“Бишкек Арена” стадионунда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи дүйнө жүзүнүн көңүлүн бурган окуя болду. Анда дүйнөлүк жылдыздар жана кыргыздын ырчылары өнөр тартуулашты. Аталган аренада “Тоолор” ырын жаңыча аткарып чыккан өзгөчө үндүү ырчы Каныкей менен майрамдык атмосфера, масштабдуу иш-чаранын таасири тууралуу пикир алыштык.
– Салам, Каныкей айым! Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында “Тоолор” ырын ырдаганыңыз өзгөчө кызыктырды. Эмне үчүн дал ушул ыр?
– Саламатсыздар. Алгач эле элимдин ушул тарыхый иш-чарасына, өзгөрүүгө багыт алган көз ирмемине салымымды кошконума абдан кубанычтамын. Чындыгында дүйнө жүзү угуп, суктанып кол чаап турду. Ал эми ачылыш аземде ырдаган “Тоолор” ырына токтолсок, бул ырды мага көп жылдан бери иштешип жүргөн музыкалык көркөм жетекчим Жолдош Апасов сунуштаган. Бул адам бүтүндөй менин чыгармачылыгымдын калемгери. Ар бир ырымдын аранжировкасын жасап, ырларымды шөкөттөп келет. Мага кандай ыр жарашарын анык билет. Ошондуктан анын айтканын эки кылбай ырдап коюп кетип калгам. Дегеним, көп маани берген эмесмин. Кийин улуттук телеканалдын абройлуу бир программасынын музыкасы болуп бекитилип калды. Анан өзүмө да бул чыгарма жаккандыктан радиого берсем элге жакшы өтүп кетти. Айтор, “Тоолор” ырын мен тандабай эле, ал мени өзү алдыга сүрөп чыккан даанышман чыгарма болду. Көчмөндөр оюндарынын ачылышында Аксуубай Атабаевдин обонуна жазылган “Тоолор” чыгармасын аябай ырдагым келди. Элдин көбү жакшы кабыл алды. Анткени легендарлуу чыгарма. Мен болгону азыркы замандын өңү менен шөкөттөп ырдап чыктым.
– Каныкей үчүн тоолордун мааниси кандай?
– Бардык кыргыздардай эле мен үчүн да тоолор бийик жана ыйык. Анткени кыргыз элин тоосуз элестете албайм. Мурда чет өлкөгө чыккан сайын тоо издей берчүмүн. Көрсө, кыргыз үчүн тоо – улуулук тура. Муну мен “Тоолорду” ырдаганда сездим. Адам өмүр бою жашап, бирок жанындагы байлыкты көрө албаса мына ошол – бактысыздык. Ошондуктан адам баласы өзгөнү коюп, өзүнүн түпкү өзөгүн терең билиш керек экен. Кыргызды улут катары санжырасы, үрп-адаты, нукура мүнөзү менен дүйнө эли тааныса деген изги тилегим бар.
– Ачылыш аземинен кийин элдин реакциясын байкадыңыз да. Сизди таң калтырган пикир же сунуш кайсы болду?
– Эл катары эле мен да кыргыз элинин өнүгүп, дүйнөгө таанылууга чоң кадам жасап жатканы үчүн кубандым. Убакыт аз болгондуктан талкууларды деле көп окуган жокмун. Бирок талкуулар болгону ырас, жалпы эл-журт кубанып, өзгөчө бир маанай жаралды.
– Николь Шерзингердин Кыргызстанга келиши, аны менен бир сахнага чыгуу кандай таасир калтырды?
– Николь айым дүйнөгө белгилүү инсан. Биринчи көргөндө аябай суктандым. Анткени дүйнөлүк ырчынын Кыргызстанга келиши, көрсө, реалдуу эле нерсе экен деген ой келди. Демек, биз дагы башка өлкөлөрдөн калышпай өнүгүп жатыптырбыз. Анан дагы эң суктантканы – анын келбети болду. Көрсө, адам баласы, өзгөчө айымдар “жашым өттү” деп өзүн таштап жибербеши керек тура. Айымдар канчага чыкса да чыкчыйып, бой мүчөсү келишип, сулуу болуп өзүн караса болот турбайбы. Мага ушундай мотивация берди.
Албетте, Николь айымдын ачык кийими биздин элге өөн учурашы мүмкүн. Анткени биздин өз маданиятыбыз бар эмеспи. Бирок “сулуулук дүйнөнү сактайт” дегендей, баары бир суктантат экен. Дүйнөлүк жылдыз менен бир сахнада болуу мен үчүн бакыт жана сыймык болду десем болот.
– Чет өлкөгө ушундай маанилүү иш-чараларга чакырылганда кыргыз ырчылары да башкаларды суктанта алышабы?
– Кайсы өлкөгө барсак да улуттун жүзүн жоготпой, кыргыз катары айырмаланып чыксак деген оюм бар. Улуттун жүзүн башка элге таанытуу абдан маанилүү, жоопкерчиликтүү иш. Албетте, ар бир ырчынын өзүнүн өзгөчө стили болот. Ошентсе да кандайдыр бир элемент менен кыргыз экенибизди баса белгилеп коюшубуз керек деп ойлойм.
– Ачылыш аземинен кийин “Кыргызстан өзүнүн артисттерин эле көкөлөтүп чыгарса жакшы болмок” деген да пикирлер айтылды. Сиз буга кандай карайсыз?
– Мындай чечимдер уюштуруучулар тарабынан ойлонулуп, кабыл алынып, бекитилет деп ойлойм.
– Кыргызстандын гимнин аткарган ырчы айым гимндин обонун өзгөртүп ырдады деген сындарга оюңуз...
– Гимнди ар ким ар кандай ырдайт да. Жаштар жаш жүрөгү менен, эркектер эр жүрөгү менен ырдашат. Балакайлар бапылдап, айымдар чыйылдап, айтор, ар ким өзүнө жараша ырдайт. Мамлекеттик гимн дүйнө жүзү карап турганда олуттуу ырдалышы керек эле деп көптөр айтууда. Биз ошого макул болсок керек...
– Кыргыз шоу-бизнесинде азыр талант биринчи орундабы же тааныш-билиш, пиар жана каражатпы?
– Таалай менен тагдырга айла жок тура. Андыктан шоу-бизнесте болобу, үй-бүлөдө же бизнесте болобу, бакыт кушунан көз каранды экен. Жогорудагылардын эч бири эмес, бакыт кушу же фортуна жылмайып деле ийгиликке жеткендер көп.
– Сиз үчүн бакыт эмне?
– Эмнегедир бакытты күткөн адамдар көп. А балким, бакыт адамдын өз колундадыр. Ким билсин, бир ишенгеним – Кудай. Жашоодо андан башка эч кимге ишенип деле болбойт.
– Сиз үчүн популярдуулук маанилүүбү же чыгармачылык эркиндикпи?
– Эркиндик маанилүү. Ар кандай жагдайда, ар жерде эркин болуу – бул чоң бакыт!
Нуржамал Жийдебаева