ооруткан маселелер тууралуу да кеп козгоду.
ЭШИМБЕКОВДУН ТРУППАСЫ
Манат Эшимбеков жетектеп келген труппа (жигитовкачылар жана дарчылар) чет өлкөдө цирк оюндарын коюп жүргөн жалгыз ата мекендик артисттер тобу болуп саналат. Труппа 2010-жылы Монте-Карлодо өткөн 34-Бүткүл дүйнөлүк цирк өнөрүнүн фестивалында байгелүү 2-орунду ээлеген. Мындай жеңишке Кытайды кошпогондо, Азиядан башка бир да өлкө жетише элек. Салыштырып айтсак, аталган фестиваль спорттогу Олимпиадалык оюндар, кино тармагындагы “Оскар” сыйлыгындай эле абройго ээ.
– Мына дагы бир жыл артта калып, мекенге кайтып келдиңиздер. Өткөн сезондо кайсы өлкөлөрдө болдуңуздар?
– Алгач 3 ай Болгарияда болдук. Андан кийин Германияга сапар алдык. Италиянын телеканалдарынын бири менен да кызматташтык. Мындан тышкары Израиль, Англия, Шотландия, Ирландия сыяктуу өлкөлөрдө өз өнөрлөрүбүздү тартууладык.
– Жылкылар адаттагыдай эле Болгарияда калдыбы?
– Ооба. 8 жылкыбызды өзүбүз менен кошо алып келүү үчүн көп каражат кетет. Анын үстүнө кышында Орусия аркылуу келгендиктен, суукта ооруп калуу коркунучу бар. 2 айлык жем-чөп, витамин жана башка керектүүлөрүн камдап келдик.
– Былтыр «президент кабыл алат экен» деп айттыңыз эле...
– Андай кептерди угуп, биз да кубанганбыз. Тилекке каршы, айтылган сөздөр сөз жүзүндө эле калып жатат. Мисалы, Атай деген бийчи жигитке бийлик үй бермекчи болуптур. Биздин труппадагы артисттер андан айырмаланып, өз өнөрлөрүн ондогон жылдардан бери бүт дүйнөгө көргөзүп, кыргыздын искусствосун таанытып келишет. Аны менен биздин жигиттерди салыштырып болбойт, албетте. Ал өзү жеке эмгектенет, биз труппабыз менен. Биздин жигиттерге үйдүн, аны-мунунун кереги жок. Болгону, ушул балдарга көңүл буруп, духун көтөрүп коюшса жакшы болмок.
– Европаны кыдырган саякатыңыздарда укмуштуу окуялар болбой койбосо керек. Бул жолу кандай кызыктуу окуяларга туш болдуңуздар?
– Израилге атайын чакыруу менен барганбыз. Концерт башталарда карасам, цирктин устундары кооптуу болуп орнотулган экен. Артисттердин коопсуздугу үчүн программадан баш тартууга аргасыз болдум. Анан цирктин директору менен урушуп, ал акчабызды төлөп бербей койду. Жылкыларды алып кеткенге каражат жок эки апта жүрдүк. Дагы жакшы, кийин бир орусиялык кеме менен Одессага чейин келип алдык. Капитаны түшүнүктүү, жакшы адам экен.
– Мындан башка да европалыктар “кидать” эткен учурлар болгонбу?
– Андай учурлар болот. Германиянын Борелли циркин сотко бергенбиз, бизге 14 миң евро төлөп бербей койгону үчүн. Көрсө, алар дагы башка артисттерди чакырып алып, акчасын бербей жүрүшүптүр.
– Сиздердин өнөрүңүздөргө күбө болгондордун арасында атактуулар да болсо керек?
– Жеке мен өзүм атактууларга анча кызыкпайм. Бул суроого труппадагы жаштар жооп беришсе, максатка ылайык болмок. Биздеги жаш жигиттер атактуу спортчу, ырчылар менен далай ирет жолугушуп жүрүшөт. Футболчулардан Христо Стоичков жана Роналдиньо менен жолугушканын билем.
– Соңку мезгилде кыргыз циркинин тегерегинде түрдүү кептер айтылууда. Бул боюнча артист катары кандай ойдосуз?
– Былтыр биз кеткенде мамлекетте бийлик алмашып, жаңы адамдар келиптир. Президенттин өзү коррупцияга согуш жарыялады. Өлкөбүздө кайра курууларды баштоого бел байлады. Бирок Европада көп жылдардан бери жашап, дүйнөнүн мыкты цирктери менен иштешкен адис катары мени маданияттын храмы деп саналган циркте болуп жаткан иштер кейитүүдө.
– Кененирээк айта аласызбы?
– Билесиңби, кандай гана мекеме болбосун, кызматта өз ишинин чеберлери болуш керек. Мамлекеттик цирктин учурдагы жетекчиси Курмангазы Исанаев – мурдагы милиция кызматкери, тактап айтканда, цирк үчүн чоочун адам. Цирк учурда коррупциянын уясына айланган. «Чет элден келген цирктерден түшкөн каражаттар толугу менен казынага түшпөйт» деген маалыматтар бар. Мындан тышкары циркке караштуу сырттан келген конокторду кабыл алуучу атайын мейманкана бар. Ал жерде коноктор бекер тейлениши керек. Аларды бекер тейлөө – цирктин милдети. Бирок андай эмес экен. Жакын арада жеке менчикке өткөрүп алышат дешүүдө. Ошондой эле өмүрү эч ким көрбөгөн артисттер айлык алып жүрүшөт дейт. Мисалы, 10 кишиден турган оркестр. Аларды эч ким көрбөптүр. Цирктин имаратынын бир канча бөлүгүн ижарага берип койгонун айтпай эле коёюн. «Оңдоп-түзөө иштерин жасайбыз» деп акча алышат экен да, косметологиялык эле ремонт жасап коюшуптур. Аны-мунуну сырдап, эшиктерди алмаштырып дегендей. Бир сөз айтканда, цирктин абалы мышык ыйлай турган абалда. Артисттердин костюмдары, унаа жетишсиз. Бул мени абдан өкүндүрөт. Артисттер акча сурашса, «акча жок» дешет. Цирктер келип жатат, цирктин имараты бүт ижарага берилген. Анан кандайча акча жок?
– Абалдан чыгуу үчүн, Кыргызстанда цирк искусствосун кайра жаратуу үчүн эмне кылуу керек?
– Эң негизгиси, циркте өз ишин мыкты билген адамдар, чыныгы профессионалдар болушу керек. Жөнөкөйлөтүп айтканда, учурдагы цирктин жетекчиси цирктин тилин билбейт. Циркти кайра жаратуу үчүн артисттерге көңүл буруу керек. Аларга мыкты шарттарды түзүп, профессионалдык деңгээлин көтөрүү зарыл. Артисттердин өнүккөнү – цирктин өнүккөнү. Мына ошондо гана алар өз өнөрлөрүн элдерге тартуулай алышат. Эл циркке келет. Рыноктун шартында артист өз өнөрүн элге сата ала турган болуш керек.
Базарбек Абдураимов
sport@super.kg