(Башы өткөн сандарда)
Жашоо мени жалгыз калтырганда, колумда кармап калган жалгыз байлыгым – уулум Элдар болду. Ошол күндөн тартып мен өзүм үчүн эмес, балам үчүн жашай баштадым.
Элдар кичинекей болчу. 14 гана жашта эле, атасы каза болгондо. Атасынын жоктугун сезбесе экен, эч нерседен кем болбосо экен деп, ичимден миң жолу тиленчүмүн. Бирок эне канча күчтүү болбосун, жалгыздыкты жашыруу оңой эмес экен.
Кээде түн ичинде Элдар уктап калганда, анын жанына отуруп алып үн чыгарбай ыйлачумун. Эртең менен болсо көз жашымды сүртүп, эч нерсе болбогондой күлүп «тур, балам, бүгүн жакшы күн болот» дечүмүн.
Мен ага эне да, ата да болууга аракет кылдым. Ооруп калса жанында отурдум, мектепке керектүүсүн таппай калсам өзүмдөн кестим. Өзүмдүн жаңы кийимимди албай, анын кийимин алдым. Өзүм ачка жүрүп калсам да «мен токмун» деп, анын алдына акыркы нанды койдум.
Элдар чоңойгон сайын менин жалгыздыгым да чоңоюп бараткандай сезилчү. Бирок анын бир жылмайганы бүт дүйнөмдү ордуна коюп койчу. Мен балама байлык калтыра алган жокмун. Үй, машина, чоң мурас бере алган жокмун. Бирок ага бир нерсени берүүгө аракет кылдым – эч кимге таянбай туруп да адам бойдон калууну, кыйынчылыкка сынбоону жана жүрөгүндө мээримди сактоону.
Ошентип, Элдарды жалгыз чоңойттум. Анын ар бир кадамын карап отуруп, өзүм да кайрадан жашоону үйрөндүм. Ал менин балам эле эмес, жалгыздыктан алып чыккан үмүтүм болду. Ошондо түшүндүм, кээде аялды жашоодо кармап калган нерсе – күч эмес. Анын баласынын «апа» деген бир ооз сөзү экен. Элдарды жалгыз чоңойтуп жатып, мен сыртынан күчтүү көрүнгөнүм менен, ичимде бүтпөгөн бир жараны көтөрүп жашадым. Ал – жоголгон уулум эле.
Аны бир күн да унута алган жокмун. Кээде элдин арасында күлүп жүрүп эле, капысынан жүрөгүм тилинип кетчү. Анын үнү кулагыма угулгандай, кичинекей колдору көз алдыма тартылгандай болчу. Жоголгон уулумдун элеси оозу ачылып калган жарадай жанымды оорутуп турчу. Убакыт өтсө да, ал жара бүтпөдү. Болгону мен аны оорутпай жашырууну үйрөндүм.
Элдар мени «апа» деп кучактаганда, бир жагынан жүрөгүм жылып, экинчи жагынан жоголгон балам эсиме түшүп, ичимден сыздап кетчүмүн. Бир баламдын жылуулугу экинчи баламдын жоктугун унуттурган жок.
Мен өзүмө көп жолу «балким, эми унутушум керек» дедим. Бирок эне үчүн баласын унутуу деген нерсе жок экен. Сен анын жүзүн көрбөй калсаң да, жүрөгүңдө күн сайын көрүп жашай берет экенсиң. Мен аны өлдү деп да, тирүү деп да кабыл ала алган жокмун. Үмүтүмдү өчүрүүгө корктум. Анткени үмүт өчсө, аны экинчи жолу жоготуп алгандай болмок. Ошондуктан мен Элдарды чоңойтуп жатып да, жүрөгүмдүн бир бөлүгүн ошол жоголгон уулума сактап келдим. Убакыт мени өзгөрттү, жашоомду уланттым, бирок эне жүрөгүмдө анын орду эч качан бошогон жок.
Айым апанын баянын угуп отуруп, менин жүрөгүмдү түшүнүксүз бир сезим тилип өттү. Ал жоголгон уулу тууралуу айткан сайын, анын ар бир сөзү мага бөтөн эмес, тескерисинче, көптөн бери тааныш сырды эске салгандай болду. "Жоголгон уулумду бир күн да унута алган жокмун…" деген сөзү өзгөчө жүрөгүмө кадалды.Мен Айымдын көздөрүн карадым. Анын үнүндөгү титирөө, баласы тууралуу айткандагы мээрими, ошол эле учурда жүрөгүндө катылып турган өкүнүчү кайсы бир жерден тааныш сезиле берди.
Ошол учурда ичимден бир ой жылт этти. Айым апа айтып жаткан бала Илим болушу мүмкүнбү? Бул ойдун өзүнөн коркуп кеттим. Илимдин жүзү көз алдыма тартылды. Анын мүнөзү, кээ бир сөздөрү, көз карашы… Баары биринин артынан бири эсиме келе баштады. Айым апа болсо эч нерседен шек санабай, баянын улантып жатты. Ал үчүн бул өмүрүндөгү эң оор сыр болчу. Ал эми мен үчүн ошол мүнөттөн тартып анын ар бир сөзү бир табышмактын жообуна айлана баштады. Бирок жүрөгүмдө бир сезим ал бала Илим экенин айтып жатты.
Ошол мүнөттөн тартып мен Айым апаны жөн гана угуп отурган жокмун. Мен анын ар бир сөзүн Илимдин өткөн өмүрү менен салыштырып, жүрөгүмдө жооп издей баштадым. Менин жүрөгүмдөгү шек улам күчөй берди. Бир убакта чыдай албай:
– Апа, бул окуя Көлдүн кайсы айылында болгон эле?- деп сурадым.
Айым бир саамга унчукпай калды. Көздөрүн жерге салып, өткөн күндөрүн эстегендей терең дем алды. Анткени бул суроонун жообу менин жүрөгүмдө пайда болгон эң чоң шектин чын-төгүнүн ачып бериши мүмкүн эле. Айым апа акырын башын көтөрүп, айылдын атын айтты. Ошол күндөн тартып ушу тууралуу ойлоно бердим. Күмөн, кайра табылга… Бир оюм "эгер жаңылып жатсамчы?" дейт. Бир оюм туура жолдо бараткандай сезилет. Ошентсе да, бул окуянын бир учу Казат ата менен Гүлай апада. Аларга каралашып, отуруп сүйлөшүүнү адат кылып алдым. Карыган кишилер буга, албетте, аябай кубанып калышчу.
Казат ата жалгыз калганда акырын сурап баштадым.
– Казат ата, сиздин эсиңизде жакшы калат го… Илгери эл көп чогулган тойлор кандай өтчү?
– Эмне болду, кызым?- деди ал таң калып.
– Бир материалга айылдын эски турмушун жазып жатам. Кимден сураарымды билбей сизди эстедим. Журналист катары бир жерге киргем да…
Ал бир аз ойлонуп:
– Илгери азыркыдай эмес эле. Эл бири-бирин жакшы таанычу,- деп бир нерселерди айтып жатты.
Мен сөз арасында “айылда бала жоголгон учурлар болгонбу?” деп сурап койдум. Казат ата мага бир карап алды.
– Эмнеге андай сурадың?
– Жөн эле. Бир апанын окуясын угуп калдым. Баласын жоготуп алыптыр, илгери… Көл тарапта болгон окуя имиш.
Казат атанын жүзү өзгөрө түштү, бирок дароо өзүн кармады.
– Ким экен?
– Атыбы, Айым деген аял экен.
– Кайсы жылдары экен?
– Так билбейм. Бирок Көлдүн бир айылын айтты.
Казат ата унчукпай калды.
– Казат ата, ушундай учурда бала башка үй-бүлөгө түшүп калса, кийин аны табуу мүмкүнбү?
– Мүмкүн…
– Кантип?
– Белгилери болсо…
– Кандай белгилер?
– Ар кандай. Жүзү, аты, туулган жери… Кээде энеси баласын үнүнөн да тааныйт.
Акыркы сөзүн укканда жүрөгүм дүкүлдөп кетти.Чын эле Илим менен Айым апаны кезиктирип көрүү керек дедим. Балким, жүрөк тааныйт чын эле…Мен дароо башка темага өткөндөй болдум.
– Илим кичинекей кезинде кандай бала болчу өзү?
– Эмнеге Илим?
– Жөн эле сурадым. Адамдын бала кезиндеги мүнөзү кийин да билинип турат эмеспи.
– Тентек эмес болчу.
– Апасына окшош...
– Эмнеге апасына?
– Жок, жөн эле айтып жатам. Кээде балдар ата-энесине аябай окшош болот го. Илим сизге окшоп кетет… Мүнөзү.
Ал жооп берген жок. Мен да унчукпай калдым. Бир аздан кийин:
– Казат ата, адам көп жылдан кийин өзүнүн туулган жерин эстеп калабы?- дедим кайра.
– Эгер кичине болсо, кыйын.
– А эгер бир нерсе… мисалы, бир сөз, бир жер, бир адамдын үнү эсте калышы мүмкүнбү?
– Сен эмнени издеп жатасың, Тамчы?
– Эч нерсени. Жөн гана адамдардын өткөнү кызык..
Ал башын чайкады.
– Адамдын өткөнүн көп казыштын кереги жок.
Мен ичимден «демек, бир нерсе бар…» дедим. Бирок сырды шашып ачууга болбой турганын түшүндүм.Казат ата Илимдин чындыгын өзү айтмайынча, мен аны түз сурабайм. Мен эми жооп издебейм. Аны сүйлөтө турган суроолорду гана издейм деп чечтим. Казат ата экөөбүздүн ортобуздагы сөз улам оорлоп бараткан. Мен дагы бир суроо берейин деп оозумду ачканымда сырттан Гүлай апа кирип келди.
– Аа, Тамчы, атасына эрмек болуп жаткан тура,- деп мени көрүп жылмайды.
– Келиңиз, Гүлай апа.
Мен болсо жаңы эле сүйлөшкөн сөзүбүздү улантууга ыңгай издеп турдум. Ошол учурда Гүлай апа күтүүсүздөн сөз баштап калды.
– Илимдин кичинекей кезин Казаттан эмес, менден сура. Ал илими менен алек эле...- деп сөз баштап калды.
Мен жүрөгүм «дүк» эткенин сездим.
– Сиз айтып бериңизчи…
– Азыркыдай эле түнт бала болчу. Бирок аябай боорукер эле.
– Гүлай, анын бала кезин эмнеге айтып жатасың?- деди Казат ата жактырбай.
– Эмнеге айтпайын? Сурап жатат го. Анын кичинекейинде бир кызык адаты бар эле…
(Уландысы кийинки санда)