Каарманыбыз Ибарат Амангелдиев кыргыз маданиятынын бир бөлүгү болгон саймачылык өнөрдү аркалап келе жатат. “Кыргыздын бул унутулуп бара жаткан өнөрүн жаңыртып, дүйнөгө таанытып, жаңы муунга үйрөтүүнү максат кылам” дейт ал. “Жигитке 70 өнөр аз” дегендей, Ибарат мырза сүрөтчү, дизайнер, музыкант дагы.
“Кол өнөрчүлүк мага кандан өткөн”
– Өзүмдү тааныштырсам, 28 жаштамын. Нарын шаарында туулуп-өскөм. 2 университеттен алган жогорку билимим бар. Алгач көркөм өнөр жана сүрөт, кийин көркөм өнөр жана дизайн факультетин бүтүргөм. Кол өнөрчүлүк, сүрөтчүлүк талант мага кандан өткөн. Апам сүрөтчү, атам жыгач уста. Чоң атам жыгач жана темир уста. Комуз чертип ырдайт. Чоң энем да уз болгон.
Саймачылыкка кантип келип калдым? Бир жолу аян түш көрдүм. Ыраматылык чоң энем кирди, анын 2 шибегеси колумда калып калды. Муну мен "саймачылык, узчулук өнөрдү улантышың керек" деген белги катары кабыл алып, бул ишти колго алууну чечтим. Өз алдымча интернет, китеп, архивдик сүрөттөрдөн карап байыркы сайманын саюу ыкмаларын, улуттук кийимдердин тигилүү өзгөчөлүктөрүн, алардагы оюм түрлөрүн изилдеп, аларды саюуну, бычып-тигүүнү акырындап үйрөнө баштадым. Ошентип 7 жылдан бери бул өнөрдү аркалап келем. Оюулардын ар биринин мааниси бар, керектүү жерге маанисине жараша колдонуу керек.
“Тарыхта атым, эмгектерим калсын дейм”
– Кыргызда башкы сайма түрлөрү болуп керме жана басма сайма, илме дос, чыраш, эки жүздүү, аргыма, көптүрмө эсептелет. Булардын баарын жана майда сайма түрлөрүн да билем, колдоном. Керме сайма – саймалардын төрөсү. Менин коллекциямда улуттук кийимдерден малакай, үкү топу, белдемчи, калпак, кеп такыя, шым жана башкалар бар. Баарын өзүм бычып, тигем жана керектүү жерлерине сайма түшүрөм. Улуттук кийимдерди өзүм да жарнамалоо иретинде кийип жүрөм. Унутта калып бара жаткан малакайды жарашыктуу кылып тигип, улуттук жакасы тик көйнөгүбүз менен кийсе эмне үчүн заманбап жашоого туура келбесин? Андан тышкары 7 дубандын элечек түрлөрүн жасайм, оройм, кыргактарын саймалайм, панно жасайм, сүрөт тартам жана башка. Республикалык “Сайма” кароо-сынак фестивалына дайыма катышып, алдыңкы орундарды алып келем. Көбүнчө кийимдерге түшүрүлгөн саймаларым менен барам. Эмгектерим менен чет элдик фестивалдарга да катышып келем. Мисалы, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Индияга чейин бардым. Бардык жерде колдоо, мактоолорду угам.
Максатым – кыргыздын көөнө кийимдерин, саймаларын кайра жандандыруу, дүйнөгө таанытуу, аларды өзүмдүн көз карашым менен жаңылап алып чыгуу, жаңы муунга үйрөтүп, урпактарга өткөрүп берүү. Тарыхта атым, эмгектерим калсын дейм.
“Сайма саюуну үйрөнөм деп келишет”
– Мен 6 жылдай көмүскөдө иштедим. Анткени “эркек да сайма саябы?” деген пикирлерден чочуладым. 1 жылдан ашып калды, тобокел кылып эмгектеримди интернет айдыңына чыгара баштадым. Эл, өзгөчө улуу муун дароо колдоп кетти. Алкап, дем бере башташты. “Унутта калган өнөрдү алып чыгып жатасың, азамат!” дешти. Азыркы тапта улуулар да, жаштар да кызыгып үйрөнүп жатышат. Араларында 70-80деги апалар бар. Анткени саймачылыктын да кыргыз менен тагдырлаш узак өмүр жолу бар. Казактардан бери кызыгып жазып жатышат.
Айрымдар азыркыга чейин саймачылыкты аялдарга тиешелүү гана өнөр деп кабыл алышат. Ошол эле кезде эркектерден чыккан ашпоз, дизайнерлерге таң калышпайт. Чебер эркектерге таң калуунун кереги жок, аны өнөрлүү адам катары гана кабыл алуу туура.
Спорт менен да алектенем. Темир, жыгач ооз комуз чертем. Жыгач ооз комузду өзүм жасайм. Учурда көчмөндөр оюнуна саймалар боюнча сынакка катышууга даярданып жатам.