Өткөндү сагынткан, жаштыкты эске салган ырлар болот. “Баягылар” тобунун көп чыгармалары дал ошондой – бир муундун гана эмес, бир нече муундун жүрөгүнөн орун алган ырлар. Ошол топтун таланттуу ырчысы Талант Асаналиев чыгармачылыгы, жашоосу жана сахна артындагы инсандык дүйнөсү тууралуу маек курду.
– Саламатсызбы, Талант байке? Чыгармачылык жолуңуздун башаты тууралуу сурайын маек башында...
– Саламатчылык. Чыгармачылык жолум балалыктан эле башталды деп ойлойм. Анткени атам комузду жакшы чертчү эле, эс тартканымда мени жанында отургузуп алып комуз үйрөтө баштаган. Бул балалыктагы жүрөккө аябай жакын элестер. Кийин бир аз чоңойгонумда агаларым мага гитара үйрөтүштү. Ошентип бала чагымда эле мага үрөндү акырындап себишкен экен, эми ойлосом. Балалыгым айтылуу Суусамырда өттү. Апам, бейиши болгур, мен бала кезде эле бул дүйнөдөн өтүп кетти. Ал эми атамдын менин чыгармачыл адам болушума, дегеле адам болушума салымы чоң болду. Агаларым комуз үйрөнүп келе жатып эле орто жолдон гитарага ыктап кетишсе, буга атам нааразы болуп калчу. Мага карата “ушул балам комуз чертип, дастан айтса экен” деп абдан аракет кылды. Мен да гитара чертип калсам, “алдагыны эмне кыласың колтойтуп” деп сүйлөнүп калар эле.
– Ырчы катары алгачкы кадамдар кантип ташталды?
– Көп жылдар айылда эле жүрдүм. Үйлөнүп-жайланып, эл катары тиричилик кылчумун. Трактор айдачу элем. Айылда той болуп калганда ырдап, коноктордун маанайын ачып сүйлөп берчүмүн. Анан эле тамада деген кесип чыгып калды ошол туштарда. Кара-Балтада досторум бар, алар “сен ушу тамадалыкка жарайсың, байкап көрбөйсүңбү?” деп калышты бир күнү. Макул деп той алып бара баштадым. Ырчылыктан тамадалыкка өтүшүм тез болду эмнегедир. Ошентип анча-мынча элге таанылып калганда айылдагы агаларыбыз “сенден башкасы жарабайт, биздеги маданият үйүнө жетекчи болуп бер” деп калышты. Азыркыга чейин ошол жумушту аркалап келе жатам. Билимим орто болчу, бирок акыркы жылдары “завклубдар сөзсүз билим алышы керек” деген мыйзам чыгып, быйыл Токмоктогу музыкалык окуу жайдын дипломун колума алдым.
– “Баягылар” тобуна качан жана кантип кошулуп калгансыз?
– “Баягылар” тобуна бир жактан келип кошулуп калган эмесмин, мен ошол топту түзүүчүлөрдүн биримин. Төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр менен тойлордо, айтыштарда жолугуп жүрүп аябай жакын дос болуп кеттик. Кийин чыгармачыл жакын саналааш катары топтун башка мүчөлөрү да дос болуп калдык. Анан шерине уюштуруп, ырдайбыз. Биз ырдап жатканда Жеңишбек телефонуна видеого тартып социалдык тармактарга чыгарып койчу. “Баягылар шеринеде ырдап жатышат, антип жатышат, минтип жатышат” деп жазып койчу. Ошентип топ түзүлүп, аты “Баягылар” болуп калды. Ушул кезге чейин шеринелеш, жакшы достордонбуз.
– Демек, айылда турат экенсиз. Айылда жашоо чыгармачылыкты артка тартабы?
– Айылда атамдан калган үйдөмүн. Мал чарбачылык бар, дыйканчылык бар, кадимки эле айылдагы тиричилик. Жогоруда айткандай, клуб жетекчиси болуп иштейм, ийримдер бар. Айылдагы жашоом чыгармачылыкка жолтоо болбойт, тескерисинче, ошол айылда болгонум үчүн менде көбүрөөк кызыгуу, ынтызарлык бар болуш керек. Үйүмдө комуз, аккордеон, синтезатор, жана башка музыкалык аппаратуралар бар. Эгерде шаардан буюртма түшсө, чаап жетип барам. Концертке даярданыш керек болсо, андан бетер тез жетип барам.
– Топтогу кимдин талантын өзгөчө баалайсыз?
– Топтун ичинде ар бирибиздин өз ордубуз бар. Бирин жогору, башкасын төмөн деп баалай албайм. Болгону Жеңишбектин орду башкача экенин айта кетиш керек. Ал программаны түзгөндө, ыр тандаганда, роль бөлүштүргөндө, анан концерт бүткөндө да жакшы анализ кылып берет. Эми Жеңишбек Жумакадырдын орду кыргыз элинде өзгөчө эмеспи, албетте, ал топ арасында да билинип, бааланып турат.
– Көпчүлүк деген көпчүлүк. Топтун ичинде деле пикир келишпей калган учурлар болобу?
– Пикир келишпестик деле болбойт. Вокал жактан “ким экинчи үндү алат, ким кандай ырдайт?” дегенди Талант Сыдыков оңдоп-түздөп турат. Кимдин эмнеси жетпей жатса айтып, кеңешип чечип, колдон келишинче колдоп кетебиз. Ушуга чейин андай же мындай деген кайчы пикир боло элек, болбой эле койсун.
– Элге таанылгандан кийин адам өзгөрөт дешет. Сизде өзгөрүү болдубу?
– Өзгөрөт деп мен да угуп калам, бирок ал нерсе менин табиятымда жок окшойт. Өзгөргөн жокмун деп так айта алам. Мен эле эмес, “Баягылардагы” баарынын эле мүнөзүндө антип жылдыз болуп кетүү жок окшойт. Тээ илгери жолукканда кандай болсок, азыр деле так ошондойбуз. Бой көтөрүп, керсейип кеткен жокпуз. Канчалык таанымал болуп кеттим билбейм, бирок “Баягылар” баягыдай боюнча эле каларыбызды так билем.
– Артка кылчайып өкүнгөн нерсеңиз барбы? “Каап, убагында минтип койсом болмок экен” деп...
– Жок, баары дал ушундай болмок болуш керек. Анткени тагдыр деген эбак эле жазылган да, эгерде бир иш болсо, демек, дал ушундай болмок деп ойлойм.
– “Баягылар” тобунун ийгилигинде сиздин жеке салымыңыз эмнеде деп эсептейсиз?
– Укмуш салым кошуп жибердим дебейм. Бирок айтылуу “Танцор дискону” кыргызча которуп ырдабадык беле? Ошол менин идеям эле, балдар жакшы аткарып берип, элдин жүрөгүнөн орун алган интермедиялардын бири болду. Негизи мен көп учурда интермедияларга идея кошом, ал эми өзгөчө салым кошуп жибердим деген ой жок.
– Бүгүнкү жаш ырчылардан кимди угасыз?
– Ырчылардын көбүндө мыкты талант бар, баалайм. Алардын ичинен Кутман Садыбакасов деген инимдин чыгармачылыгы жүрөккө жакын.
– Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз...
– Үй-бүлөм тууралуу айтсам, келинчегимдин чыгармачылыкка салымы чоң. Киного тартылууга кетемби, концертке же тойго кетемби, кийимдин жакшысын камдап, аттап-тондоп узатып, кайра жаркылдап тосуп алат. Үйдө тыл күчтүү болсо, эркек да көңүлү ток жүрөт экен. Чыгармачылыкка ошончо берилет экен дегендей. Эки кыз, үч уулум бар. Кыздарым турмушта, өздөрү менен өздөрү. Уулдарымдын бири үйлөнгөн, экөө али кичине.
– Ата катары балдарыңызга кайсы кеңешти көп айтасыз?
– “Эч качан калп айтпагыла, адамгерчиликтүү болгула” деген нерсени көп айтам.
– Жашоодо көңүлүңүзгө абдан катуу тийген, бирок сизди чыйралткан кандай окуялар болгон?
– Жаш кезимде жакшынакай бир кызды жактыргам. Сүйүүмдү арнап, балалык таза сезимдер болгон окшойт го. Бирок ал мени баласынтып койдубу, айтор, караган жок. Ошол окуя намыстантып, күчтүү кылдыбы деп калам. Анан 90-жылдар кыргыз элинде оор жылдар болбодубу, жанталашып тиричилик кылууга аракет кылдык да. Ал жылдар күчтүү кылды, балким... Жоготуулар – биз өзгөртө албаган тагдырдын бүтүмү эмеспи, ага арга жок баш ийесиң.
Нуржамал Жийдебаева