Акыркы мезгилде кыргыздарды батышты коё тур, береги эле кошуна өлкөлөр шылдыңдап, шыбап, ал гана эмес, ырчы, акын болумушуна чейин ырдап бүтө албай коюшту. Улутка тийишкен ырларды угуп “теңелбейбиз” деген менен, каныбыз кайнаары анык. Эми казак акындарынын айтышында биздин элди эрмек кылып жатканын айтып, айтылуу акын Аалы Туткучев кейип отурду.
– Аалы акын, “Казак акындарына Аалыдан жооп” деген терменин чыгышына эмне себеп болду?
– Казакстанда айтыш качан өткөнүн билбейм, бирок жакында эле алардын Хабар телеканалынан айтышты көрүп калдым. 30 акын чыкса, баары тең кыргыздарды эрмектеп айтышышты. Бир эркек акыны кыз менен минтип айтышып жатат. “Ой, кыргыздан Отунбаева тың чыгып, эркек президенттерди кубалап жүрөт. Сиз да ошондой болуп тың чыгып, эркек акындардын баарын кубалап, кырып салбаңыз” десе, тиги казак кыз ырдап жатат. “Казактын кыз-келиндерин кайдагы бир Отунбаевага теңебе, кыргыздар биздин душманыбыз. Алар Кененсары, Ноорузбайдын башын алып, тарыхта биздин мекенибизди канга боёду эле, эми өздөрүнүн мекени канга боёлуп жатат. Биринчи президентин кубалады, экинчиси өздөрүн атты, чала болот” деп. Муну бир гана айтышкан ал экөө эмес, ар бир акыны айтып өттү. Угуп алып кейидим, муну мен эле эмес, кыргыздын кээ бир интеллигенция өкүлдөрү да угуптур, көрүптүр, кейиптир. Бул ырым 11 мүнөткө созулат. Муну менен мен казак элин эмес, казак акындарына жооп демиш болуп, кыргыздын улуттук сезимин, духун көтөргүм келди. Башыңды көтөр, биз азиялык арстанбыз, тийишкендерди ийинине киргизип келгенбиз, Манастын тукумубуз, ат жалында төрөлүп, ат жалында ойногон элбиз. Ойгонгула, казак ээн талаада жашаса, биз бийик тоонун башында турабыз, бийиктебиз, бийик бололу дегенди айткым келди.
– Казак-кыргыз акындары мурдатан бири-бирин колдоп, тамашалап айтышчу эмес беле?
– 2006-жылы Урал калаасына айтышка барганда Уралдын губернатору: “Айланайын акындар, абайлап ырдасаңыздар экен, сиздер сын айта берип мен 7-орун басарымды алмаштырдым”,- деген эле. Көрсө, Назарбаевдин сөзү бар экен. “Кайсы акимдин кандай иштеп жатканын акындардын оозу аркылуу угам” деген. Президент ошенткенден кийин башкалары акындарын сыйлабаска айла жок да. Казактын акындары көөдөнүн керип алган. Биз аларга барсак “тамак ичип көрбөгөн туздун баркын билеби, кыз көрбөгөн кыргыздар кыздын баркын билеби, жерин саткан кыргыздар жердин баркын билеби, элин аткан кыргыздар элдин баркын билеби?..” дешкенде, өздөрүнө жараша жооп бергенбиз. Анан да бизди басынтып ырдашат. “Казакстанда ар бир казактын үйүндө 10дон кыргыз малай болуп жүрөт, ал-акыбалын сурай кеткиле” деп. Бул жакка келсе башка. Тим эле кыргыздарды мактап жатып калышат, анан кыргызбыз да, алакан чаап жыргай беребиз.
– Демек, биз акындарды сыйлай албайбыз...
– Тарыхтан бери эле казактын хандары баш болуп акындарына баа берип, сыйлап келишет. Мисалы, Абылай хандын жанында Бухар Жырау деген акыны болгон. Боз үйгө кирерде хан акынды төргө өткөрүп жиберет. “Сиз хан болсоңуз, бул акын болсо, эмнеге төргө өткөрүп жибердиңиз?” десе, хандын жообу: “Ооба, мен ханмын, мени эл шайлаган. А акынды Кудай шайлаган, ошон үчүн бул жогору турат” деген экен. А биздики, тескерисинче, бийликти же башканы сындап ырдап койдуңбу, дароо телеканалдарда ал жерин кыркып салышат же таптакыр көргөзбөй коёт. А казактардын мамлекеттик деген телеканалы болсо, минтип кыргыздарды шыбаган айтышты чыгарып жиберишет. Тарыхта акындар туура эмес ырдап, эки элди чабыштырып жиберген учурлар болгон. Ошон үчүн акындар кастыкты эмес, достукту ырдашсын дээр элем.
Анда Аалы акындын термесинен үзүндү келтирели:
Казактын телеканалдан,
Кадимки эле Хабардан.
Айтышка байге сайышып,
Акындар чыкты чабарман.
“Кыргыздар бизге душман- деп,
Кененсарыны чаап алган.
Чала болду кыргызга,
Элди атар ажо таап алган”.
Деп ырдап жатса эфирден,
Сабырым түттү араңдан.
Жакуттан үйгө баксаң да,
Жаман сөз чыгат жамандан.
Уу сөздөр чыкты биз жайлуу,
Эркегинен да, аялдан.
“Бок сөздү токтот, болду!” деп,
Чыккан жок эч ким алардан.Айылына кирип барбасак,
Аялын тартып албасак.
Достукту айтпай акыны,
Домбырасын кучактап,
Долудай неге каргашат?
Жолоочу болуп келгенге,
Кымызы даяр кыргыздын.
Тоноочу болуп келгенге,
Кылычы даяр кыргыздын...Ош окуя башталып,
Элибиз толкуп-ташканда.
Конок пейил кыргыздын,
Койнунан жылан чакканда.
Энелердин көз жашы,
Ээгинен ылдый акканда.
Дүйнөнүн эли кол сунуп,
Жардамын берип жатканда.
Кайышып кетти кабыргам,
Каны бир деген казагым,
Чек арасын жапканда...Кыргызды кул деп эч улут,
Айтпаган көңүл калтырып.
Казактар бизди кул дешти,
Туугандык жолу бар туруп...Айтуучу сөзүң аныкта,
Ар ишке бергин калыс баа.
“Манасты” Чокан жазган” деп,
Баурым, ай, пейлиң тарытпа.
“Манас” бар үчүн Чокандын,
Аты өчпөй калган тарыхта.Казагым, менин асылым,
Кардешим, боорум, жакыным.
Казакты жаман дей албайм,
Акынын айтып жатырым.
Барк алам десе элинен,
Байытыш керек акылын.
Бөрүнү баксаң бир күнү,
Тиш салат тура баары бир...
Бул ырды толугу менен Медиа-порталдын "Аудио" бөлүмүнөн угууга болот.
Бурул Исмаилова
star@super.kg