Биз социалдык тармакта

КҮНДҮН АКТИВДҮҮЛҮГҮ КҮЧӨП, ЖЕРГЕ КОРКУНУЧ ЖАРАТУУДА 

Күндүн активдүүлүгү кайрадан күчөп, Жерге таасир этиши мүмкүн болгон катуу жарылуулар катталууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Космостук изилдөөлөр институтунун Күн астрономиясы лабораториясы билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Күндөгү активдүүлүк Бишкек убактысы боюнча түн ортосуна жакын кескин өскөн. Адистердин белгилешинче, учурда Жер үчүн коркунуч акыркы айлардагы эң жогорку деңгээлдердин биринде турат. Күн активдүүлүгүнүн очогу №4513 деп аталган аймакта жайгашкан. Бул жерде кубаттуулугу беш деңгээлдин ичинен төртүнчү деңгээлге туура келген М класстагы үч күчтүү жарылуу катталган. Ошол эле учурда адистер плазманын Жерди көздөй чыгарылышы боюнча азырынча так божомол айтууга эрте экенин белгилешти. Окумуштуулардын айтымында, азыркы Күндөгү жарылуулар акыркы эки айдагы көрүнүштөрдөн өзгөчөлөнүп турат. Бирок алар тарыхый масштабдагы рекорддук көрсөткүчкө жеткен жок.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1236, 28-август-3-сентябрь,2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан