26-августта Жогорку сот “Ихсан” кооперативинин жетекчилери Акинай Бекмурзаева жана Эрмат Абылкасымовго байланыштуу кассациялык даттанууну карады. Жогорку соттун маалымат кызматы билдиргендей, жактоочу тарап мурда чыгарылган сот актыларын жокко чыгарып, кылмыш ишин биринчи инстанциядагы сотто кайра кароого жөнөтүүнү өтүнгөн. Бирок Жогорку сот даттанууну канааттандырбай, Бишкек шаардык сотунун 2024-жылдын 7-июнундагы өкүмүн күчүндө калтырды.
Буга чейин Бекмурзаева 10 жылга, Абылкасымов 9 жылга эркинен ажыратылган эле. Ошондой эле алардын мүлкүн конфискациялоо жана 3 жылга белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу жазасы белгиленген.
Мындан тышкары, соттолгондордон жана “Ихсан” кооперативинен жабырлануучуларга келтирилген материалдык зыянды биргелешип өндүрүү чечими чыккан.