Биз социалдык тармакта

Деңизде 1001 күн (бакыт байлыкта эмес экенин чагылдырган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Бирок... Тагдыр дагы бир жолу бизди сынады. Бир түндө болду баары. Оорукана. Ак халатчан дарыгерлер. Узун коридор. Анан бир гана сүйлөм...

– Кечиресиз, сактап кала алган жокпуз...

Илимдин үнү титиреп кетти ушуну айтканда. Бир аз унчукпай калып, андан ары сөзүн улантты.

– Мен ошол күнү биринчи жолу... Чоң эле киши болуп туруп оорукананын дубалына жөлөнүп алып ыйлагам. Бүбүш болсо менден дагы оор абалда болчу. Бирок ал мени көргөндө көз жашын жашырып:

– Баары жакшы болот,- деп мени жооткотту. Чынында сооротууга өзү муктаж эле. Арадан убакыт өттү. Дагы бир үмүт пайда болду. Бул жолу сөзсүз болот деп ишендик. Бирок бул жолу дагы... Тагдыр биздин колубузду бош калтырды. Үйдүн бир бурчунда турган бош бешикти көргөн сайын жүрөгүм тилинип кетчү. Түнкүсүн Бүбүш уктап калганда жуунуучу бөлмөгө кирип алып жалгыз ыйлачумун. Бирок эртең менен анын алдына күлүп чыкчумун. Анткени менин кайгымды көрсө, ал дагы көбүрөөк кыйналмак. Ошентип арадан бир жыл өттү. Эки жыл өттү. Үч жыл... Төрт жыл... Беш жыл... Ар бир майрамда туугандар:

– Качан небере сүйөбүз?- деп сурай беришчү. Мындай суроо экөөбүздүн тең жүрөгүбүзгө бычактай сайылчу. Бирок муну Бүбүшкө эч качан сездирген жокмун. Ар дайым “баары жакшы болот. Биздин дагы күнүбүз келет” деп айтчумун. Күндөр өттү. Кереметтүү дагы бир таң атты. Дарыгер палатанын эшигинен чыгып жылмайып карады.

– Куттуктайм, уулдуу болдуңуздар!

Ошол учурда буттарым титиреп кеткен. Кичинекей ак жуурканга оролгон наристени биринчи жолу колума беришкен. Ушунчалык кичинекей эле, алаканы менен бир манжамды кармап алган. Аны карап туруп ыйлап жибердим.

– Салам, уулум... Мен сени көп күттүм. Өтө көп күттүм.

Ошентип биздин үйдө беш жылдан кийин биринчи жолу наристенин үнү жаңырды. Атын Бекзат койдук. Ошол күнү Бүбүш акырын жылмайып:

– Көрдүңбү? Кудай бизди унутпаптыр,- деди.

Илим акырын көз жашын сүрттү. Анан жылмайды.

– Биз бай эмес элек. Кыйналып жашадык. Түндөп иштедим. Күндүз окудум. Акча жетчү эмес. Бирок үйгө кирген сайын эшиктин артынан “ата” деп чуркап чыккан бир кичинекей бала бар эле. Ошондо мен өзүмдү дүйнөдөгү эң бай адам сезчүмүн. Анткени ошол кичинекей наристеге жетиш үчүн биз экөөбүз беш жыл бою көз жаш менен үмүттүн ортосунда жашаган элек.

Илим акырын жылмайды. Бул жолу анын жүзүндөгү жылмаюу кайгыны эмес, аталык бакытты эскертип турду.

– Бекзат... Менин өмүрүмдөгү эң чоң белек. Ал төрөлгөн күнү үйүбүздүн ичи өзгөрүп кеткен. Кечээ эле жымжырт турган дубалдардын арасынан эми наристенин ыйы угула баштады. Ошол үн биз үчүн дүйнөдөгү эң кооз обон эле. Мен жумуштан канчалык чарчап келсем дагы, эшикти ачарым менен биринчи бешикке чуркачумун. Бешиктин ичинде кичинекей бала эки колун өйдө көтөрүп, мени көргөндө күлүп жиберчү.

– Атаң келди,- деп Бүбүш акырын шыбырачу. Ошондо Бекзат кичинекей буттарын тыбыратып, колдорун мага сунчу. Мен аны көтөрүп алып, бир топко чейин жыттап турчумун. Наристенин жыты... Кудай бейиштен жиберген жыттай сезилчү. Бүбүш болсо анын чекесинен өөп:

– Менин Бегим. Менин кичинекей ханзаадам,- деп эркелетчү. Жок. Ал эч качан “Бекзат” деп чакырчу эмес. Ар дайым “Бегим” дечү. Ошол сөздү укканда наристе күлүп жиберчү. Мен тамашалап:

– Карачы, апаң сени падыша кылып жиберди,- десем Бүбүш күлүп:

– Ал менин жүрөгүмдүн падышасы. Ошондуктан ал дайыма менин Бегим бойдон калат,- дечү.

