26-августта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун дайындоо тартиби өзгөрөрүн билдирди.
Өзгөртүүлөр 1-сентябрдан тартып күчүнө кирет. Ага ылайык, кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү 1 миң сомдон 1 миң 500 сомго чейин көбөйөт. Мындан тышкары жөлөк пулга муктаждыкты аныктоодо кошумча критерийлер киргизилет. Тактап айтканда, жеңил автоунаанын пайдалануу мөөнөтү боюнча чектөө 20 жылдан 15 жылга чейин кыскартылат. Ошондой эле эки жана андан көп турак жайы бар үй-бүлөлөр жөлөк пул ала алышпайт. Айрым айыл аймактарында жер үлүштөрүнөн жана короо-жай участокторунан түшкөн кирешелерди эсептөө нормативдери жаңыланат.
Максат – жөлөк пулду чындап муктаж болгон үй-бүлөлөргө даректүү берүүгө жетишүү экенин билдирет министрлик.
Азыркы тапта Кыргызстанда жөлөк пулдун аталган түрүн алган үй-бүлөлөрдүн саны 43 миңди, жөлөк пул алган балдардын саны 157 миңди түзөт. Жөлөк пулдун суммасы – 1200 сом, ай сайын.