Биз социалдык тармакта

ЭСТРАГОН ТАТЫМАЛЫНЫН КОЛДОНУЛУШУ

Мекени – Монголия, Сибирь

Эстрагон татымалы ушул эле аталыштагы көп жылдык өсүмдүктөн алынат. Өсүмдүк эстрагон шыбагы, тархун, ажыдаар чөбү, ажыдаар шыбагы деген да аталыштарга ээ. “Тархун” деген суусундукка анын экстракты (жаңы үзүлгөн жалбырактарына суу, кант кошулуп жасалат) кошулгандыктан аталышы өсүмдүктүн атынан аталып калган. Маалыматтарга караганда, мекени – Монголия, Орусиянын Сибири. Жапайы түрдө аталган өлкөлөрдөн тышкары Кытай, Пакистан, Индия, Түндүк Америкада өсөт. Тоолордун түштүк капталдарында бадалдар жыш  өскөн жерлерде көп кездешет.

Бийиктиги 40-130 сантиметрге чейин жетет. Гүлдөрү боз саргылт. Август, сентябрда гүлдөп, октябрда уругу чогултулат.  Уругунун курамында каротин, алколоиддер, эфир майы, аскорбин кислотасы, кумарин бар.

 

Жалбырагы татымал катары колдонулат

Гүлдөп баштаганда жалбырактары терилип кургатылат, майдаланат. Муну татымал катары пайдаланганда өт суюктугунун көп бөлүнүп чыгышын шарттайт, тамакка табитти арттырат. Ички бездердин иштөөсүн, анын ичинде жыныстык бездердин да, калыптандырат.

Кулинарияда бадыраң, помидор, козу карын, капустаны туздоодо, маринаддоодо, күрүч, балык, эт тамактарды, соус, майонез, салаттарды даярдоодо кошулат. Францияда уксус даярдоодо пайдаланышат.

 

Тамаркада өстүрүүгө болот

 Эстрагонду сүйүүчүлөр тамаркасында (огород) өстүрсө болот. Ал үчүн уругун күн тийген же болбосо жарым көлөкө жерге тигишет. Орусияда 18-кылымда өстүрүлө баштаган. Жазында кар кетери менен сабагынын башы кылтыйып чыгат да, бат өсө баштайт. Бир эле жерде 8-9 жылга чейин өсө алат. Бирок анын дарылык касиети алгачкы 3 жылдыгында күчтүү делинет.

Өсүмдүктү уругу, тамыры, түбүн бөлүү менен көбөйтүүгө болот. Уругу абдан майда болгондуктан алгач аны жашикте өстүрүп, анан тамаркага көчүрүп тигишет.

Жайы бою өсүмдүктү бир нече ирет кыркып алса болот, кайра өсүп калат. Болгону жерден 12-15 сантиметрдей өйдө кесүү керек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1237, 4-10-сентябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан