Жайгашкан жери – Ош облусу, Ноокат району
Кожолуктун (түтүн) саны – 425
Элдин саны – 2296
Абдыкерим Муратов, жазуучу:“Аталышы “чоң тоо суусу” дегенди билдирет”
– Айыл мурда Ноокат районунун Ленинизм колхозунун борбору болгон. 1934-жылы 15-19-февралда Бүткүл союздук I съезд өтүп, ошого карата “I съезд” атындагы колхоз аталат. Анан Ташмат Салманов (1870-1954) деген киши кулакка тартылып, анын коргону мектепке айлантылат. Ага Курамаев деген киши директор болуп, элдин кат-сабатын жоюуга киришет. Союз урагандан кийин айыл Шанкол деп аталган. Азыр ал айыл экиге бөлүнөт: Шанкол жана Котур-Булак деп. Бирок эл мурдагыдай эле экөөнү бир айылдай сезип, “Каяктансың?” десе, “Шанколдонмун” дешет. Айыл Шанкол дарыясынын боюнда жайгашкан. Шанкол – монгол сөзү, 2 сөздөн түзүлгөн. Мааниси 2 түрдүүчө түшүндүрүлүп келет. Биринде “шан – тоо”, “кол – өзөн, суу” деген маанини берип, жыйынтыгында “тоо суусу” болуп чечмеленет. Экинчисинде “шан” монголдорчо “белек”, “гол” деген “чоң, күчтүү суу” деп которулуп, “Кудайдын белекке берген чоң суусу” деген маанини берет. Совет бийлиги жаңы орноп жатканда бул жерге мугалим болуп келген акын Темиркул Үмөталиев “Шаң-Көл” деп жазат. Тоо башында көл болгону үчүн айыл ушинтип аталганбы деп да ойлойсуң.
Айылдан чыккан атактуулар
Аталган айылга биринчи жолу велосипед жана патефон алып келген киши – мугалим Нуражи Ташматов болгон деп айтылат. Жазгыч да, төкмө да акын болгон. Согушка бара жатканда төгүп ырдап, көз тийген дешет. Айылдан чыккан атактуулар: алдыңкы саанчы, Кыргыз ССР Жогорку советине депутат болгон Сапсар Сабирова, комсомол Малике Арзыбаева, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алтынбек Сулайманов да ушул айылдын кулуну. Абдыкерим Муратов – жазуучу, педагогика илимдеринин доктору, мектептер үчүн кыргыз адабияты окуу китептеринин автору.
Нурлан Карыбеков, айыл башчысы: “Элибиз дыйкан жана багбан”
– Айылда мектеп, ФАП, 1 мамлекеттик жана 2 жеке балдар бакчасы, күрөш залы бар. Элибиз дыйканчылык, мал чарбачылык, багбанчылык менен алектенет. Картошка, жүгөрү, беде эгишет. Кышында кымбат сатылчу сорту жакшы алмаларды өстүрүп, сатып киреше табышат. Алмадан тышкары шабдалы, кокон гилас өстүргөндөр да көп. Башкы жолубуз асфальтталган, калгандары таш жол. Калк таза суу менен камсыз болгон эмес, эмдигиче Шанкол дарыясынан ташып ичишет. Суу киргенде, жамгыр жааганда суу ылайланат. Андайда сууну чыпкалап, тундуруп ичкенге мажбур болуп калат. Дарыядан келген суудан резервуар курганбыз, андагы суудан элдин 30 пайызы түтүк менен тартып үйлөрүнө киргизип алышкан. Таза суу долбоору 2027-жылы ишке киришкени турат.
Нуртилек Касым уулу, спортчу: “Кол күрөш боюнча чемпионмун”
– Мен Азия оюндарында пара-армрестлинг боюнча 5 жолу катышып, 2 жолу чемпиондукту утуп алгам. Ушул эле жаатта дүйнөлүк чемпиондукка 5 жолу катышып, 2 жолу 2-орунду, 3 жолу 3-орунду багындыргам. Буюрса, дүйнөлүк пара-армрестлингде 1-орунду утсам дейм. Мен оң, сол кол менен да күч сынашам. 2 жыл пара-армрестлинг жаатында Кыргызстандын мыкты спортчусу наамын алгам. Шанкол айылынын кулуну экениме сыймыктанам.
Сапи Топчубаева, уз: “Кызын узатууда атасы белине ак оромол байлайт”
– Уздар жасачу буюмдардын баарын жасоону айылдаш келиндер менен кошо жүрүп үйрөнгөм. Таар, килем да согом. Таардан куржун, туз баштыкчаларды жасайм. Алгач койдун жүнүн ийрип алам. Кийиз панно, таар куржунумду чет элдиктер сатып алып кетишкен. Башка жактарда кездеше бербеген тамактардан бизде олобо (сүт куюлган өпкө), жылкынын ичегисине салынган быжы бар. Каада-салттарыбызга токтолсок, кыз узатуу жөрөлгөсү өзгөчө. Мисалы, кызын узатып жатканда атасы анын белине ак оромол, күйөө баласына тон кийгизип, атлас бел боо курчайт. Күйөө баланын алдына 9 себет, бышырылган кой коюлат. Аны күйөө баланын достору сатып алышат да, өздөрү менен кошо алып кетишет.
Канымжан Усупбекова