Биз социалдык тармакта

"СУЛТАН БЕЙБАРС" тасмасы тууралуу кызыктар

«Султан Бейбарс» тасмасына  көз чаптырсак, орто кылымдагы Чыгыштын күрдөөлдүү тарыхына күбө болобуз. Бийлик талаш, так үчүн күрөш, чыккынчылык, достук жана адамдын өз тагдырын өзү өзгөртүүгө болгон аракети тасманын өзөгүн түзөт. Фильмди кыргыз көрөрманы үчүн өзгөчө кылган дагы бир жагдай бар. Анда кыргыз киносунун залкар актёру Болот Бейшеналиев, Догдурбек Кыдыралиевдер роль жараткан.

 

Тасма тууралуу

Жанры – тарыхый

Режиссёру – Булат Мансуров

Тарткан өлкөлөр – СССР, Египет

Чыккан жылы – 1989-жыл

Башкы ролдордо – Нурмухаммед Жантурин, Даулет Бейсенов, Болот Бейшеналиев, Догдурбек Кыдыралиев

Тасма кандай тартылган?

Долбоордун биринчи бөлүгү СССРдин «Казахфильм» киностудиясы менен «Ялта-фильмдин» катышуусунда ишке ашкан. Экинчи бөлүгү Египет тарап менен биргелешкен өндүрүш болгон. Тасма тарыхый масштабды берүү үчүн костюмдарга, декорацияга жана массалык көрүнүштөргө чоң көңүл бурган. Ошондой эле казак талааларында да тартылган. Долбоорго «Совэкспортфильм» жана «Казахфильм», Египет тараптан «Эль-Аламия» катышкан. Демек, өз учурунун эң чоң бюджет кетирген ири долбоор болгон.

Бүгүн мындай согуштук көрүнүштү компьютердик графика менен эле жүз адамды миң адамдай көрсөтүп коюшат. Ал кезде  болсо негизги курал — реалдуу массовка жана натуралык тартуу болгон. Тарыхый фильмде ат менен иштөө өзүнчө чоң маселе болгон. Атайы аттар үчүн ипподром болгон. Сарайлар декорация аркылуу жасалган.Массовкадагы адамдар көп керек болгондуктан кино тартылып жаткан жерде жергиликтүү адамдар, студенттер, аскер кызматкерлери, спортчулар жана атайын массовка катары тартылган адамдар колдонулган. Эмне үчүн ошол кездеги согуштар азыркыдай «жасалма» көрүнбөйт деген суроо чыгат. Анткени көп нерсе чыныгы болгон. Ошондуктан кадрда адамдын кыймылынын, аттын жүрүшүнүн, чаңдын, жарыктын табигыйлыгы күчтүү сезилет.

 

Кыскача мазмуну

Тасманын өзөгүн Египеттин эң күчтүү султандарынын бирине айланган Султан Бейбарс түзөт. Бейбарс — түрк тектүү жаш жигит. Тарыхта улуту кыпчак делген  божомолдор бар. Ал бала кезинде өз жеринен ажырап, кулчулукка түшөт. Аны башка кулдар менен кошо сатып жиберишет. Ошентип, эркин адамдан кулга айланат. Бирок Бейбарстын мүнөзү башкача болот. Ал намыскөй, өжөр, акылдуу жана согуш өнөрүнө шыктуу эле.

Ошол учурда Египет менен Сирия аймагына чоң коркунуч келип чыгат, монголдор жакындап келе жаткан. Бейбарс үчүн бул жөн гана согуш эмес. Бул — анын мекениндей болгон ислам дүйнөсүн коргоо эле. Натыйжада мамлүктөр монголдорду жеңет. Согуштан кийин Бейбарстын кадыры өсөт. Бирок согуштагы жеңиштен кийин анын алдында жаңы күрөш пайда болот — бийликке болгон күрөш эле. Ал Султан Бейбарс болгондон кийин  мамлекетти ар түрдүү бекемдөөгө киришет.

«Султан Бейбарс» сыртынан караганда — согуш, бийлик, сарай, чыккынчылык тууралуу тарыхый фильм.

Бирок режиссёрдун көз карашында Бейбарстын эң чоң күрөшү так үчүн эмес, өзүнүн ким экенин жоготпоо үчүн жүрөт. Кул болуп кеткен бала өзүнүн ким экенин эстей берет.Өлөрүнө жакын калганда мекенин табат. Эсинде калган “көке” деген ата деген сөздү казак талааларынан угуп, жери ошол болгонун билүүсү менен тасма аяктайт.

 Башка элдин жеринде чоңойгон адам — туулган жерин унутпайт.

 

Фильмдин негизги идеясы

«Бейбарс» жөн гана согуш тууралуу фильм эмес. Анын негизги өзөгү — эркиндиктен ажыраган кулдун кантип тарыхтагы улуу башкаруучуга айлангандыгы. Бул тарыхта болгон инсан. Бейбарстын жашоосунда үч нерсе өзгөчө көрүнөт: кул, жоокер, султан.Тасманын 70 пайызы тарыхка туура  келе турганын тарыхчылар айтып келет.

 

Нурмухаммед Жантуринге кантип Бейбарстын  ролу берилген?

Режиссёр Булат Мансуров Бейбарстын образын алгач башка белгилүү казак актёру Шекен Аймановго ылайыктап ойлогон экен. Бирок Айманов каза болгондон кийин режиссёр Жантуринге токтолот. Жантурин ошол учурда чыгармачылык жактан оор мезгилди башынан өткөрүп жүргөн. Ошондуктан Мансуровдо «актёр көп тыныгуудан кийин формасын жоготуп алган жокпу?» деген күмөн болгон. Бирок тартуу аянтчасына биринчи чыкканынан эле бул күмөн жокко чыгат. Анын жүзүндө жана үнүндө бийликти, жашоодогу оор сыноону жана ички кайгыны бир убакта бере алган өзгөчө күч болгон.  Мансуров кийин Жантуринди «керек учурда күчүн көрсөтө алган жолборско» салыштырган. Кызыгы, Бейбарстын жашын көрсөтүү үчүн бир эле актёр колдонулган эмес. Фархад Аманкулов — кулчулукка түшкөн жаш Бейбарс, Даулет Бейсенов — мамлүк Бейбарс, Нурмухаммед Жантурин — султан Бейбарс.

Аманкуловдун эскерүүсүндө кастинг учурунда үчөөнү — Аманкуловду, Бейсеновду жана Жантуринди катар тургузушканда, алардын бири-бирине окшоштугуна баары таң калган. Аманкулов ал кезде 23 жашта болгон жана ролго чейин СССРдин ушу боюнча курама командасында спортчу болгон. Ал  эми Жантурин үчүн бул роль жөн гана кезектеги роль болгон эмес — анын чыгармачылык өмүрүндөгү эң бийик жетишкендиктеринин бири болуп калган. Тилекке каршы, актёр 1990-жылы, фильм чыккандан бир жылдан кийин, 62 жашында каза болгон.

 

Тасмада кыргыздардын ролу

 Тарыхый жактан Бейбарс менен Калаундун байланышы абдан олуттуу. Калаун Бейбарска жакын мамлүк болгон. Анын жаш кезин Догдурбек Кыдыралиев, карган кезин Болот Бейшеналиев аткарган. Калаун — көп сүйлөгөн каарман эмес. Мындай ролдо актёрдун пауза кармоосу, башын бир аз бурушу, мимикалары өзгөчө берилиши керек эле.Кыргыз актёрлору аны жогорку деңгээлде ойноп беришкен.

 

Кызыктар…

1. Сергей Бондарчук Бейбарсты сүйлөткөн.

 Көпчүлүк көрүүчү экрандагы актёрдун үнүн өзү айтып жатат деп кабыл алышы мүмкүн. Бирок тасмадагы бир катар ролдорду кийин башка белгилүү актёрлор дубляждаган. Мисалы, Бейбарстын султан кезиндеги ролун аткарган Нурмухаммед Жантуринди Сергей Бондарчук.

2. «Султан Бейбарс» бир күндө пайда болгон эмес. Фильмдин идеясы режиссёрдун мээсинде 1965-жылдардан башталган. Ал эми Булат Мансуров сценарийдин үстүндө 9 жыл иштеген. Тасма 1989-жылы гана көрүүчүгө жеткен.

3. Тасманын артында Морис Симашконун «Емшан» чыгармасы турат. Демек, фильм жөн гана тарыхый хроника эмес, адабий чыгарманын негизинде жасалган көркөм интерпретация болгон.

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1237, 4-10-сентябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан