Биз социалдык тармакта

ТИШ ООРУНУН 4 ТҮРҮ

Кыргыздын “тишиң барда таш чайна, тишиң жокто аш кайда” деген накыл сөзү бар. Андыктан аны кичинекей кезден күтүп, карап, карыганда тишсиз калбоо керек. Тиш жок кызыл ээкке салып чайнаганда толук майдаланбай, ашказан-ичеги оорулары жаралат. Тиштин 4 оорусу тууралуу сөз кылабыз. 

Пульпит – тиштин нервинин сезгениши

 Тиштин ички каналында пульпа жайгашкан. Пульпада нерв, кан тамырлар, лимфа кан тамырлар, байламталар болот. Андыктан “тиштин жүрөгү” аталат. Кан тамырлар керектүү азык-заттар менен тишти ичтен азыктандырып турат. Пульпит ошол пульпанын кайсы бир себептерден улам сезгениши. 

Дарттын белгилери

• Тиштин ысык, муздак ичкенде, таттуу жегенде оорушу.

• Лукулдаткан оорутуунун кулак, чыкый же коңшу тиштерге чейин берилиши.

• Оорутуунун кечинде күчөшү.

• Сезгенүү күчөгөндө пульпиттин ириңдеши. 

Келип чыгышын шарттоочулар

• Кариестин өтө тереңдеп кетиши. Мындайда бактериялар, инфекциялар тиштин бузулган эмалы менен дентинден өтүп пульпага жетип, андагы нервди, кан тамырларды сезгендирип, ириңдетет.

•Туура эмес ортопедиялык дарылоо. Мисалы, сапаты начар пломбаны колдонуу.

• Коронка кийгизүү үчүн тишти көп өгөөлөөдө пульпанын ысып кетиши. Андыктан өгөөлөөдө суу бүркүп туруу керек.

•  Тиштеги жаракаттар. Мисалы, жарака кетүү, сынуу же каптама тиштин сынышы. 

Дарылоодо ириң тазаланып, нерв алынат

Дарылоо 1 же 2 күн жүргүзүлөт. 1 күндүк дарылоодо ооруну сездирбөөчү укол сайылып, тиш пульпага чейин оюлуп тешилип, канал ириңдерден тазаланып, нерв алынат. Пульпа сезгенгенден кийин нервди сактап калуу мүмкүн эмес. Анан дарылык төшөлмө (лечебные прокладки), пломба коюлат. 2 күндүк дарылоодо каналдар тазаланган соң нервин өлтүрүү үчүн дары, үстүнө убактылуу пломба коюлат. 2 күндөн кийин пломба, өлгөн нерв алынып, ал жер тазаланат. Каналдар атайын паста менен толтурулуп, үстүнө медициналык төшөлмө, пломба коюлат. Эгер төшөлмө коюлбаса, анда инфекция пломбадан өтүп, ал жер кайра ириңдеп кетиши мүмкүн.

Нерви алынып, каналы тазаланган тиш өлүү тишке айланат. Керектүү азык-заттар барбай калгандыктан тиш борпоң тартып, акырындан сынып баштайт. Пульпитти дарылабаса периодонтит келип чыгат. 

Гингивит – тиштин бүйлөсүнүн сезгениши  

Тиш ооруларынын дагы бири – гингивит. Бул бүйлөнүн сезгенишинен пайда болот. Бүйлөнүн сезгенишине эмнелер алып келет?

* Гигиенанын жетишсиздиги. Убагында же жакшылап жуубаган учурларда тиштин артына тамак-аштын калдыктары чогула берет. Алар аягында катып ташка айланып, бүйлөнү сезгентет.

* Өтө катуу тиш жуугуч щётка менен бүйлөнү тыттырып алуу.

* Туура эмес салынган пломба.  

* Жасалма тиш. Өлчөмү чоңураак же кичирээк жасалып калса бүйлөнү өйкөшү же кысып калышы мүмкүн.

* Тиштин артындагы таштар. Булар адамдын канынын курамындагы холестериндин деңгээлине жараша болот. Башкача айтканда, холестерини көптөрдүн тишинде таш жаралат. Мисалы, этти көп жегендерде. Таш калыңдап, көлөмү өскөн сайын тишти түртүп, тишти кармап турган бүйлөлөрдү сезгендирет.

*  Тамак-ашта С витамининин жетишпестиги.

Дартты эмнелерден улам билсе болот?

* Алгач сезгенүү 2-3 тиштин түбүндө башталып, андан кийин бүт бүйлөгө тарайт.

* Бүйлө кызарып, шишимик тартып ооруйт, тиштин арасы канайт.

* Кичине эле катуу нерсе тийсе бүйлө канап, ооз жаман жыттанат.

* Айрым учурда ооздун былжыр челинде кичинекей жаралар пайда болот.

Көпчүлүк адамдар бүйлөсүнүн канаганына маани бербей жүрө берет да, акырында гингивит өөрчүшүп пародонтитке өтүп кетет. Ошондуктан ар бир адам жылына эки ирет тиш дарыгерине барып, текшерилип туруусу керек.

 Дарылоодо тиштин ташы алынат

• Тиштин артындагы таштар алынып, тазаланат.

• Кариести дарылоо, сапатсыз пломбаны алып, ордун жакшысына алмаштыруу жүрөт.

• Өлчөмү туура эмес жасалган жасалма тиш алынып, толук дарылануу бүткөндөн кийин кайра башкасын жасатуу сунушталат.

• Тишти антисептикалык каражаттар, мисалы, хлоргексидин менен чайкоо, дарылык гель сүйкөө колдонулат.

Периодонтит – бүйлө менен кошо байламталардын сезгениши

Периодонтит – бул тиштин тамырын, нервин курчап туруучу ткандардын (периодонт) сезгениши. Башкача айтканда, тиштин бүйлөсүнүн жана тишти жаак менен байланыштырып туруучу байламталардын инфекциядан улам сезгенип, ириңдеши. Тиштин толук талкаланышына жеткирүүчү дарт. Кариес тиштин тамырына чейин жеткендиктен жаракалар кетип отуруп, тиш оюлуп калат.

Ооруну шартточу факторлор

•  Пульпитти дарылатпай коюу. Мындайда тиштин түбүндөгү ириң чаап кетет же пульпитти дарылоодо атайын дарынын 2 күндөн ашык калып кетүүсү.

• Сокку. Тишке, жаакка сокку болгондо, айталы, тиш түшүп же сынып кетсе, байламталар үзүлүп, ткандары сезгенип, ириңдейт.

• Организмдеги ириңдүү дарт. Мындай дартта ириң кан менен барып, байламталарды сезгендирүүсү ыктымал.

• Пульпитти толук дарылабай коюш. Дарылаганда таза тазаланбай инфекция калып калса периодонтит жаралат.

Башкы белгиси – тамак жегенде тиштин оорутушу

Периодонтиттин белгилери бир топ.

• Бир нерсени тиштегенде, тамак ичкенде тиш оорутат. Бирок ысык-суукту сезбейт, анткени сезгенүүдөн улам нерви өлүп калган.

• Тиштин алдына ириң толуп калгандыктан тиш өйдө көтөрүлүп, өсүп кеткендей туюлат.

• Тиштин оюгундагы тамак-аш калдыктары чирип, ооз сасыйт.

• Тиш борпоң болуп, сынып кете берет. 

Айыктыруу ыкмалары

Дарылоодо тиш рентгенге тартылат, каналдар ириңден тазаланат. Оюкка кальций же дарылык паста салынат. Үстүнө убактылуу пломба коюлуп, 2 аптадан кийин келүү керектиги айтылат. Ал убакта ириң жок болот. Кайра келгенде рентгенге тартылып, убактылуу пломба алынып, ордуна биротоло калуучу пломба коюлат. Эгер периодонтитти дарылабаса, ириң жаак сөөктөргө өтүп, ириңдетип, чиритип баштайт (остеомиелит оорусу).

Пародонтит – тиштин тегерегинин сезгениши

Пародонтит – бул тишти курчап жана кармап турган ткандардын терең сезгениши. Дарылатпаса тиш бошоп кыймылдап, бузулуп баштайт да, түшүп калат. 

Себепкери – тамеки чегүү, кант диабети

Дартты козгоочу себептерге тиштин ташы, тишти чанда же туура эмес жуу, кант диабети, иммунитеттин төмөндөшү кирет. 

Тиш кыймылдап, бошоп калат

Дарттын белгилери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

• Тиш жууганда бүйлөлөрдүн канашы.

• Ооздун жаман жыттанышы.

• Тиштин бошоп, шалдырап, этинин качып калышы.

• Чайнагандагы оорутуу.

Кантип айыктырат?

• Тиштин артындагы таштар, тиштеги тактар тазаланат.

• Сезгенүүнү кетирүүчү дары гель, антибиотиктер жазылып берилет.

• Хирургиялык ыкма. Оор учурда тиштин түптөрү (чөнтөкчөлөрү) ачылып тазаланат. Айрымдарга остеопластика сунушталышы мүмкүн. 

Эске алыңыз!

Айтып кетчү нерсе, тиш ооруларын убагында айыктырбаса бактериялар жана инфекция ангинаны, гастрит менен ашказан жарасын, эндокардитке (жүрөк оорусу) чейин жеткирүүсү мүмкүн.

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1237, 4-10-сентябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан