Бишкектин экс-мэри, ишкер Нариман Түлеев Оштогу Сулайман-Тоонун тегерегиндеги талкууларга комментарий берди.
Анын айтымында, Ош шаарынын мэри менен жолугушуусу расмий эмес мүнөздө өтүп, анда шаарды өнүктүрүү, туристтерди тартуу, аймакты көрктөндүрүү тууралуу жалпы пикирлер айтылган. Сулайман-Тоого асма жол куруу боюнча эч кандай юридикалык же техникалык долбоор сунушталбаганын, ошондой эле ЮНЕСКОго кайрылуу же документ жөнөтүлбөгөнүн билдирди. Ош шаарынын мэри Жанар Акаевдин Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгаруу тууралуу айткан пикирине тиешеси жок экенин белгиледи.
Эсиңизге салсак, өткөн аптада Ош шаарынын мэри Жанар Акаев шаардагы Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгаруу боюнча Маданият министрлигине кайрылганын айтып чыккан. Айтымында, тоонун аталган уюмдун тизмесинде турушу Ош шаарын өнүктүрүүгө тоскоол болуп жатат. Коомчулук мэрдин бул демилгесин кескин сынга алды. Көп өтпөй Акаев бул оюнан баш тартканын билдирди.