Биз социалдык тармакта

КАЗАКСТАН 16 ЖАШКА ЧЕЙИНКИЛЕРГЕ СОЦТАРМАКТЫ БӨГӨТТӨШҮ МҮМКҮН

Казакстанда 16 жашка чыга элек балдардын социалдык тармактарга катталуусуна тыюу салуу сунушталууда. Бул тууралуу казакстандык басылмалар президент Касым-Жомарт Токаевдин билдирүүсүнө таянып жазышты.

Токаевдин айтымында, тиешелүү мыйзам долбоору быйыл июнь айында парламенттин кароосуна киргизилген. Президент депутаттарга бул демилгени Курултайдын биринчи сессиясынын ачылышында кароону сунуштаганы айтылды. Өлкө башчысы агрессивдүү маркетинг, социалдык тармактар, санариптик платформалар жана жасалма интеллект балдардын дүйнө таанымына олуттуу таасир тийгизип жатканын белгиледи.

Ошондой эле өлкөдө жашы жете электерди коргоо максатында интернеттеги контентти фильтрлөө чаралары кабыл алынышы мүмкүн.

Айта кетсек, буга чейин мындай чектөөнү дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү киргизген. Айрым өлкөлөр чектөөнү эми киргизгени жатышат. Мисалы, ушундай эле демилге Түркияда дагы көтөрүлдү.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1236, 28-август-3-сентябрь,2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан