Биз социалдык тармакта

Бактыбек Токтогулов: “СУПЕР-ИНФО” ЭРМЕГИМ ДА, КЕҢЕШЧИМ ДА БОЛДУ”

Бактыбек Токтогулов биздин гезиттин 2004-жылдан берки окурманы экенин айтат. Ооруп, баспай калганда да гезит анын эрмегине айланып, ага шык бергенин танбайт. Биздин окурман – уста. Жыгачтан түркүн буюмдарды жасап келет.

“Жүлүндөн суу алганда ката кетиришкен”        

– Кичи мекеним Таластын Бакай-Ата районунун Ынтымак айылы. 6-класска чейин айылда окудум, анан үй-бүлөбүз менен Талас шаарына көчүп кеттик. Мектепти ошол жактан бүттүм. Аскерге барып келгенден кийин ар түрдүү жумуштарда иштеп жүрдүм. 2014-жылы менингит оорусуна кабылып, врачтар анализге деп жүлүнүмдөн суу алышты. Ошондо катачылыктарды кетиришкен. Башкача айтканда, жүлүнүмө доо кетирип алышкан. Ошондон кийин баспай, майыптар арабасына отуруп калдым. Жакшынакай басып жүрүп эле бир күнү баспай калуу психикалык жактан кыйын экен. Ошол учурда “Супер-Инфодогу” шык, дем берүү жаатында жазылган материалдарды окуп, жакшы тааныштардын кеңештерин угуп чыйралдым. Гезитти окуп алаксыдым, түркүн маалыматтарды окуп акыл-эс кампамды өстүрүүгө өттүм. Талантымды колдоноюн деп аппликациялык кагаздардан гүлдөрдү жасап, сүрөт тарта баштадым.

“Жыгачтан сувенир жасоого кириштим”

– Бир күнү ширеңкени карап отуруп, андан эмнелерди жасаса болот экен деп ойлондум. Тамдын макетин жасадым. Жыгачтан сувенирлерди, мисалы, комуз, чана, карандаш салгыч, чөнтөк телефон сүйөп койгучтарды жасоого өттүм. Анан чоңураак буюмдарга басым жасадым. Ошентип саат, нан салчу үкөк, чакан сандыктар жана башкалар жарала баштады. Жасагандарымды тааныштар алып кетишет. Кээ бирлерин мага жардам берген кишилерге белекке берем. Эми жасагандарымды сатып, станок сатып алсам дейм, бирок кимге сатып өткөрөрүмдү билбейм. Керектүү нерселерди жасаганга жыгачты тилдиргенге цехтерге барам. Станок алсам эч кимге күнүм түшпөй калат эле.  

“Ден соолук, спорт жаатындагы макалаларга кызыгам”                     

 – Келинчегим мындан 2 жыл мурун жүрөгү ооруп, операциядан чыкпай калган. 2 кызым бар. Негизи “Супер-Инфону” 2004-жылдан бери окуп келем. Убагында архив кылып жыйнагам. Гезиттен тарыхый инсандар, ден соолук, спорт, психология жаатындагы макалаларга кызыгам. Ооруп наркоз ала берип эс-тутумум начарлап кеткен эле. Аны калыпка келтирүүгө сканворд жардам берет экен. Ага кызыгам. 

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1236, 28-август-3-сентябрь,2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан