Биз социалдык тармакта

БАЛАНЫ АКЧАНЫ ТУУРА КОЛДОНУУГА ҮЙРӨТҮҮ

Окуучу балдарга күнүмдүк колдонууга акча берүүнү көпчүлүк зарылчылык дешсе, айрымдар “үйүбүз мектепке жакын. Жол кире кетпейт, курсагы ачса тамакты үйгө келип ичет. Андыктан акча берүү ысырапчылык” дейт.  Бирок психологдор менен каржы адистери акча берүү жана аны туура колдонууга багыт берүү каржылык сабаттуулукка үйрөтөт дешет. Кантип үйрөтүү керек?

6-7 жаштан баштап берүү керек

Каржылык сабаттуулукка жана өз алдынча болууга үйрөтүү үчүн балдарга күнүмдүк керектөөсү үчүн акча берүү керек. Канча жаштан баштап? 6-7 жаштагы бала эсепти билип, мектепте жана дүкөндө өз алдынча майда нерселерди сатып алууга жарап калат. 8-9 жаштагылар ата-энеси дайындаган же өзү каалаган нерсени сатып алууну, акчаны эсептөөнү бир топ өздөштүрүп калат. 10-15 жаштагылар бюджетин бир нече күн алдыга пландай алат. Бааларды салыштырып карап, кайсынысын алуу туура болоруна ой жүгүртүшөт. 15 жаштан ары банктык карталарды колдонууну,  бюджетин 1 ай же андан узакка пландоону өздөштүрүп,  эмнелерге  бөлүштүрүү керектигин, үнөмдөөнү билип калат. Алтургай алы жеткен жумушта иштеп акча табууга жарайт. Жыйынтыктап айтканда, акча баланы өзүн чоңоюп калган адам катары сезүүгө, өз алдынча каалаганын сатып алууга, акчаны туура сарптоого, керектүүсүн сатып алууну алдын ала пландоого, башкача айтканда, акчаны туура колдоно билүүгө үйрөтөт. 

 Каржылык сабаттуулукка үйрөтүү ыкмалары

1. Акчаны балага мүмкүнчүлүгүңүзгө жараша жол киреден тышкары аздан болсо да берип туруңуз. Бул бала башкалардан өзүн кем сезбеши үчүн керек. Кээ бир ата-энелер баласына көп акча беришет. Ал болсо кереги жокторду алып коротот. Бирөөлөргө жагынып, аны доско айлантуу үчүн аларга бир нерселерди сатып берүүгө өтөт. Мындай болгондо балада акчага достукту, жакшы мамилени да сатып алууга болот экен деген түшүнүк калыптана баштайт. Андыктан акча эң керектүүлөрдү сатып алууга гана жумшала тургандыгын түшүндүрүп жана керектүүсүнөн ашыкча акча бербеңиз.

Кокус балага берер акчаңыз жок болсо, «акчаң жок болсо эле башкаларды өзүңдөн артык сезип калууга болбойт. Бүгүн болбосо эртең болот. Башкысы, жакшы жүрүп, жакшы окушуң керек» деп түшүндүрүңүз. Эгер минтип түшүндүрбөсөңүз, ал акчасы жок күнү башкаларга көз артып, көрө албастык кылат. Мүмкүн, бирөөлөрдүн акчасын тартып же уурдап алууга чейин барат.

2. Эң керектүүлөрдү сатып алганга гана жетчүдөй сумманы берүү кажет. Бала ой-келди бир нерселерди сатып албай, акчаны үнөмдөйт.

3. Акчаны бергенде аны өз алдынча коротуусуна мүмкүнчүлүк бериңиз. Бирок алдын ала эмнеге короткусу келерин сурап, анан өз кеңешиңизди айтыңыз. Бул баланы бир нерсе сатып алууну алдын ала пландоого үйрөтөт.

4. Башында 1 күнгө гана жеткидей акча берип, анан 1 аптага жетерлик акчаны бергенге өткөн оң. Бирок берерде «бул 1 аптага, эгер муну 2-3 күндө түгөтсөң, анда башка акча албайсың. Кийинки аптаны күтөсүң. Мисалы, мен бир айда бир гана жолу айлык алам, эгер аны 5 күндө түгөтсөм, мага башка акча бербейт. Ал эми акча сага бергенден тышкары светке, газга, тамак-ашка да керек жана баарына жетиши зарыл» деп айтыңыз. Ушинткенде бала акчаны үнөмдөөнү, барктоону үйрөнөт.

5. Көпчүлүк ата-энелер балдарына үй иштерин жасаганы үчүн акча беришет. Бул туура эмес. Анткени үй-бүлө мүчөсү катары бала да өз милдеттерин аткаруусу кажет. Мисалы, кранды оңдогону үчүн атасына, кир жууганы үчүн апасына бирөө акча бербейт да.

Кээ бирөөлөр баласы жакшы баа алса да акча карматышат. Бул да ката, себеби бала буга көнөт жана ар бир жолу жакшы баа алган сайын сиз менен эсептешүүгө өтөт. Билим акчага баалана баштайт. Баланын жакшы окуганы келечеги үчүн керектигин 1-класстан баштап түшүндүрүүңүз кажет. Бирок жалпы жакшы ийгиликтери үчүн анда-санда бир жакка алып барып көңүлүн ачып же белек берип койсоңуз болот.

6. Баланы акчасын үнөмдөп топтоого үйрөткүңүз келсе, анда ага акча чогултуучу буюм сатып бериңиз. Аны менен катар эмне сатып алууга акча топтогусу келерин сураңыз. Мисалы, ал уюлдук телефон алгысы келеттир. Баланы акча топтоого кызыктырыш үчүн бир эрежени колдонуңуз. Мисалы, ал топтогон ар бир 100 сомдун үстүнө сиз да 100 сомдон кошуп турасыз. Анан акча топтолгондо балаңыз менен дүкөнгө кошо барып, анын каалаганын тандашып бересиз. Ошол убакта ал акчаны сатуучуга өзү берип, кайтарымын өзү алуусу кажет. Бул балага соода жасоодо канааттануу алып келип, акча топтоого, ага керектүүсүн сатып алууга көндүрөт.

«Супердин» сурак бурчу

БАЛАҢЫЗГА КЕРЕКТӨӨСҮ ҮЧҮН АКЧА БЕРЕСИЗБИ?

Рысбек Токтобаев, Кара-Суу району:

– Күнүмдүк майда-чүйдө керектөөлөрү үчүн балдарыма акча берип турам. Бир нерсе алып жешет, ручка сыяктууларды сатып алышат. Жашына карап акча карматып, аны туура колдонтуп үйрөтүү керек. Бул келечегине жакшы болот. 

Бардагүл Качканакова, Манас району:

– Башталгыч класстын окуучуларына акча бербөө керек. Ата-энелер окуу куралдарын алып беришет. Мектептен ысык тамак берилет. Акча берсе зыян экенин билбей дүкөндөн арзан, боёк, химикаттар кошулган азыктарды сатып   жеп алышат. 

Уланбек Атабаев, Ат-Башы району:

– Мектепте 3 балам окуйт, бир балам бала бакчага барат. Айлык алып иштебегендиктен тапканыбызга жараша майда-чүйдөсүнө деп анда-санда берип турам. Эмне алдың деп сурабайм деле. Жегиси, ичкиси келгендерин өзүм сатып берем.

Айнагүл Маматова, Сузак району:

– Неберелериме керектүүсүн алсын деп ата-энеси акча берип турушат. Мен да кээде берип калам. Үнөмдөп колдонуп, артканын топтоп көксөгөн буюмун сатып алган учурлары бар. Негизи, каалаганын алсын деп ашыкча берип, жаман үйрөтпөө кажет.

Мунара Султанова, Ош шаары:

– Аз-аздан берип турабыз. Бирок көчөдө сатылган азыктарды алба, алар таза эмес, түрдүү оорулар жугушу мүмкүн деп эскертем. Минтип эскертүү ата-эненин милдети. Арткандарын үнөмдөп акча топтогуч идишине чогултушат.

Жумабек Мадемилов, Нарын шаары:

– Тыйын берүүнүн кереги жок. Кытайдын зыяндуу майда-чүйдөлөрүн жеп зыян тартып жатышат. Керектүүлөрүн ээрчитип барып эле алып берген оң.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1237, 4-10-сентябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан