Биз социалдык тармакта

СҮЙҮКТҮҮСҮ ҮЧҮН БҮТ ДҮЙНӨГӨ КАРШЫ ТУРГАН АДАМ: “БУЛ БОЛБОГОН СҮЙҮҮ” ДОРАМАСЫ

Бош убакытты текке кетирбей сериал көргүсү келип, бирок кайсынысы жакшы деп тандай албай жаткандар үчүн адаттагыдай эле кызыктуу дорама сунуштайбыз. Бул ирет корейлердин “Бул болбогон сүйүү” (“Это проклятая любовь”, “Липкая любовь”) дорамасы тууралуу маалымат беребиз. Кызыгууңузду жаратса, көрүңүз. Көргөндөр болсо, сериал тууралуу ой бөлүшөбүз.

Тарткан өлкө: Түштүк Корея

Чыккан жылы: 2026-жыл, 7-август

Жанры: мелодрама, комедия, боевик

Канча серия: 12

Режиссёру: Ким Чан Хан

Сценаристи: Мо Жи Хе

Платформа: Netflix

Башкы ролдордо: Чон Хэ Ин, Ха Ён, Хо Сон Тэ, Ли Жун Ён, Чон Бэ Су жана башкалар

Окуя эмне жөнүндө?

Го Ын Сэ – Сеулдагы кыйын деген прокурорлордун бири. Ар бир кылмыш ишин ийне-жибине чейин изилдеп, кылмышкерлердин татыктуу жаза алышын самайт. Ири кылмыштуу синдикатка каршы иликтөө иштеринин жүрүшүндө ал катуу жаракатка кабылып, эс-тутумун жоготот. Эсине келсе эле айыл жергесинде жүрөт, ал жакта тааныш адам да, буюм да жок. Кызыгы, жанында Чан Тэ Ха деген бала “мен сенин жигитиңмин” дейт. Чынында, Тэ Ха убагында перспективдүү боксёр болуп, чоң энесин дарылатууга каражат жетпей аргасыз кылмыштуу топко кошулуп кеткен. Бир ирет бандиттердин ортосунда жалгыз калганда прокурор Ын Сэ жардамга келип, куткарып калат. Ошондо Тэ Ха “бир күнү мен да сага жардам берем” деп сөз берген.

Убакыт өтүп Тэ Ха иштеген синдикаттын башчысы алардын ишине тоскоол болуп жаткан прокурор Ын Сэнин көзүн тазалаганга буйрук берет. Бул иш Тэ Хага жүктөлөт, эгер прокурорду өлтүрсө кылмыштуу топтун курамынан чыгууга уруксат берилмек да, жигит айылга барып чоң энеси менен жай турмушта жашамак. Анан акыркы тапшырмага барган жигит караса эле курмандыктын ролунда баягы “сактап калам” деген прокурор кыз... Жигит сөзүнө туруп прокурорду өлтүрбөй эле жашырып калат да, эс-тутумун жоготкон кызга “мен сенин жигитиңмин” деп айылга алып кетет. Бирок синдикаттын укуругу узун, анын үстүнө прокурордун өткөн чагы эсине түшө баштайт...

Прокурор жана бандит

Сериалдын сюжети 1987-жылы чыккан америкалык “Борттон тыш” комедиясына окшошуптур дешүүдө сынчылар. Болгону корейлердин менталитети, өтө агрессивдүү эмес, жумшартылган жагдайлар кошулган.

 Тайманбас, эрктүү, күчтүү прокурор Го Ын Сэнин ролун актриса Ха Ён аткарды. Бир көз ирмемде курган жашоосунун баарын унутуп, баарын башынан баштоого туура келген аялзатынын образында.

Актёр Чон Хэ Ин болсо көпчүлүк кыздар кыялданган “ханзаада” жигит болуптур бул сериалда. Душмандарына мыкаачы, мыкты мушташкан, күчтүү адам. Ал эми сүйүктүү кызынын алдында камкор, боорукер, анын көзүнүн агы менен тең айланганга даяр. Уюшкан кылмыштуу топ Ын Сэни өлтүрөбүз деп чыкканда баарына каршы турат, мурда чогуу иштешкендер эми анын душманына айланат.

Бул эки башкы каармандан сырткары да кызыктуу, күлкүлүү, тескерисинче, жүрөк үшүн алган сүрдүү каармандар да бар. Netflix’теги ийгилиги

7-августта Netflix платформасына романтикалык жанрдагы жаңы “Бул болбогон сүйүү” дорамасы чыкты. 3 күн ичинде 3,5 миллион көрүү топтоп, август айында чыккан англис тилдүү эмес сериалдардын Netflix Global Top 10 рейтингинде 5-орунга илинди. 12 сериянын толук чыгышы менен Netflix’теги англис тилдүү эмес сериалдардын ТОП-10дугунан орун алды, бул тизмекте 68 өлкөнүн сериалдары ат салышкан. Андан сырткары 26 өлкөдө рейтингдеги лидерликти багындырган. Нуар жана экшн жанрлары аралашкан тасма көпчүлүккө жакканынын далили.

Сериалды артка тартабы?

Дораманын башкы каармандары Чон Хэ Ин менен Ха Ён долбоорду жайылтуу кампаниясынын алкагында популярдуу KBS2 телеканалына чакырылган. Адаттагыдай суроолордун биринде, тагыраагы, үй-бүлөсү тууралуу суроого актриса Ха Ён сыймыктануу менен 4 муундан бери улантылып келе жаткан дарыгерлердин үй-бүлөсүнөн чыкканын айткан. Чоң аталарынын бири Ан Сан Хо дарыгерликти Япониядан үйрөнүп келип, Кореядан өзүнүн клиникасын ачып, Коджондун императорун дарылаганын да билдирген.

Телеберүү эфирге чыккандан кийин интернет желесине жаңы маалымат тараган. Анда актрисанын Ан Сан Хо аттуу чоң атасы 1916-жылы япониялык бийликтин саясатын колдогон «Тэджон Чхинмокхве» деген уюмдун мүчөсү болгонун, корейлер япондордун колониясынын алдында турганда Ан Сан Хо япондорду колдогону үчүн 8900 чарчы чакырымдагы ири жерге ээ болгону жазылган. Бул маалымат чыгары менен адаттагыдай эле актрисага каршы ызы-чуу башталды интернет желесинде. Кечээ эле анын күйөрманы болуп турган адамдар ашынган хейтерге айланышты. Ха Ёнду учурда тартылып жаткан жана тартыла турган долбоорлордон чыгаруу талаптарын коюп жатышат. Жакшысы, ызы-чуу чыккан маалда “Бул болбогон сүйүү” дорамасы толугу менен экранга чыгып тарап кеткен. Андыктан дораманын репутациясына кедергисин тийгизбейт. Ал эми алдыдагы иш процессине кандай таасир этери белгисиз.

Актрисаны ыйлатышты

21-августта интернеттеги ызы-чууга таянган депутат Пак Ын Чжон архивдик документтерди карап, маалыматтарды тактоо керектигин билдирди. Айтылып жаткан жер чынында эле дарыгерге тиешелүү болгонбу, ал кайра мамлекеттин карамагына өткөнбү, мынча жерди пайдаланып жүргөнү үчүн жер ээлери айып пул төлөгөнбү, чынында эле колониялдык бийлик менен байланышы болгонбу сыяктуу маалыматтарды иликтөө керектигин айтты.

Коомдук басым актрисанын аброюна жана карьерасына олуттуу көйгөйлөрдү жаратары шексиз. Ха Ён учурда “Жеңишке мүмкүнчүлүк бар” аттуу жаңы долбоорго тартылып жаткан. Бул ызы-чуудан улам стресске кабылып, тасма тартуу талаасынан ыйлап чыгып кеткен. Психологиялык туруксуз абалын калыпка келтирүү үчүн тыным алып, бир аптадан соң ишке чыккан белгилүү болду. Ал социалдык тармактагы баракчасына көпчүлүктөн кечирим сураган билдирүү калтырып, чоң аталарынын өмүр баянын толук билбегенин, алардын кесиби менен сыймыктанып жүргөнүн жазган.

Актриса тартылып жаткан долбоор 90 пайыз бүткөнүнө карабай коомчулуктун Ха Ёнду алмаштыруу талабынан улам тартуучу топ учурда “эмне кылабыз?” деген арсар абалда турушат.

 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1236, 28-август-3-сентябрь,2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан