Биз социалдык тармакта

Айгүл Алыкулова, ырчы: “САНАЛУУ ГАНА АДАМДАРГА АЧЫЛАМ”

“Ок жедим”, “Чоочун адамым” жана башка чыгармалары менен музыка айдыңында жылдызы жанып келе жаткан ырчы, обончу Айгүл Алыкулова биздин маек төрүбүздө конокто. Айгүл айым менен ыр, обон дүйнөсүнө баш багып, окурмандарды кызыктырган суроолорго жоопторду алдык.

 

– Айгүл айым, учурда хит болуп жаткан ырларыңыз канчалык деңгээлде сиздин ички дүйнөңүздүн абалын чагылдырат?

– Албетте, ар бир чыгармада жан дүйнөңдөн, жүрөгүңдөн бир сезимдер кошулат. Эл оозунда айтылгандай, жүрөктөн чыккан ыр гана жүрөккө жетет эмеспи. Бул бирок ырдагы нерселердин баары сөзсүз эле өзүңдүн жеке жашооңдон алынат дегендик эмес. Кээде күбө болгон бир окуя, бир көз ирмем, сен күтпөгөн, пландабаган кырдаал сонун чыгармаларды жаратышы мүмкүн.

– Сын-пикирге, интернет желесинде сизге карата жазылган негативдүү комментарийлерге мамилеңиз кандай?

– Эми эл алдында болгондон кийин сөзсүз ар кандай сөздөр айтылат экен. Убакыт өткөн сайын ар бир сөздү иликтеп калат экенсиң. Албетте, көңүл оорубай койбойт, ооруйт. Бирок бара-бара аларды жүрөккө жакын кабыл албаганга үйрөнүп калат экенсиң. Бул жаатта өзүмдүн салкын кандуулугума ыраазы болуп кетем. Конструктивдүү сын айтылса кабыл алам, ал эми негизсиз же негатив сындарды акырын эле четке жылдырып коём. Эсимде калганы – бир жолу классика стилиндеги кара костюмду аябай кылдаттык менен тандап, атайын чеберлерге оңдотуп кийип чыктым. Ошондо чачымды аябай сынга алышкан “эмне үйдө жүргөнсүп төбөсүнө түйүп алган” деп. Эми муну бардык эле аялзаты кылат эмеспи, анткени абдан ыңгайлуу го. Муну дүйнөлүк жылдыздардан деле көрүп жүрөбүз го. Анан ойлоп коём, ошентип сын айтууга убактысын бөлүп, интернет трафигин коротуп (күлүп) комментарий жазган байкелерибиз үйдөгү келинчегинин жалаң эле ошентип жүргөнүн көрүшөт окшойт да. Бир чети хейтерлердин эч бирине акараат айткым келбейт, анткени алар мага эң кымбат убактысын бөлүп комментарий жазып жатышат да.

– “Эл эмне дейт” деп өзүңүздү тыясызбы же чатагыңыз жокпу?

– “Эл эмне дейт” деп өзүмдү тыйган учур деле болбойт. Анткени жашоого карата өзүмдүн көз карашым, максаттарым бар. Буюрса, 9 жыл, балким, андан бир аз кечирээк же бир аз эртерээк өзүмдүн Кудай алдындагы карыздарымдын бардыгын жапкым келет. Балким, чыгармачылыктан да алысташым мүмкүн, Кудайым ошол күнгө жеткирсе экен. Ага чейин чыгармачылыктагы карьерамда өзүм каалаган, максат кылган бийиктиктерге жеткирсе экен деп келем. Анан “эл эмне дейт?” дегенге кайрыла турган болсок, ал нерсе мени көп деле ойлондурбайт. Анткени өзүмдүн ой жүгүртүүмө толук ишенем. Албетте, жаңылыштыктарым бар, анткени инсанбыз.

– Талант сизге кимден өткөн деп ойлойсуз?

– Ойлоп көрсөм, биринчи жолу 5 жашымда таятамдын комуз черткенине кызыгып, колума комуз алыптырмын. Ал кезде черткенди билбейм, бирок тырышып комузду улам колума алып черткилей берчү элем. Суусамыр өрөөнүнүн Кожомкул айылында турат элек. Ал жакта билесиздер, кышкысын 40 градуска чейин суук болот. Кар болсо тизеден, эшик алдындагы карды күрөгөндө өзүнчө эле кичинекей тоо болуп калат эле. А мен дайыма ошонун үстүнө чыгып алып, “тоголонуп топтой, топтой” деген ырды ырдай берчүмүн. Анан үйгө кирсем, очокто кайнаган чай, каймак, анан таятамдын комуз чертип ырдаганы... Эстесем, аябай сонун күндөр болчу. Ошол Суусамырдын суугу белек кылган бетимдин кызылы (купероз) азыр деле бир аз бар. Улам комуз черткеним бир аз окшошкон сайын таятама, байкемдерге чуркап барат элем, "уккула" деп. Алардын болсо иши көп, кыйратып деле угушпайт. А менин кызыгуум улам күчөп баратты, акырындык менен ар кандай күүлөрдү черткенди үйрөндүм. Анан бой жетип баштаганда Кара-Балтада жашап калдык, ал жактан да ийримдерге барып жүрдүм. Бирок 9-классты бүткөндө бухгалтердик кесипти аркалайм деп колледжге тапшыргам. Ал жакта да ырдап, сынактардан такыр калбайт элем. Окууну аяктагандан кийин атам менен кеңешип, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетине тапшыргам. Атам "эстрада тармагын танда" деп кеңеш берген, бирок мен өзүмө жакын болгон фольклор тармагын тандап алгам.

– Айтсаңыз, эгер сиздин жан дүйнөңүз музыкалык аспап болсо, ал кайсы аспап болмок жана эмнеге?

– Оо, ал аябай кымбат аспап болсо керек анда (күлүп). Жогоруда айткандай, менде салкын кандуулук бар. Оңою менен адамдарды жакын чөйрөмө кабыл албаганым, саналуу гана адамдарга ачылганым, көптөр менен күлүп, жылмайып сүйлөшкөнүм, мага кызык нерсени абдан кылдаттык менен анализдегеним, өз жолумду өзүм чийгенимди эске ала турган болсок, анда мен орган болсом керек (орган – эң ири үйлөмө клавишалуу музыкалык аспап, аны “музыкалык аспаптардын падышасы” деп да аташат). 

– Айгүл айым, убакыт бөлүп маектешүүгө келип бергениңизге ыраазычылык. Эми сизге эркин микрофон суналы...

– Мен бул маекте автордук чыгармаларымдын бири болгон “Жакшыларым” аттуу ырымдан төрт сап калтыргым келип турат. Баарыбыздын жашообузда жакшыларыбыз бар болсун.

Жакшыларым,

Жалганда жан шерик, асылдарым,

Сырдашкан, муңдашкан, ырдашкан жакындарым.

Байлыктарым,

Жүрөктү эргиткен кайрыктарым.

Кайгырсам кубантар, колдоочу тумарларым.

Тумарларым, жакшыларым.

Асел Нурбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1237, 4-10-сентябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан