Ысык-Көлдүн кулуну, ырчы жана аккордеончу Каныбек Закиров акырындык менен өз аудиториясын топтоп келе жатат. Ырчынын репертуарында дос, ата-эне, бир тууган тууралуу чыгармалар басымдуулук кылат. Маекте “Менин досум” ырынын кызыктуу тарыхы тууралуу да айтып берди. “Адамды жөнөкөйлүк кооздойт” деген жаш ырчынын тилеги ата-энесин чет өлкөгө саякаттатуу. Ал эми өзү келечекте абройлуу, эл сыйлаган адам болууну кыялданат.
– Каныбек мырза, салам! Алгач өзүңүздү үч сөз менен сүрөттөп берсеңиз?
– Саламатсызбы! Уйкучу, аракетчил, тааныштарымдын айтуусу боюнча жакшы адам (күлүп).
– Күйөрмандар сизди ырчы, аккордеончу катары тааный башташты. Эл билбеген Каныбек кандай?
– Угармандарымдын 80 пайызы мени түштүк тараптан деп ойлошот. Досторум Ош, Жалал-Абад тараптан. Келбетибиз окшош деп күлүп калышат.
– Бир тууган агаңыз комуз чертчү экен. Үй-бүлөңүз чыгармачылыкка жакын окшойт?
– Атам кой оозунан чөп албаган момун, жоош адам. Бирок анын көз карашынан эле баарын түшүнөбүз. Апамдын аты Кундуз. Колу гүл десем болот. Чыгармачылыкка кадам таштагандан бери формаларымды тигип, кийинтип жатат. Ар бир тигип берген кийимин кастарлап кием.
Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз, мен үйдүн кенжесимин. Улуу агамдын аты Жаныбек, эжелерим Замира, Кадия. Баары турмуш жолунда. Ооба, байкем кичинесинен комузда кол ойнотчу. Көптөгөн сынактарга катышып, ийгиликтерге жеткен. Бирок классташ достору “комузду кыздар ойнойт” деп намысына тийип коюшкан окшойт, кийин комуз чертпей калды. Менин аккордеондо кол ойнотуп калганымдын себепчиси — байкем. Үйдө кичинекей гармошка бар эле. Байкем күндө кечинде жумуштан келгенде ошону ойноп отурчу. Мага ар бир клавишасына кыздардын тырмак боёгу менен белги коюп берип ойногонду үйрөтчү. Демек, биринчи мугалимим – бир тууганым десем жарашат.
– Сахнага жаңы чыгып келе жаткан жаш ырчы үчүн эң оор нерсе эмне экен? Акча, байланыш, жакшы ыр табуу же аудитория топтообу?
– Таанышың болуш керек экен, алардын кеңеши сөзсүз керек. Анан ырчылыкта жакшы ырдоо эмес, жакшы ыр тандоо биринчи орунда турат. Досторум айтып калышат “сенин ыр тандоо жөндөмүң жакшы” деп. Жакшы ыр болсо, аудитория акырындан топтолот экен.
– Сиздин да багыңызды бир ыр ачып кетти окшойт?
– Ар бир ырчыны бир ыры көтөрүп кетет экен. Албетте, ал ыры чыкканга чейин жазылган ырлары да түрткү болот. Себеби кайсы ырың элге жагып кетерин билбейсиң да. Он ыр жазсаң, арасынан сөзсүз бирөө элге жагат. Сабыр жана тынымсыз аракет керек.
– Эми сизди элге тааныткан “Менин досум” ырыңыздын таржымалын айтып берсеңиз?
– Оо, бул ырдын таржымалы өтө кызык. Кыскача айтып берейин. Ырдын авторлору казак бир туугандар. Бир күнү түн ичинде TikTok’тон угуп калдым. Кыргыз жигити аэропортко досун тоскону барып, видеого ушул “Менин досум” ырын коюп алыптыр. Укканда эле дароо жакты. Ютубга кирип карасам, казак ырчысы Айбек Кайбулла ырдайт экен. Авторго Инстаграм аркылуу байланышууга аракет кылдым, бирок жооп бербеди. Айла жок, ырды жаздырышым керек болду. Дароо Калыс Айтбаев досум экөөбүз отуруп алып текстин кыргызчага котордук. Эртеси эле студияга барып, Арслан Садыбакасов деген досума жаздырдым. Анан Балыкчы шаарындагы классташ баламдын тоюнда ырдап, кечинде социалдык тармакка киргизсем, эртең менен 800 миңден ашуун көрүү топтолуптур. Албетте, авторлор тарабынан коркутуулар болду. Дароо эле 6 миң доллар сурашты. Менде андай каражат жок эле, ошондуктан Ютубга чыгарбай эле ырдап жүрөм.
– “Кызыңызды бериңизчи, апа” деп ырдап жүрөсүз. Жүрөгүңүздүн ээси барбы?
– Бул ырдын чыкканына жарым жыл болду. Тойдо ырдап көптөгөн күйөө балдарды киргиздим. Өз теңимди тапсам, кайненеме “Кызыңызды бериңизчи, апа” деп барганга даярмын (күлүп). Азыр жүрөгүмдүн ээси жок. Болсо жашырбайм.
– Соцтармакта кыздар менен тартылган кыска видеороликтериңиз көп экен. Бул сиздин фишкаңызбы?
– Жок, жөн гана контент. Видеодо жаныңда кыз турса, көрүп жаткан адамга да кызык экен (күлүп). Сүйүү тууралуу ыр болсо, сөзсүз кыз тартыш керек. Жалгыз тартсаң, тузу жок тамактай болуп калат. Ошентип кыздар менен видео тартсам “кечээ эле башка кыз эле го” деген сөздөр көп болот (күлүп). Видеого тартылгысы келген кыздар болсо, жок дебейм.
– Ырчыга жакшы үн жетиштүүбү же атайын образ, соцтармактар биринчи орундабы?
– Ырчыга үн биринчи орунда болушу керек. Үн болбосо, эч бир социалдык тармак жардам бере албайт. Мисалы, тикмечи деле тиккенди билбесе, он түрдүү машинасы болсо да иштей албайт. Ошол сыңары эле ырчыга биринчи орунда үн керек.
– Музыкалык билимиңиз барбы?
– Албетте. Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды аяктагам. Азыркы учурда студентмин.
– Башка ырчылардан эмнеңиз менен айырмаланам деп ойлойсуз?
– Башка ырчылардан айырмачылыгым — сүйүү тууралуу көп ырдай албайт экенмин. Көбүнчө дос, ата, апа, бир тууган деген темадагы ырларды ырдайм. Мүмкүн, ушул нерсе менен бир аз айырмалансам керек (күлүп).
– Эгер бир ырчынын үнүн, экинчисинин образын, үчүнчүсүнүн популярдуулугун алып өзүңүзгө кошо алсаңыз, кимден эмнени алмаксыз?
– Баарын Нурлан Насип агамдан алмакмын.
– Башкалар сизди кантип сыпаттаса жаңылышат?
– Мени абдан олуттуу, тамашаны көтөрө албайт дешет экен. Бирок тамашакөй, “жашоо бар, жашаш керек” деген адаммын (күлүп).
– Ырдын хит болушуна эмненин таасири көп деп ойлойсуз?
– Аны эч ким айта албайт, баары бир Кудайдан. Үнүң ушунчалык күчтүү, тембриң кооз болсо да, ырың кетпей калышы мүмкүн. Ал буйрук экен. Күтпөгөн ырың элге өтүп, ишенип, үмүттөнгөн ырың өтпөй калышы мүмкүн.
– Жакын арада күйөрмандар сизден кандай жаңылыктарды күтүшсө болот?
– Буюрса, жаңы чыгармаларды даярдап жатабыз. Жакын арада тартуулайбыз. Сырымды ачпасам болбой калды окшойт (күлүп). Алып баруучулук, тамадалык кесипти да аркалай баштадым. Элибиздин жакшылыктарында, тойлорунда кызмат кылууга даярбыз. “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” дейт го.
– Ата-энеңизге кандай жакшы иш кылгыңыз келип жүрөт?
– Ушул ийгилигимдин баарына ата-энемдин батасы менен жетип жатам. Чоң кыялдарымдын бири — ата-энемди ажылыкка алып баруу, башка мамлекеттерди кыдыртып, эс алдыруу.
– Келечекте өзүңүздү кандай элестетесиз?
– Келечекте өзүмдү абройлуу, эл сыйлаган адам болсом деп тилек кылам.
Мээрим Дербишалыева