Германиянын Берлин шаарында жергиликтүүлөр менен катар туристтердин да кызыгуусун жараткан жай бар – Disgusting Food Museum Berlin деген. Кыргызча “Жийиркеничтүү тамак-аштардын музейинде” дүйнө жүзүнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн деликатес деп саналган, бирок жийиркенүүнү жараткан 100гө жакын тамак-аш түрү коюлат. Бул тамак-аштарды даамдап көрүү үчүн бекем эрк жана, албетте, күчтүү ашказан керек.
Касу марцу
Бул сыр Италия ашканасынын “өкүлү”. Сардин сырына атайын чымынды “чычтырышат”. Убакыт өтүп, чымындын жумурткалары кыбыраган көптөгөн личинкага айланат. Сырды дасторконго койгондо личинкалар алынбайт, кыбыраган “тирүү тамак” катары берилет. Личинкалардын ферментациясынан өткөн сыр жумшарып, борпоң тартып калат, ошол эле учурда жагымсыз жытына чыдагандар гана жакын тура алышат. Башкаларга жийиркеничтүү көрүнүшү мүмкүн, бирок италиялыктар үчүн деликатес тамак болуп эсептелет.
Сюрстрёмминг
Жийиркеничтүү тамак-аштардын татыктуу тизмегинде Швециянын сюрстрёмминг азыгы орун алган. Даамын татып көрүүдөн мурун негизгиси жытына чыдоо керек. Сюрстрёмминг – бул ферменттелген сельд балыгы. Бул консерванын банкасын кусуп жибербей ача алган адамга медаль берилиши керек дешет, анткени жыты ушунчалык сасык болот экен. Музейде болсо айына бир гана жолу “кыйынмын” дегендерди чогултуп сюрстрёмминг банкасы ачылат.
Ич эттерден колбаса
Музейге жогорку деңгээлдеги ашканасы менен белгилүү Франциянын да тамагы кирген. Тагыраагы, ич эттерден жасалган колбаса көпчүлүктүн көңүл айлантуусун жаратат экен. Андуйет – бул кесек-кесек бөлүктөргө бөлүнгөн ич эттерден турган колбаса. Көбүнчө чочконун ичегилеринен жана карынынан жасалат. Өз кезегинде чочконун ич эттери кескин сасык жыты менен белгилүү.