“Актрисалыкка жаңыдан киришкенимде бул кесипти тандап алганым үчүн өкүнүп ыйлаган учурларым болду. Бирок эртеси көзүмдүн жашын аарчып алып кайра жаңы күндү баштачумун” дейт түрк актрисасы Сыла Түркоглу. Бул өкүнүү эмнеден жаралган? “Клюква шербети” сериалы менен популярдуулукка жетип, учурда Түркиянын сулуу да, таланттуу да, суроо-талапка ээ да актрисаларынын катарында турат. Бул популярдуулуктун артында эмне бар, макаладан окуңуз.
Туулган жери: Түркия, Измир шаары
Туулган жылы: 1999-жыл, 18-апрель
Жылдыз белгиси: кой
Бою: 168 сантиметр
Кесиби: актриса, модель
Тартылган тасма-сериалдары: “Доктор: Башка жашоодо”, “Клюква шербети”, “Ыйлаба, апа”, “Ант”, “Аманат” жана башка
Эрке кыз
Сыла Түркоглунун өмүр таржымалы Түркиянын кооз шаарларынын бири – Измирде, 1999-жылы 18-апрелде башталган. Көп балалуу үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген, 2 уул, 4 кыз. Ата-энеси искусстводон алыс адамдар. Сыла үйдүн эң кичүүсү болгондуктан да эркин, эрке болуп чоңойгон. Эмне кааласа баарына уруксат берилчү, андыктан мектепте окуп жүргөнүндө эле кошумча ыр, бий, живопись, театралдык ийрим сыяктуу чыгармачылыкка тиешелүү бардык окуу кружокторуна барып көргөн.
Мектепте бардык тармактан алдыда эле. Музыка мугалими анын келечекте ырчы болорун айтчу. Ал эми дене тарбия мугалими волейболчу болот дейт эле. Аларга кошумча көркөм өнөрчүлүктөн билим берген агайы Сыла келечекте живопись тармагын тандап сүрөтчү болсо ийгилик жаратарын айтып калчу.
Эшик оңой эле ачылган...
Чыгармачылыктын эшиги Сыла үчүн оңой эле ачылган. Сулуу кыздын соцтармактагы сүрөттөрүнө кабылган киноагенттиктин өкүлү ага кат жазып, кастингден өтүп көрүүсүн сунуштаган. Ыр, бий анан да театралдык ийримдерге барган тажрыйбасы кызга жардам берип, 19 жашында “Ыйлаба, апа” сериалында Алев аттуу баш каармандын жаш кезин ойногон.
2019-жылы “Ант” сериалы чыгып, анда жаш актриса төрөлгөндөн майыптар арабасында отурган Суна аттуу каармандын ролун аткарган. Бул образ жаңыдан киного аралашып жаткан кыз үчүн оор ролдордун бири болгон. Аталган сериалда да экинчи пландагы роль тийген. Буга көп капа болгонун күлүп эскерет өзү: “Кичинемден өзүмө карата айтылган сынды көтөрө албаган адаммын. Бирөө мени сындап койсо эле ыйлап, жер карап маанайым түшүп калчу. Актриса болом деген максат жаралганда дароо эле башкы каармандардын ролун ойноп, шумдук популярдуу болуп кетем деп ойлоптурмун. Реалдуулукта андай болгон жок да. Канчалаган кастингге барам, өтпөй калам же экинчи планда болом. Мындай учурда маанайым түшүп, ушул кесипти тандаганыма өкүнүп ыйлап калчумун. Бирок эртеси көз жашты сүртүп алып кайра ишке жөнөйт элем. Ошондо аракетимди токтотуп, башка тармакка кетип калбаганыма азыр өзүмө ыраазы болом”.
Көптөн күткөн атактуулук
Мыкты драмалык актриса боло аларын Сыла Түркоглу “Ант” тасмасынан көрсөтө алды десек жарашат. Анын кинодогу каарманынын моюнуна оорулуу атасына кам көрүү, кошумча мезгилсиз дүйнөдөн өтүп кеткен эжесинин баласына да жоопкерчилик алуу керек болгон. Бул роль ага көптөн күткөн атактуулук алып келгени менен, 3-сезонуна тартылуудан актриса баш тарткан. Себеп: иш процессинин катаалдыгы делген. Продюсердик топ актёрлорго эс алууга мүмкүнчүлүк бербей, ал эмес, ооруп калган учурда да кыйнап тасма талаасында иштетишкен. Тартуучу топ каршы болгону менен, 3-сезондо башка актриса менен алмаштырууга аргасыз болушкан.
Бул долбоордон кеткени жакшы болгонбу, анткени Сыла Түркоглуну дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө тааныткан “Клюква шербети” сериалына чакыруу алган. Дал ушул долбоордогу ролу үчүн алгачкы “Алтын көпөлөк” кино сыйлыгынын “Жаңы жылдыз” номинациясында жеңишке ээ болгон.
Учурда актриса өзүн жаңы амплуада көрсөтүп жатат. Тагыраагы, “Доктор: Башка жашоодо” сериалында медицина кызматкери катары ойноодо. Сериал жаңыдан гана башталды, медицина темасына кызыксаңыз, байкап көрүңүз.
Колун сурады...
“Сулуу кыздын сурагы көп” дегендей, атактуу бойдок кыздын жеке жашоосундагы сырларды билгиси келгендер арбын. “Азыр мен эмнени каалап, эмнени каалабай турганымды так билген керемет жашоо мезгилин жашап жатам” дейт Сыла айым жашоосу тууралуу. Кичинекейинде актёр Окан Ялобыкка ашык болгон экен.
Актрисанын романтикалык мамилелерине токтолсок, 2023-жылы актёр Альп Навруз менен кыска мөөнөткө кыз-жигит болгону маалым. Андан башка белгилүүлөр менен түгөй деген кептерге актриса өзү “жөн гана доспуз” деп жооп берип келген. 2025-жылы сулуунун жүрөгүн багындырган мырза тууралуу расмий маалымат чыкты. Ал адам чыгармачылыктан алыс, ишкерлик менен алектенген Ата Айылдыз аттуу мырза экен. Көп узабай эле бизнесмен мырза актрисанын колун сурап салды, үйлөнүү той качан болору али белгисиз.
Кинодон сырткары...
Кинодон сырткаркы жашоосунда эмне кылат: театрда эмгектенет, андан сырткары фотомодель катары да суроо-талапка ээ. Ал эми жумуштан бош убактысы болуп калса үй-бүлөсү менен көбүрөөк убакыт өткөргөнгө, жок дегенде кенен телефон менен сүйлөшкөнгө аракет кылат. Жер кыдырып саякаттагандан ырахат алат. Илимий китептерди көп окуйт, андан сырткары юридика темасына да кызыгат. “Эгер актрисалык карьерам болбой калса, юрист болмокмун” дейт Сыла Түркоглу.
Асыл Орозбекова