Биз социалдык тармакта

ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 7-сентябрдан 13-сентябрга чейин

КОЙ
(21.03–20.04)

Апта жагымдуу нотада башталат, көп тармакта ийгиликке жетише аласыз. Мурда күмөн санап, болбой калат го деген иштерди да колго алсаңыз болот. Шаршемби жана бейшемби күндөрү сак болуңуз, алдамчылардын тузагына түшүп калууңуз мүмкүн. Интернеттен соода кылбай туруңуз. Жумушта башка адамдардын кеңешине кулак салыңыз, меники туура, мени кысып жатышат деген туура эмес ойлорго жетеленбеңиз. Жеке жашоодо баары жакшы, кубанычтуу окуялар орун алат.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Күзгүдөн өзүңүздү карап, көздөр чагылышып кетиши мүмкүн. Анткени бул аптада өзгөчө сулуу, энергиялуу, харизмаңыз “гүп-гүп” болуп турмакчы. Жүрөгү боштор “сүйүү кылтагына” түшүрүү аракетин дал ушундай күндөрү жасаса жакшы. Жумушта майда-чүйдө кыйынчылыктар чыгат, бирок позитивдүү маанай менен андан да өтөсүз. Жолдо машина айдоодо, жөө жүрүүдө да абайлап, эки жакка кылдат көзөмөл жүргүзүңүз, жаракат алуу же айып пул төлөө коркунучу бар.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Дипломат болуу тууралуу ойлонгон эмес белеңиз? Бул күндөрү башкалар менен оор темада болбосун сүйлөшүү, тил табышуу, пайдалуу келишим түзүү сыяктуу дипломаттык иштер сиздин колдон оңой эле бүтөт. Жарнамалык иштериңиз алдыга жылып, капчыгыңыз да кампаят. Үйдө балдардын окуусуна көнүл бурам деп өзүңүздүн билим жөндөмүңүздү сыноого туура келет. Үйгө керектүүлөрдү алуу максатында базарга баруу сапарын дем алыш күндөргө пландаңыз.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Бөйөндөрдү күтүүсүз таанышуулар күтөт, бул таанышуунун аягы бекем достук же пайдалуу таанышка айлануусу мүмкүн. Аптанын экинчи жарымында финансылык жагдайды оңдоого мүмкүнчүлүк жаралат. Интернеттен көргөн рецепт менен “дары” жасап ичип ден соолугуңузга зыян келтирип аласыз, ар кимге эле ишене бербеңиз. Үйүңүзгө туугандар келип, өткөндү эстеп ностальгияга батасыз. Дем алыш күндөрү кааласаңыз-каалабасаңыз да короо, чарбадагы иштер күтүп турат.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Жаңы иш баштагандын ордуна эскилерин аягына чыгарып, баарын бүтүргөнгө аракет кылыңыз. Достор менен жолугуп, чогуу иш баштоо, акча топтоо тууралуу идеялар жаралышы мүмкүн. Бул апта медициналык кароодон өтүп, ден соолукту текшерип коюуга ылайыктуу. Жалган маалыматтарга ишенип бирөөнү каралоодон алыс болуңуз. Өзүңүзгө комфорттуу эс алуу тартуулап, бир жакка чыгып келүүгө аракет кылыңыз, үй-бүлөңүздү кошуп алсаңыз андан жакшы.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Бул апта көпчүлүктүн көңүл борборунда болосуз, жумушта да, үйдө да. Жумушта сизге тиешелүү тапшырмаларга көп көңүл бурулат, жоопкерчиликтүү болуңуз. Үйүңүзгө конок келүүсү мүмкүн, андыктан конок тосуу милдетин да өз моюнуңузга аласыз. Кечке иштейт экем деп көңүлүңүз чөкпөсүн, анткени эңсеп жүргөн белек колуңузга тийип кубанасыз. Балдарыңыздын жаңы кылыктары чыгып таң калтырат. Дем алыш күндөрү өзүңүз пландагандай өтөт.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Апта сиз үчүн жагымдуу өтмөкчү. Пландалган иштер өз убактысында бүтөт, тоскоолдуктар жаралышы күтүлбөйт. Бирок өзүңүз бул күндөрү сезимтал болуп, кичинекей сөзгө, туура эмес сезилген көз карашка да таарынып калууңуз мүмкүн. Көбүрөөк убактыңызды жакындарыңызга арнаганга аракет кылыңыз. Кошуналардын бирине сиздин жардам керек болушу күтүлөт. Ата-энеңиздин же бир туугандарыңыздын үйүнө конокко барууңуз мүмкүн. Дем алыш кандай өткөнүн билбей каласыз.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Жумушта чыңалган абалда болосуз, бир четинен жумуш көп, бир четинен жетекчиликтин басымы болуп. Мындан улам кыжырдануу, тынчсыздануу сезимдери жаралат. Негизгиси жумуштагы маанайды үйгө алып келбеңиз, болбосо ал жакта да конфликт жаралышы мүмкүн. Машина же үй алам деген тилегиңиз ишке ашуусу күтүлөт. Соода тармагында иштегендер ири буюртма алышыңыз мүмкүн. Дем алыш күндөрүн жакындардын курчоосунда өткөргөнүңүз жакшы.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Бул аптада масштабдуу эч нерсе пландабай туруңуз, анын ордуна өзүңүзгө эс алуу тартуулаганга аракет кылыңыз. Жеке жашоодо маанилүү бир ишти же датаны унутуп калып жакындарыңызды таарынтып албаңыз. Жылуу кийимдериңизди жаңылап шопингге чыгышыңыз мүмкүн. Бойдоктор үмүт этпеген жерден жаңы таанышуулар орун алат, сындап, кемчилик издей бербеңиз. Аптанын экинчи жарымында капчыгыңызды калыңдаткан убактылуу жумуш чыгат, баш тартпаңыз.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Дүйшөмбүдөн баштап эле жумушка баш-отуңуз менен киришесиз, эки жакты карап ойлонууга убакыт да болбойт. Эмгегиңиздин арты менен аброй артасыз. Саякатка чыгууга сунуш түшсө, эки колдоп макул болуңуз. Биринчи планга балдардын эмес, өзүңүздүн кызыкчылыкты коюуга туура келет. Жалгыз бой текечерлер энергиясын сүйүү издегенге эмес, өзүн өнүктүрүүгө жумшаса, сүйүү артынан өзү ээрчип келет. Апта соңу эч жакка чыкпай, үйдө жакындар менен убакыт өткөрүңүз.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Алдыга кенен план түзө бериңиз, өзгөчө чыгармачылыкка байланыштуу идеяларды ишке ашырсаңыз жакшы жыйынтыкка жетесиз. Жаныңызда ишиңизди илгерилетүүгө көмөк көрсөткөн адам болот. Аптанын экинчи жарымында активдүүлүгүңүз, энергияңыз азайып, баарын токтотуп шыпты карап жатуу ою жаралат. Келбетиңизге өзгөртүү киргизүү экспериментинен баш тарта туруңуз. Эски сүйүүлөрдү эстеп ностальгияга батып кетип, азыркы сүйгөнүңүздү таарынтып албаңыз.

БАЛЫК
(20.02–20.03)

Бул аптада жетекчилик менен айтышып, оюңуздун тууралыгын далилдеп талашып-тартыша бербеңиз. Жумшак жана ийилчээк болуу ашыкча болбойт. Көп суммада акча керек болгон иштерге аралашпаңыз. Аптанын экинчи жарымында жеке жашоого тиешелүү бир катар көйгөйлөрдү чечип эс алып каласыз. Жакын адамыңызга тиешелүү олуттуу маалымат угасыз, аны башкаларга таратуудан алыс болуңуз. Дем алышты сиз үчүн пландап коюшкан, ошол план менен кетиңиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1237, 4-10-сентябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан