Көптөгөн ырлардын арасынан “жарк” деп өзгөчөлөнүп, эл арасында узакка жашаган чыгармалар болот эмеспи. Бул жолу “Бакырайынбы?” ырынын тарыхына токтолдук. Ырдын текстинин автору Акжол Доранбек уулу жана обонун жараткан ырчы Насип Мырза ырдын тарыхын айтып беришти. Баса, бул ырды президент Садыр Жапаров да угат экен. Жакында бир маегинде ажо ырдын саптарын сөз арасында мисал кылды.
Акжол Доранбек уулу: “Ырдын каарманы бул ыр ага арналганын билбейт”
– Бала кезимден эле классташ досторумдун сүйүү каттарын жазып берип, ыр чыгарып жүрчүмүн. Бирок кесибим боюнча башка тармактын адисимин, Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин бухгалтер жана аудит бөлүмүн бүтүргөм. Ага карабай ыр чөйрөсүндөмүн, менин калемиме таандык ырдын тарыхына кызыгып калыпсыңар, айтып берейин.
Бул ыр 2012-2013-жылдары жазылган, ооба, ырдын артында чыныгы тагдыр жатат. Конкреттүү түрдө менин тагдырыма байланышкан чыгарма. Биринчи сүйүүмө арнап жазгам. Башында “Бакырайынбы?” деген аты жок болчу. Акын Мирлан Самыйкожонун “Коштошуу үчүн жолугайынбы?” деген ыр саптарын окуп калдым эле. Кыргыз адабиятында минтип суроо берген ырлар аз кездешет. Ошол мотивди алып, өз тагдырымды ыр кылып жазгам.
Социалдык тармактарга жүктөп, бирок ырдын сабындагы “Бакырайынбы?” деген сөз одоно угулгандай болуп, кийин бардык соцтармактардан өчүрүп салгам. Бирок Насип Мырза аттуу ырчыбыз өзүнө сактап үлгүргөн экен. Кийин обон чыгарды. Мен “автормун деп ырдай бер, бардык жактан өчүрүп салгам” дегем. Бирок тексттин автору катары атымды айтып эле ырдап жүрдү. Жанагы “Бакырайынбы?” деген сөз үчүн мага жакпай жектеп жүрдүм. “Күн санап ичтен, сезимим оттой. Күчөсө кантем, басылайынбы?” деген саптары мага таасирдүү сезилет. Мындай сезимдер бардык адамда болот болуш керек, ошого көптөр жакшы көрүп ырды угууда деп ойлойм. Бирок кызык нерсе, ушул ырдын жаралышына себепкер болгон кыз ыр өзүнө арналганын алигиче билбейт. Сезимдер айтылыш керек деп ойлойм, кайсы бир убакта кези келип калса, балким, айтылар.
Ажобуз Садыр Жапаров жакында бул ырдан цитата келтиргенин угуп сыймыктандым. Жумуштап жүргөм, вотсапптан достор “көрдүңбү?” деп жазып жатышты. Өлкөбүздө эң эле иши көп, көп нерсеге убактысы боло бербеген журт башыбыз ырды угуп, анан эки сабын жаттап калганы мага өзгөчө сезим тартуулады. Таң калычтуу жана сыймыктуу нерсе болду. Башында айткандай, бул ырдан уялып жүргөм да, мындан кийин антпей жүрүшүм керек экенин билдим. Ооба, президенттин цитата келтиргенинен улам бул ырга экинчи бир популярдуулук келди болуш керек деп ойлойм. Мурун деле эл жактырып угуп жүргөн болсо, эми дагы угушса керек. Адаттагыдай “кусаланып жүрөм, сагындым” деген сөздүн ордуна ырда “бакырайынбы?” деп ачык эмоциялуу сөз айтылганы үчүн элдин көңүлүн бурду окшойт. Менин ырым экенин көптөр билчү эмес болуш керек, эми билип алышат го. Ырдын негизги максаты – анын авторунун ким экенинде эмес, ырдын жүрөккө жеткенинде деп билем.
Насип Мырза, ырчы: “Менин да сүйгөнүмдөн айрылып жүргөн учурум эле”
– Мен бул ырды Орусияда жүрүп социалдык тармактан көрүп калып, обон чыгаргам. Ал кезде менин да сүйүктүүмдөн ажырап, бакыргым келип, жан далбастап жүргөн учурум окшойт. Акжол Доранбек уулу агабыз чыгарган бул ыр менин абалымды сүрөттөгөндөй сезилди. Эки айча жаттап, улам ичимден кайталап жүрдүм. Мигрант элем, эл катары метродон метрого түшүп жүргөн күндөрү ыргак келип калды. Үйгө барып обонду толук иштеп чыгып, гитарага салдым. Кийин аккордеонго салдым. Жакшы чыкчудай сезилип, анан Акжол агага байланыштым. Ал “ыр меники деп ырдай бер” деди. “Бакырайынбы?” деген ыр эл оозуна алынып кетсе, эл менден дагы да ушундай таасирдүү саптарды күтсө, а мен жаза албай жүрсөм кандай болуп калат деп ойлоп, элге авторун ачык айтып эле ырдап жүрдүм.
Угармандардын жүрөгүнөн түнөк таап кетти, анткени элдин көбү эле ушундай сезимдерде болот окшойт. Ар биринин эле жетпей калган сүйүүсү бар да. Менден кийин бул ырды Айпери Ниязбекова деген ырчы эжекебиз ырдап чыкты. Бир жылдан кийин Роза Шакирова эжебиз ырдап чыкты. Башкалар дагы кавер кылып ырдап жүрүшөт. Менин чыгарган ырларым балдарымдай эле, кээде жаман ырдалып калса кызганам. Ошондуктан ырдаганга чейин менден бир ооз сурап коюшса жакшы болот. Президент Садыр Жапаров мисал кылгандан кийин ырдын дагы да атагы артты, мен үчүн бул нерсе аябай сыймык. Ыраазы болдум. Алдыда дагы мыкты ырларды жазууга, чыгармачылыгыма чоң дем болду.
“Бакырайынбы?”
Сөзү: Акжол Доранбек уулу
Обону: Насип Мырза
Антпеңиз дейсиз, жашырайынбы?
Акыйкат сөздөн катылайынбы?
Күн санап ичтен, сезимим оттой,
Күчөсө кантем, басылайынбы?
Кайырма:
Сызылбай ичтен, батынайынбы?
Сырымды айтып, ачылайынбы?
Сен турмуш куруп кеткенден бери,
Кыйналып жүрөм, бакырайынбы?
Арманда күйүп, кошо турайынбы?
Азапка сүйүүм, достоштурайынбы?
Баркына жетип же бир сүйө албай,
Башканы өзүмө окшоштурайынбы?
Кайырма:
Нуржамал Жийдебаева