Кээде түн ортосунда Бекзат ыйлап ойгонуп кетчү. Мен чарчап жатсам дагы ордумдан туруп бешикти акырын терметчүмүн. Бирок кызыгы, ал менин сооротконума эмес, апасынын үнүнө гана басыла турган. Бүбүш аны кучагына алып: – Бегим, апаң бул жерде...- деп акырын бешик ырын ырдачу. Ошол ырды уккан сайын Бекзаттын көздөрү жумулуп кетчү. Мен болсо экөөнү карап отуруп “убакыт токтоп калса экен” деп тилечүмүн.

          ххх

Бир жолу жумуштан кеч келип калдым. Үйдүн эшигин акырын ачсам, Бүбүш диванда уктап калыптыр. Көкүрөгүндө болсо бир жашар Бекзат уктап жатат. Кичинекей колу апасынын жүзүнө тийип турган. Терезеден айдын жарыгы түшүп... Экөө тең периштедей көрүндү. Мен ошол учурда үн чыгарбай узакка чейин карап тургам. Анан акырын шыбырагам:

– Кудайым, ушул экөөнү менден мурда алба.

Илим сөзүнүн ушул жерине келгенде үнү каргылданып кетти.

– Байлык. Даңк. Компания. Баары кийин келди. Бирок ошол кичинекей үй, апасы “Бегим” деп эркелеткен бала... Ошол күндөр менин өмүрүмдүн эң таза, эң бактылуу барактары болуп жазылып калды. Азыр дагы кээде көзүмдү жумсам, Бүбүштүн үнү угулат.

– Бегим... Ошол үн үйдүн ичин жылытчу. Менин жүрөгүмдү дагы. Балким, ошон үчүн бүгүнкү күнгө чейин Бекзатты көргөн сайын мен уулумду эле эмес, Бүбүштүн ошол мээримге толгон үнүн дагы эстейм. Анткени айрым адамдар көз жумат, бирок алардын эркелеткен сөздөрү эч качан өлбөйт. Алар үйдүн дубалдарында, эскерүүлөрдө, эң негизгиси – балдарынын жүзүндө өмүр бою жашап кала берет.

Илим терезени карап акырын жылмайды.

– Билесиңби, Тинатин? Адамдын эң чоң байлыгы акча эмес экен. Жаныңдагы адамдын сага болгон ишеними экен. Биздин бактылуу күндөр уланып жатты. Үйүбүз чоң эмес болчу. Эмеректерибиз дагы жөнөкөй эле. Бирок ал үйдүн дубалдарынын ичинде сүйүү жашачу. Ошондуктан биз өзүбүздү бай сезчүбүз. Бекзат күндөн-күнгө чоңоюп жатты. Үйдүн ичинде күлкү көбөйдү. Кээде оюнчуктары бүт бөлмөгө чачылып калчу. Бүбүш болсо:

– Кой, жыйнаба... Үйдө баланын үнү чыкпаса, үй муздап калат,- деп күлчү. Ошол жылдары мен окуумду ийгиликтүү аяктадым. Колума диплом алдым. Бүбүш аны эки колу менен кармап алып:

– Мен айткам сага, сен сөзсүз чоң адам болосуң деп,- деп көзүнө жаш алган. Бирок диплом алганым менен, жашоо жеңилдеп кеткен жок. Тескерисинче, чыныгы күрөш ошондо башталды. Биринчи жумушума чоң үмүт менен кирдим. Бирок үч ай өтпөй кыскартууга туш болдум. Колума акыркы айлыгымды карматып:

– Кечир...- дешти. Ошол күнү үйгө кантип барганымды билбейм. Эшиктин алдында жарым сааттай туруп калдым. Бекзаттын көзүнө кантип карайм деп ойлондум. Эшикти ачсам Бекзат чуркап келип моюнума асылды.

– Ата!

Ал эми Бүбүш баягыдай эле жылмайып туруптур. Ал эч нерсе сураган жок. Менин жүзүмдү карап эле баарын түшүндү. Тынч гана чай куюп берип:

– Кеттиңби?- деп сурады.

Мен башымды ийкедим.

– Ооба, жумуштан чыгарып салышты...

Мен анын көңүлү чөгөт деп ойлогом. Бирок ал күлүп койду.

– Анан, эмне болуптур? Жумуш кетсе кеткендир, сен кеткен жоксуң да. Колу-бутуң соо. Акыл-эсиң жайында. Ден соолугуң жакшы. Биз дагы башынан баштайбыз.

Ошол сөз мага миңдеген лекциялардан күчтүү болгон. Бир эмес, эки эмес, канча жолу жумуштан кеттим. Кээде өзүм кеттим. Кээде чыгарып салышты. Кээде адилетсиздикке туш болдум. Кээде адамдардын кыянаттыгын көрдүм. Үйдө бир сом акча калбай калган күндөр болду. Текчедеги ун азайып, муздаткыч бош турган учурлар болду.

Бир күнү чөнтөгүмдү аңтарып көрсөм, автобуска жол киреге жетчү акча араң чыкты. Ошондо өзүмдү өтө алсыз сезгем. Бирок ошол кечте үйгө келсем, Бүбүш дасторкон жайып коюптур. Жөнөкөй картошка. Ысык чай. Жаңы бышкан нан. Ал болсо тамашалап:

– Бүгүн хан сарайдын менюсу ушундай экен,- деп күлдү. Мен болсо көз жашымды араң кармадым.

 

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1237, 4-10-сентябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан