(Башы өткөн сандарда)
Казат атанын кыжалатчылыгын байкабагандай түр көрсөттү Гүлай апа.
– Гүлай апа, Илим кичинекей кезинде кандай бала болгон? Кызыгып калдым, айтып бериңизчи.
Ал бир азга унчукпай калды. Колундагы чыныны акырын үстөлгө койду, бирок манжаларынын учу чынынын жээгинен ажырабай, титиреп турду.
– Илимби?.. Тынч бала болчу. Өтө тынч…
– Тынч деген кандай?
– Өзүнөн улууларды көп тыңшачу. Көп сүйлөчү эмес. Бирок баарын сезчү. Ким капа, ким калп айтып жатат, баарын билип турчу. Тынч бала болчу. Башка балдар чуркап ойноп жүрсө, Илим четте туруп баарын карап турчу. Өзү ойногондон көрө, бирөөнүн ыйлаганын көрсө жанында отуруп сооротор эле.
Гүлай апа бул сөздү айтканда анын көздөрү жылтырап кетти. Бирок жашын көрсөтпөш үчүн башын төмөн салып, чыныны кайра колуна алды. Чай муздап калганына карабай, бир ууртам ичкендей түр көрсөттү. Эмнегедир Илимдин бала кезин элестеткенде, өзүмдүн балалыгым көз алдыма келе берди. Түнкү караңгылык, айтылбай калган сөздөр, бирөөнү күтүп жашаган жүрөк… Казат атаны өз бөлмөсүнө жеткирип койгондон кийин акырын үн каттым.
– Гүлай апа, Илимдин кичине кезиндеги сүрөтү барбы?
Ал селт этип кетти. Колундагы кашык чыныга тийип, шыңгырап барып токтоду.
– Эмнеге?
– Билбейм… Анын кичинекей кезин көргүм келип жатат.
Гүлай апа бир саамга мени тиктеп турду да, эч нерсе дебестен ордунан турду.
– Күтүп тур.
Гүлай апа башка бөлмөгө кирип кетти. Мен анын кадамдарын тыңшап отурдум. Бир аздан кийин колуна эски альбом көтөрүп чыкты. Альбомдун сырты эскирип, бурчтары бүктөлүп калган экен.
– Мына,- деди ал. – Баары ушунда.
Мен альбомду акырын ачтым. Биринчи сүрөттө Илим үч-төрт жаштарда экен. Чачы капкара, чоң кара көздөрү камераны тиктеп туруптур. Экинчи сүрөттө мектеп формасында.Дагы сүрөттөр...
Мен сүрөттөрдү улам барактап жаттым. Эски бир сүрөт көңүлүмдү бурду. Мында эки жаштарда, бир нерседен корккондой көздөрү жаштуу. Аны тиктеп калдым. Гүлай апа дароо сүрөттү менин колумдан алып койду.
– Ал сүрөттү карабай эле кой.
Анын бул реакциясы мени ого бетер кызыктырды.
– Эмнеге?
– Эски сүрөт. Кереги жок.
Ал сүрөттү альбомдун ортосуна катып койду. Мен унчукпай калдым. Бирок көзүм ошол сүрөттө калып калган. Гүлай апа чай куюу үчүн ордунан турганда, мен кайра альбомду ачтым. Сүрөттү таап алдым. Бул жолу аны жакшылап карадым. Илим кичинекей экен. Менин жүрөгүм дүкүлдөп кетти. Анткени бул сүрөттү Айым апага көрсөтсөм эмне болот деген ой келди.
– Тамчы…
Гүлай апанын үнүн угуп, селт этип кеттим. Мен сүрөттү дароо альбомдун арасына кайра салдым. Гүлай апа мени бир аз тиктеп турду. Анан альбомду колуна бекем кысып кармады.
– Болду, кызым. Калганын кийин көрөсүң.
Ал альбомду жаап, башка жакка бурулуп кетти. Мен болсо ошол сүрөттү ойлоп эле турдум. Айласын таап башка күнү кайра альбомду таптым. Ошол сүрөттү акырын сууруп чыктым. Бир азга колума кармап турдум. Бул сүрөттөн эмне үчүн Гүлай апа мынчалык коркту? Сүрөттү кайра ордуна салайын дедим. Бирок кандайдыр бир ички сезимим «муну алып кет» деп турду. Мен сүрөттү катып алып кеттим. Альбомду ордуна койдум. Ошол күнү мен үйгө Илимдин бир сүрөтүн гана эмес, жообу али табыла элек чоң суроону көтөрүп кеттим.
ххх
Мен сүрөттү Айым апага көрсөтө албай көпкө жүрдүм.Ыгын таба албай жаттым. Бирок бир күнү чөнтөгүмдөн акырын чыгардым.
– Айым апа, муну карасаңыз…
– Бул эмне?
– Мен балдардын сүрөтүн топтогонду жакшы көрөт эмесминби, бир жерден таап алдым.
Айым апа сүрөттү колуна алды. Бир карады. Кайра карады. Көз айнегин оңдоп кайра карады… Андан кийин сүрөттү көзүнө жакындатып, баланын жүзүнө тигилди. Анын манжалары калчылдап кетти.
– Бул…
Үнү чыкпай калды.
– Тааныдыңызбы?
Айым апа жооп берген жок.Ал сүрөттөгү баланын чекесин, көздөрүн, мурдун улам-улам карай берди. Анан күтүүсүздөн сүрөттү көкүрөгүнө кысып алды. Көзүнөн жаш мөлт этти.
– Жок… мүмкүн эмес…
– Айым апа?
Ал ордунан туруп кетти. Бир кадам басты да, кайра отуруп калды. Көздөрүн жумду. Мен үн катпай калдым. Жүрөгүм токтоп калгандай эле. Айым апанын эриндери титиреди.
– Уулум! Бул… Мен көлдүн жээгине таштап кеткен балам!
Анын көз жашы сүрөттүн бетине тамчылай баштады. Ал сүрөттөгү кичинекей баланын жүзүн манжасы менен сылады.
– Ушул көздөрү… Ушул карашы…
Анан күтүүсүздөн башын көтөрүп, мени карады. Көзүндө үмүт да, коркунуч да бар эле.
– Тамчы, сен аны кайдан таптың? Же башынан эле билчү белең? Оо, Кудай, эмне болуп жатат?
Мен анын алдына отуруп колун кармадым.
– Айым апа, сиз менин окуямды жакшы билесиз.Мен атамды издеп, куса болуп жашадым. Тагдыр мени бир жигитке жолуктурду.Ал дагы мендей эле, ал дагы канаты сынык болчу. Уча албай жаткан жаралуу куштай элек биз… Биз бири-бирибизди сүйдүк, бирок чогуу боло албадык.Адам тагдырын колу менен жасап албаган сыяктуу, мен аны издеп таап алган эмесмин. Жашоом өзү мени Илимге алып барды. Биринчи жолукканда эле анын ичинде кандайдыр бир боштук бар экенин сездим. Адамдардан эч нерсе сурабайт. Өзүнүн кайгысын айтпайт. Бирок бир нерсени издеп жүрчү.
– Эмнени?
– Апасын издечү.
Айым апанын колу калчылдап кетти.
– Ал… мени издеп жүргөнбү?
– Ооба. Эгерде бул сүрөттөгү наристе сиздин уулуңуз болсо, анда ал сизди издеп жүрөт!
Айым апа жүзүн ала качты.
– Ал мени жек көрсөчү?
– Ал апасын жек көрүү үчүн эмес, табуу үчүн издеп жүрөт.Дагы деле канаты бүтүн эмес, профессор, илим адамы, кыйын адам болгону менен, анын бир тарабы өксүк. Кийин Элдарга жолуктум…
Айым апа башын көтөрдү.
– Элдарга?
– Ооба. Капыстан кезиктик. Ошол жолугушуудан кийин биринчи жолу олуттуу шек санай баштадым.
– Эмнеге?
– Элдар менен Илимди көргөндө… экөөнүн ортосунда түшүндүрө алгыс окшоштук бар экенин сездим. Жүзү. Көз карашы. Кээде күлгөнү. Ачууланганда жүзүнүн өзгөрүшү… Ошондо өзүмдөн «эгер Илим чындап эле агасы болсочу?» деп сурай баштадым. Сизге жолуктум, өмүрүңүздү уктум. Илимдин баккан ата-энесине барып, бул сүрөттү катып келип сизге көрсөттүм.
Айым апа сүрөттү улам бекем кысып жатты.
– Демек, аты Илим? Сен бул сүрөттү анын баккан ата-энесинен таптың…
– Ооба.
– Демек, Илим мени издеп жүргөн…
– Ооба.
– Ал эми мен…
Ал сөзүн айта албай калды. Бир аздан кийин шыбырады:
– Мен аны Көлгө таштап кеткен күндөн бери күн сайын өзүмдү жазалап жашадым.
Ал сүрөттү эриндерине жакындатып өөп алды. Айым апа мага карады. Анын көзүндө эненин кубанычы эмес, көп жылдык коркунучтан кийин келген үмүттүн коркунучу турду.
– Тамчы… мен аны көрүүгө акысы бар энеминби?
Менин жүрөгүм ооруп кетти.
– Сиз анын апасысыз.
– Бирок мен аны таштап кеткем…
– Ооба. Бирок ал сизди издеп жүргөн.
Айым апанын көз жашы токтобой агып жатты.
– Анда мени бир нерсе кыйнайт…
– Эмне?
Ал сүрөттөгү кичинекей Илимди карады.
– Мен аны көргөндө мени энеси катары кабыл алабы? Же баккан апасынбы?
Мен жооп бере алган жокмун. Айым апа сүрөттү көкүрөгүнө кысып ыйлап жатты. Ал эми мен ошондо түшүндүм. Илим апасын издеп жашаптыр. Айым апа болсо уулун жоготкон күндөн бери өзүн эне деп сезүүгө да акысы жоктой жашаптыр.Эми алардын ортосунда бир гана нерсе калды. Көп жыл мурун көл жээгинде үзүлгөн эне менен баланын жолунун биригиши…
(Уландысы кийинки санда)