Биз социалдык тармакта

Толгонай Арзыкеева, ырчы: “ӨЗҮМДӨГҮ ЧЕКТӨӨЛӨРДҮ ЖЕҢИП ЖАТАМ”

Толгонай Арзыкеева – сахнадан бир аз алыстап, энеликтин даамын татып турган учуру. Ырчы эне катары кандай өзгөргөнүн, эне болуу анын дүйнө таанымына, ырларына жана жашоосуна кандай таасир бергенин баяндайт. Ошондой эле чыгармачылыгы жана жеке жашоосу тууралуу маек болду.

 

– Толгонай, саламатсызбы? Учурда чыгармачылыкта кандай жаңылыктар бар?

– Саламатсыздар, ачык айтсам, учурда чыгармачылыктан бир аз алыстап кеттим. Анткени бир жыл мурун эне статусуна ээ болуп, бала тарбиясындамын. Менимче, бала төрөп, чоңойтуу ар бир аял үчүн жашоодогу эң чоң долбоорунун бири. Азыр ошол долбоор менен алекмин (күлүп).

– Азыркы жубай, эне болгон Толгонайдын чыгармачылык багыты мурункудан эмнеси менен айырмаланат?

– Негизи эне болгондон кийин менде көп нерсе өзгөрдү. Дүйнө таанымым, көз карашым, жашоо образым дегендей. Бул нерсе менин чыгармачылыгыма да таасир берүүдө. Өзүң менен өзүң таанышып жаткандай учур болуп жатат. Анткени мурунку чыгармачылыгымда өзүмө толук ишенбегендей же рамкада болгонумду сездим. Азыр рамкалардан чыгуудамын. Анткени бардык нерсени кыла алат экенибизди түшүндүм. Чектөөлөр адатта биздин түшүнүгүбүздө эле болот экен. Декреттен чыккандан кийин чыгармачылыгымда чоң бир өзгөрүүлөр болот деп ойлоп, максат кылып жүрөм.

– Актриса катары да таанылып калдыңыз, сунуш түшсө бул жаатты да ала кетесизби?

– Үч жыл мурун “Каникул” деген тасмада роль аткаргам. Кийин турмушка чыгып, эне болгондон кийин 7-8 жолу тасмага тартылууга сунуш түштү. Жакында да бир сунуш түшкөн эле, бирок балам мага аябай жакын, андыктан таштап киного тартылууга макул болбодум. Өзүмө да убакыт бергим келди. Буюрса, чоңоюп, басып калса актрисалыкты улантам. Анткени аябай жан дүйнөм каалап калыптыр, учурда үйдө болгондо тасмаларды карап, анализдеп жаткан учурум.

– Чыгармачылык менен жеке жашоону айкалыштыруу сиз үчүн кыйын болдубу?

– Жок, тескерисинче, баары жеңил болду. Көп нерсеге жетишип, энергиялуу болуп кеттим. Азыр мурун эмне кылып, эмнеден чарчачу болду экем деп ойлоп кетем. Мурун  толтура ыр жаздырып, клип тарттырып салсам деле  болчудай көп убактым болгон экен. Тескерисинче, азыр баламды көтөрүп алып деле көбүнө жетишип жатам. Буга албетте, жолдошумдун салымы чоң. Ар дайым колдоп, мага ишенип, толук эркиндик бергени үчүн чыгармачылыгым жүрүп жатат деп ойлойм. Бул нерсеге көп шүгүр кылам, ыраазы болом.

– Келин катары өзүңүздү кандай баалайт элеңиз…

– Эми укмуш келинмин деп айтпайм. Сыйым, урматым менен жүрөм. Бири-бирибизди сыйлайбыз, кайын журтум акылдуу, даанышман адамдар. Чыгармачылыгымды колдошот. Мен үчүн маанилүү нерсе – адам өзүн-өзү тапканы. Айрыкча кыздардын өзүнүн сүйгөн иши болсо, турмушка чыкканда андан баш тартпай улантыш керек деп ойлойм. Эркиндик абдан маанилүү нерсе экен, мен муну деле башында түшүнчү эмесмин. Эми гана түшүнүп, баалап келе жатам.

– Эне болгондон кийин сиздин дүйнөгө болгон көз карашыңыз кандай өзгөрдү? Эне болуу сизге кандай таасир берди?

– Эне болгондогу өзгөрүүлөрдү сөз менен түшүндүрүү кыйын болот го, аны сезүү керек. Турмушка чыкканда айрымдар “балалуу болгондо жашоо такыр башкача болот” десе ишенген эмесмин. Мени аябай өзгөрттү энелик, аялдарга, энелерге баа берип калдым. Кандай сезимдерди башынан өткөрүшөт, кичине балдарга эзилип карап калдым.Алтургай адамзатка көз карашым өзгөрдү. “Булар да бала болушкан да” деп башкача көз карашта карап калдым. Мурун эле сезимтал, жашык элем, азыр ого бетер балдарга тиешелүү видео көрүп калсам ыйлап алам. Азыркы энелик сезимдеримди эч нерсеге алмаштырбайт элем. Уулумдун аты жөнү – Эрен-Самак. Эрен – баатыр, даанышман дегенди билдирет, мага аты аябай жагат. Самак – жолдошумдун чоң атасы, муундан муунга кетсин деп ырым кылып койдук. Балабыз атасына да окшош, мага да окшоп кеткен жерлери бар.

– Эне катары өзүңүзгө эң көп койгон талабыңыз эмне? Аябай баласаак энесизби же реалдуу караган энесизби?

– Орду менен элемин го дейм. Кээде баласаак да болуп кеткен жактарым бар. Кээде реалдуу карайм абалга. Өзүмө көп койгон талабым – баланын жанында болуу. Анткени анын ааламы азыр ата-энеси менен гана чектелет да, бала өз ата-энеси менен чогуу болуш керек деп ойлойм. Кийин чоңойгондо достору пайда болот, эшикке сурана баштайт.Анда коё берүүгө туура келет, бирок кичинесинде ата-эненин сүйүүсүн жетеринче алып калса дейм.

– Балдарыңызга тарбия берүүдө ата-энеңизден алган кайсы сабакты колдоном деп ойлойсуз?

– Ишеним. Өз балдарыма мен да так ушул нерсени бергим келет. Анткени менин ата-энем ар дайым мага ишенип, мотивация берип, колдоп турушканы үчүн мен Толгонай болдум. Андан тышкары сүйлөшүп, сырдашып, жакын болуу да чоң бир сабак, ушуларды бергим келет.

– Толгонайды эне болгондо эмне катуу таң калтырды?

– Күчтүүлүк таң калтырды. Эне болгондон кийин күчтүү болуп чыга келет экенсиң. Мурун бир түн уктабай калсам кыйналып, энергиямды уктап эс алып топтогонго аракет кылчумун. Азыр уктасам уктайм, уктабасам жок, бирок энергиялуумун, күчтүүмүн. Эртең менен дүйнөнү багындыра тургандай шайдоот ойгоном.

– “Күчтүү болушум керек” деп өзүңүздүн чарчооңузду жашырган учурлар болобу?

– Мен идеалдуу адаммын деп өзүмдү эсептебейм. Идеалдуу энемин  деп да ойлобойм. Чарчасам түз эле айтам, жолдошум баланы көчөгө алып кеткенде эс алып, массажга барып, өзүмө толук көңүл бура алам. Кээде ресурсум түгөнүп баратканын сезсем, курбуларым менен жолугуп, баарлашып келем. Кыскасы, өзүмдү кайсы бир учурда биринчи орунга да коюп турам. Анткени дени сак, бактылуу, сергек аял болгондо гана ошол энергиясы менен жолдошун, баласын камсыздайт. Жолдошум деле чарчап баратканымды сезип, дароо жардамдашат. Жолдошумдун жанында эч кандай маскасыз жүрөт экем. Анын жанында бардык эмоцияларымдын чыгышына уруксат берем. Аялы гана эмес, досу, кээде эркелеген секелек, кээде акыл айта турган жакыны боло алам деп ойлойм. Анын жанында алсыз да, күчтүү да боло алам.

– Балдарыңыз сизден кайсы мүнөздү алса экен дейсиз?

– Уялбаганымды, амбициямды, көздөгөн максатыма жете турган сапаттарымды балдарыма өтсө деп тилек кылам.Жолдошум оор басырыктуу, токтоо адам, анын да, менин да жакшы сапаттарыбыз балдарыбызга өтсө жакшы болот.Эми анын баары Кудайдын колунда эмеспи.

– Эң чоң кыялыңыз кандай же ага жеттиңизби?

– Мен учурда эң чоң кыялымды жашап жатам болуш керек. Укмуш популярдуу болуп кеткен жокмун, чыгармачылык өз алдынча. Бирок шүгүр кыла турган нерселерим көп. Үйүм бар, жолдошум, балам жанымда, ата-энем, бир туугандарым, кайын ата, кайын энем баары жакшы, ден соолуктары чың. Ушул нерсенин баарын көрүп, жашоомду паузага коюп тургум келет. Ушул абалымды көпкө сактап калгым келет.

– Маегиңизге рахмат!

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1237, 4-10-сентябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан